Атамдын жашоомо ашкере кирише бергени жүдөттү. Жигиттин каты

© Фото / Pexels/ Min AnОтургучта отурган адам. Архив
Отургучта отурган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына атасынын обу жок ашыкча көзөмөлүнөн чарчаган баланын каты жарыяланды.
Саламатсыздарбы, мен 30 жаштамын. Учурда үй-бүлөм бар, эки баланын атасымын. Аялым экөөбүз бири-бирибизди жакшы көрөбүз. Түгөй катары жекече мамилебиз, сыйыбыз да ойдогудай. Бирок таарыныч, урушубуз менин ата-энемдин айынан келип чыгат. Үйдө балдардын эң улуусумун. Менден кийинки карындашым турмушта, ал эми иним мектеп окуучусу. Ата-энем жаш эле, курагы 55ке келип калды. Үйдө эч качан атама өйдө карап, каяша айтып көргөн эмесмин. Бирок ал бардык ишибизге кирише берет. Ошого аялым аябай ачууланып, мага сүйлөнүп калат. Негизинен жубайымдыкы туура болгону үчүн алдап-соолап жайгарганга аракет кылам. Ооба, түшүнөм, ата-эне жакшылык эле каалайт. Бирок кирише турган жана киришпей турган да нерселер бар го. Мен жаш бала эмесмин. Эки баланын атасымын, өз үй-бүлөм, дос-таанышым бар. Ушунун баарын атама айтайын дейм, бирок батына албайм. Аялым болсо "айтпайсыңбы, түшүндүрбөйсүңбү" дейт. Экөөнүн ортосунда калдым дегим келбейт, бирок атамдын чектен ашып мени жаш балача тескегени, киришкени жанга батып кетет. Аялым эмес, кээде достор менен аяштардын алдында аябай намыстанам. Себеби теңтуштар менен шеринеге барып калсам да 10-15 мүнөт сайын эле атам "эмне кылып жатасыңар, баары жакшыбы" деп чала берет. Атама айтпай үйгө конок чакыра албайм. Балдарды аялдары менен чакырсам "төрт сааттан кийин кетир, кетирдиңби" деп чала берет. Төрт сааттан өткөндөн кийин "эми балдар тарагыла" деп келип алып айтат. Анткени мен ата-энемден бөлүнгөнүм менен жакын жашайм. Атайын көзөмөлдөп туруу үчүн мурда эле жакын жерден жер тилкесин алып койгон. Мен үйлөнгүчө баарынын эле атасы ушундай деп ойлочумун. Мурда жаш кезде балдардыкы деле бир аз көзөмөлдөгөнү менен убакыт өтүп, үй-бүлө күткөндөн бери аталары кадимкидей сый, өзүнчө инсан катары мамиле кылат. Айрым досторум атасы менен достой мамиледе. Бир ирет аялымдын толгоосу жакындап мына-мына төрөйт деп турган. Мени айдатып алып атам досторун кыдырып жүрдү. Эч кандай жумушу жок эле эс алып, бакылдашып, бир аз ичимдик ичип да коюп жүргөн. Мен деле унчукпай отургам. Анан кечке маал жубайым ичи ооруп жатканын айтып чалды. Атама түшүндүрүп, мен кете берейин десем "сен баламсың, таң атканча жүрсөм да жанымда жүрүшүң керек. Эмне аялың үчүн мени талаага таштап кетип каласыңбы, апаңа чал жанына барсын" деп досунукунда отуруп алды. Ошондо абдан нааразы болуп, атамды биринчи жолу жаман көрүп кеттим. Эми айта берсем мындай учурлар көп эле. Ушундай абалдан кантип чыгууга болот? Тажап да кеттим.
Баласын жетелеп бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2022
Балам жалгыз болбосо дейм, эрдин да санын көбөйткүм келбейт. Келиндин каты
"Кыргызча психология" долбоорунун мүчөсү, психолог Айнек Муратбекова:
— Саламатсызбы. Ар бир эркек киши ата болгондо өзүн дагы да абройлуу сезет, ошол аброюн баласы аркылуу тастыктагысы же бекемдегиси келет. Сиздин атаңыздан дагы ушул аракет байкалып жатат. Ал киши сиз аркылуу өзүнүн күчтүүлүгүн, бийлик анын колунда экендигин далилдегенге далалат кылып жатат. Балким, атаңыз убагында бул каалоосун иш жүзүнө ашыра албай, учурда да көмүскө каалоосу орундалбай жаткандыр.
Психологияда дагы бир маанилүү учур — сепарация же бөлүнүү. Адам баласынын жашоосунда акыры ата-энеден бөлүнүү, алыстоо убагы келет. Кеп эмоционалдык, психологиялык бөлүнүү тууралуу болуп жатат. Бул учурду ар бир адам башынан өткөрөт. Себеби ал туура жана мыйзам ченемдүү көрүнүш. Кичинекей баланын өмүрү жана коопсуздугу ата-энеге байланышкандыктан, аларга абдан жакын болот. Убакыт өтүп, баланын өз алдынча болуусу шарт. Бул бала үчүн да, ата-эне үчүн да жакшы.
Ата-эне сепарация маалында "Мурда балам мага абдан жакын эле, эмнеге мынча өзгөрдү? Буга ким күнөөлүү? Мени сыйлабай калды. Мага ишенбей калдыбы?" деген сыяктуу суроолорго жооп таппай кыжалат болуп, үстөмдүгүн жана сиздин атаңыздай таасирин күчтөндүрөт. Сепарация бул табигый процесс. Адам үчүн үй-бүлө алгач таанып-билүү булагы болсо, кийин бул аймак кеңейип дос-тааныш көбөйүп, чөйрө кеңеет.
Атаңыз менен түз сүйлөшө албасаңыз, апаңыз аркылуу айттырыңыз. Бул маселе чечилиши керек. "Сэндвич" методун колдонуңуз. Бул кадимки эле кат. Биринчи атаңызды мактаңыз, ал сиздин жашооңузда канчалык маанилүү экенин, ал сиз үчүн барктуу, керек адам экенин белгилеп, анан катыңызда "айткым келет" деген сөздөрдү айтып, аягында аны баалай турганыңызды, сизди түшүнөт деп ишенериңизге ынандырыңыз.
Жашооңузда маанилүү маселелерде атаңыздан кеңеш сураңыз, бирок акыркы чечимди өзүңүз кабыл алыңыз. Ата — аска-зоо деп бекеринен айтылбайт, аталардын көңүлү калбасын.
Гумжардам алып жаткан Баткен облусунун тургундары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2022
Элдин баары аянычтуу, бактысыз көрүнөт. Баткен окуясынан корккон аялдын каты
Жаңылыктар түрмөгү
0