ЖМК: АКШда өпкө оорулары көбөйүп, балдар ооруканалары толуп калды

© AFP / STEFANI REYNOLDSАКШдагы тез жардам автоунаасы. Архив
АКШдагы тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2022
Жазылуу
Ооруканалар тыным албай иштеп, бейтаптарды кошумча кабыл алуу үчүн чатыр орнотуу боюнча сүйлөшүү жүрүүдө.
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. АКШда респиратордук синцитиаль вирусу (дем алуу органдарындагы инфекцияны козгогон оору) күч алып, балдар ооруканалары толуп калды. Бул тууралуу Hill басылмасы жазган.
Маалыматка ылайык, Хартфорд шаарындагы ооруканалар аталган вирус менен кайрылган кичинекей бейтаптардын көптүгүнөн бир нече жумадан бери тыным албай иштеп жатат.
Учурда медиктер Улуттук гвардия жана Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча федералдык агенттик (FEMA) менен калган бейтаптарды кабыл алуу үчүн чатырларды орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы айтылды.
"Бизде балдар үчүн жандандыруу бөлүмүндө чоңдордукундай көп орун жок. Анткени көп учурда алар керек болбой калат", — деген балдар ооруканаларынын биринин дарыгери Хуан Саласар.
Анын айтымында, ооругандардын саны сентябрдын башында өсө баштап, дароо көбөйүп кеткен. Нью-Хейвендеги балдар ооруканасында аталган дарттын түрү менен акыркы жумада эле кайрылгандардын саны 57ден дароо 106га өскөн. Коронавирус менен ооругандарды кабыл алган медициналык жайларга да күнүнө үчтөн кем эмес бөбөк түшүп жатканы кошумчаланды.
NBC телеканалынын маалыматы боюнча, респиратордук-синцитиалдык вирустан улам Калифорния, Иллинойс, Массачусетс, Түндүк Каролина жана Род-Айленд штаттарындагы медициналык жайлар да күчөтүлгөн тартипте иштөөдө.
Гамбургер жеп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2022
Адис жаштардын ден соолугун талкалаган негизги факторду атады
Жаңылыктар түрмөгү
0