Кыргызстанга жыл башынан бери 6 өлкөдөн 1,2 млн. смартфон алып келинди

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүiPhone 14 смартфондор
iPhone 14 смартфондор - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2022
Жазылуу
Сегиз айда импорттолгон телефондордун жалпы баасы 91 миллион долларды түздү.
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстанга 2022-жылдын январь-август айларында чет өлкөлөрдөн 1 миллион 253,4 миң смартфон алып келинди. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитеттен билдирди.
Импорттолгон телефондордун жалпы баасы 91,1 миллион долларды түзгөн.
Смартфондор алып келинген өлкөлөр:
Кытай — 1,1 миллион;
Индия — 85,1 миң;
Вьетнам — 41,3 миң;
Корея — 15,5 миң;
Казакстан — 4 миң;
АКШ — 180 даана.
Статком өткөн жылдын ушул мезгилинде канча көлөмдө импорттолгону тууралуу маалымат чыгарган эмес, статистикада "смартфон" позициясы быйыл гана пайда болууда.
Автоунаалар токтоочу жайда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2022
Кыргызстанда автоунаа импорту үч эсе өстү. Статистика
Жаңылыктар түрмөгү
0