Азык-түлүк коопсуздугу камсыздалуу, күйүүчү май кымбаттабашы керек. Маек

© Sputnik / Табылды КадырбековСупермаркеттеги кардар. Архив
Супермаркеттеги кардар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2022
Жазылуу
Өлкөдөгү баалардын өсүшү ар бирибизге таасирин тийгизип, ойлондуруп турат. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана наркын кармап туруу жаатында жасалып жаткан иштердин маанилүүлүгү да артууда.
Sputnik Кыргызстан редакциясындагы талкууда Монополияны жөнгө салуу агенттигинин төрагасынын орун басары Женалы Орозбаев, Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Данияр Жанузаков болду.
— Дүйнөдөгү акыркы окуялардан улам азык-түлүккө болгон баалар өсүп жатат. Аны ооздуктоо үчүн кандай аракеттер көрүлүүдө?
Женалы Орозбаев: — 20-30 жылдан бери инфляция болбогон батыш өлкөлөрүндө баалардын өсүшү байкалууда. Ага сырткы жана ички факторлор таасир этип жатат. Бул факторлордун бири — Россия менен Украинадагы кырдаал. Ошол эле учурда Кыргызстандагы абалга келсек, көп азык-түлүк сырттан келип, импортко көз карандыбыз. Баанын өсүшүн алдын алуу жана алардын корун кармап туруу үчүн былтыр Монополияга каршы кызмат Айыл чарба министрлиги, ун өндүрүүчүлөр менен бирге меморандум түзүп, министрлер кабинетине сунуштаган. Бардык кошумча нарк салыгын нөлгө барабар кылуу ишке ашты. Мисалы, кээ бир продукциялар боюнча 31-октябрга чейин, айрымдары 31-декабрга чейин узартылган. Ушул аралыкта сырттан товар ташып келүүчүлөрдөн кошумча нарк салыгы алынбайт.
© Sputnik / Табылды КадырбековМонополияны жөнгө салуу агенттигинин төрагасынын орун басары Женалы Орозбаев
Заместитель председателя Службы антимонопольного регулирования при Министерстве экономики и коммерции КР Женалы Орозбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2022
Монополияны жөнгө салуу агенттигинин төрагасынын орун басары Женалы Орозбаев
— Айыл чарба министрлиги кээ бир азыктарды сыртка чыгарууга тыюу салып келген. Бул жолу андай тоскоолдук жокпу?
Данияр Жанузаков: — Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында өлкөдө көп иш-чаралар жасалып жатат. Кээ бир азыктарга март айынан сентябрга чейин алты айлык мөөнөткө чектөө киргизилген. Учурда мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу чектөө жок. Кайра аны киргизбегенибиздин себеби экспорттук потенциалды да жандандыруу керек. Экинчиден, эң керектүү социалдык азыкка кирген кумшекер (110 пайыз), өсүмдүк майы (18 пайыз), дан азыгы (74 пайыз) менен камсыздап турабыз. Бул — тогуз айдын керектөөсү. Жылдын акырында кумшекер менен 40 пайыз жабдыйбыз деген план бар. Азыр кант кызылчасын оруп-жыйноо иштери жүрүп, кайра иштетүүчү ишканалар да ишин баштады. Сырттан чийки сырьёну алып келүүдөн да кошумча нарк салыгы алынган. Шекер да эки жол менен өндүрүлөт. Өлкөгө чийки камыш кантын алып келип өндүрсөк да ал ички өндүрүшкө кирет. Чет өлкөдөн алып келинген 48 тонна камыш канты кайра иштелип, ички рынокко сатылууда. Өсүмдүк майы да ушул жол менен өндүрүлөт. Буларга деген кошумча нарк салыгы 2025-жылдын 1-январына чейин нөлгө түшүрүлгөн. Мындан тышкары, үч тараптуу келишимдин негизинде ар бир кайра иштетүүчү ишкананын кампасында 2000 тонна чийки зат сакталып турушу керек. Ал ишканалар менен өндүрүүчүлөрдүн ортосундагы келишим боюнча кластердик ыкмада иш алып барууда. Муну менен экспортко да жол ачылып, келерки жылы канча көлөмдө, кайсы азыктар себилиши керектигин сүйлөшүп жатабыз. Азыр буудайга жана өсүмдүк майына убактылуу чектөө киргизүү министрлер кабинетине сунушталды.
— Айыл чарба министрлиги бааны кармоо үчүн мамлекеттик резервден товарды рынокко чыгарып, абалды жөндөп турчу. Азыр резервдин абалы кандай?
Д.Ж.: — Антимонополия агенттиги менен дайым кызматтабыз. Кумшекердин баасын да арзандатууну сүйлөшүп жатабыз. Негизинен мамлекеттик резервде азыктын 90 күндүк запасы болуп турушу керек. Бүгүнкү күндө резерв толук.
— Баа саясатын көзөмөлдөө үчүн сунушталып жаткан мыйзам долбоору азыр кайсы стадияда?
Ж.О.: — Бул мыйзам долбоору — ак ниет иш алып барган компаниялардын ишине тоскоолдук жаратпайт, тескерисинче, атаандаштыкта таза иш алып барууну сунуштайт. Кимдир бирөөлөр жасалма жол менен бааны көтөрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Ишкерликти мыйзам аркылуу көзөмөлдөп кийлигишүү эмес, болгону чарбалык багытта кылган иш-аракеттеринин декларациясын, маалыматын алып турууга бизде мүмкүнчүлүк болот. Учурда алардан маалымат ала албайбыз. Азыр түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Буга чейин "бизди толук көзөмөлдөп калат экен" деп чочулагандар бул мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн экенин түшүнүштү.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылынын тургуну, ишкер Эркинбек Кадиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2022
Жаңгактын майын чет элдиктерге 1 200 сомдон сатып жатабыз. Ишкер менен маек
— Мыйзамга ылайык, бир айдын ичинде баалар 20 пайыздан ашса гана жөнгө салынат. Бул пайыздык көрсөткүч азайтылабы?
Ж.О.: — Мыйзам менен бул өзгөртүлөт. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде ал бүгүн иштеп жатат. Баалар кескин өскөн учурда мамлекет жөнгө салууну киргизе берет. Бир айдын ичинде 20 пайыздан жогору болсо жана ал 2-3 айга чейин сакталып турса деген маселе бар. Былтыр монополияга каршы агенттик көмүргө, шекерге жана өсүмдүк майына жөнгө салуу иштерин жасады. Быйыл да көмүргө киргизилиши мүмкүн. Долбоор даяр. Мында биз сатуучунун да кызыкчылыгын карайбыз, анткени ал да пайда көрүшү керек. Болбосо ташып келбей калат.
— Күйүүчү майдын баасы дагы өсүшү мүмкүн деген коркунуч жаралып жатат...
Ж.О.: — Жыл этегине чейин баа көтөрүлөрүн айтуу кыйын. Анткени Россия менен түзүлгөн былтыркы келишимде бир миллион 200 миң тонна (650 тонна бензин, 550 тонна солярка) күйүүчү-майлоочу май алууга кол коюлган. Ал келишим учурда толугу менен иштеп жатат. Азыркы мезгилде Россия кошумча төлөмдөрү жок берип жатат. Алар газдын миң кубун Европага 1500дөн 2000 долларга чейин соодалап баштады. Ошол эле учурда бизге мурунку түзгөн баа — 149 доллардан сатууда. Маселенин баары рубль менен алып калганыбызда. Бир убакта рубль өсүп, күйүүчү май да кымбаттаган. Азыр баа төмөндөдү. Нефтетрейдерлер менен сүйлөшүп, алар да бааны кармоодо. Ошол себептен күйүүчү майлар дароо өсүп кетет деген коркунуч жок.
— Ал эми калган азык-түлүктөргө болгон баанын келечеги кандай болот?
Д.Ж.: — Быйылкы жылы оруп-жыйноо иштери жакшы, түшүм мол болду. Бул атаандаштыкка жол берип, баанын улам түшүшүн шарттайт. Баа өсүп кетпеши үчүн айыл чарбасын өнүктүрүүгө бюджеттен быйыл 26 миллиард сом каралган. Бул 14 багытка бөлүнгөн. Ага ирригация системасын оңдоо иштери, үрөндөрдүн сапатын жакшыртуу, минералдык жер семирткичтерди, лизинг аркылуу айыл чарба техникаларын жана асыл тукумдуу мал алып келүү кирет. Бул айыл чарба коопсуздугун аныктоо, лабораториялык системаны оңдоого да жумшалат.
© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Данияр Жанузаков
Заведующий отделом продовольственной безопасности Министерства сельского хозяйства Данияр Жанузаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2022
Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Данияр Жанузаков
— Баалар өссө азык-түлүк тартыштыгы жаралбайбы?
Д.Ж.: — Жаралбайт. Анткени келишимге ылайык, көп азыктар Россия Федерациясынан келет жана кайра өндүрүүчү ишканалар менен эки жактуу келишим бар. Ал документ 2023-жылдын күзгү оруп-жыюу мезгилине чейин түзүлгөн.
Май айынан бери үчүнчү өлкөлөрдөн квотанын негизинде 105 миң тонна импортко каралган кумшекер жер-жерлерде сатылып жатат. Бул өлкөнүн 70 пайыз муктаждыгын камсыздайт. Сырттан чийки заттарды алып келип кайра иштетүү жумуш ордун түзүү менен кошумча нарк салык жок болгондуктан ишкерлерге пайдалуу болууда. Мунун баары азык-түлүк тартыштыгына алып келбейт. 2023-жылдагы оруп-жыйноо иштерине да мамлекеттик материалдык резервге үрөндөр сатылып алынды, учурда күздүк айдап себүүгө таратуу иштери жүрүп жатат. "Айыл банк" жана РСК банк аркылуу үч жылдык мөөнөт менен берилүүдө. Андан тышкары жаздык айдап себүүгө да тиешелүү көлөмдө алынып келинген. Алар февралда таратылат жана азыр кайсы аймакка, канча көлөмдө, кандай сорттогу эгин керектиги аныкталууда.
Эт багыты боюнча Салык кодексинде берене каралган. Асыл тукум малдарды экспорттоого кошумча нарк салык салынбайт. Бул тармакка да лизинг аркылуу эң төмөнкү алты пайыз менен жети жылдык мөөнөткө мал алса болот. Азыр Нарын, Ысык-Көл, Чүй өрөөнү асыл тукум малдарды көп алып жатат.
Анан да жашылча-жемиштер, эт, сүт, картошка менен өзүбүздү толук камсыздай алабыз жана экспортко потенциал бар. Бул долбоорго насыялар каралган.
Тоок эти акыркы убакта өтө көп колдонулганына байланыштуу тиешелүү көлөмдө өздүк камсыздоо азайып кетти. Себеби өлкөдө тоок багытын өндүрүүчү ишканалар аз. Анан да эт азыктарынын импортуна сырттан көп ташылган консервалар да кирет. Учурда тоок багытын өркүндөтүүнү колго алууга сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Кластердик ыкма менен дагы кетебиз. Бул ыкмадан жыйынтык чыгарууга бери дегенде 3-4 жыл керек. Азыр тогуз кластер түзүлгөн, келечекте ал жемиштүү болот деп ишенем.
— Жер семирткич менен камсыздоодо маселе жаралбайбы? Анткени дүйнөдө тартыштык болууда?
Д.Ж.: — Жер семирткичтер Мамлекеттик материалдык резервде чоң көлөмдө сакталып турат. Жер-жерлерден керектөөсүнө жараша буюртмалар кабыл алынып жатат. Монополия коюп берген баа менен сатылат. Мындан тышкары, үрөндөр да ушул жол менен жеткирилет.
— Ал эми баалардын түшүп кетиши боюнча да сиздер иш алып барасыздарбы? Мисалы, төө буурчактын баасы төмөндөп жатат...
Д.Ж.: — Биздин министрлик азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо менен алектенет. Ал эми ички экономикалык соода-сатык иштери боюнча Экономика министрлиги иш алып барат. Ошол эле учурда аталган министрлик менен кайсы азык-түлүктүн экспорттук потенциалы бар экени жана ага талаптар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз.
Ж.О: — Бааны биз көзөмөлдөбөшүбүз керек. Эркин атаандаштыкта суроо-талап көбөйсө эле баа көтөрүлөт же тескерисинче болот. Негизи бул классикалык экономиканын принциптеринин бири. Ар дайым бааны жасалма көтөрүп же түшүрүүгө болбойт. Американын ыкмасы боюнча, рынок экономикасында, мисалы, 80ден 110 сомго чейинки баага (килограммы — ред.) мамлекет киришпейт. Андан төмөн болсо гана компенсация берет. Бул кийинки жылы дыйкандар ал азыкты өндүрбөй койбошу үчүн жасалат. Мал чарбачылыгына да ушундай субсидия каралган. Эгер баа белгилүү бир көрсөткүчтөн ашып кетсе мамлекет керектөөчүлөрдүн укугун бузбоо үчүн чектөө киргизет. Кайсы бир деңгээлде Кыргызстан да ушуга барышы керек. Мисалы, 30 жылдан бери жер кыртышын эрозияга алып келдик. Суу жетпей калган же которуштуруп айдоо жок. Анын баарын калыбына келтирүүгө бир топ жыл кетет. Бюджеттен айыл чарбасына бөлүнгөн 26 миллиард сом тогуз багыттагы кластердик ыкмага пайдаланылат. Ага жер кыртышын оңдоо да кирет. Дыйкандар өз жерин которуштуруп айдоодон жаңылып калды. Бул да көйгөй, анткени азык-түлүк кооптуулугуна түртөт. Андан улам баа өсөт, мунун баары бири-бирине байланыштуу.
Азык-түлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2022
Эл эмнеге даяр болушу керек? Өлкө экономикасынын утушу менен кем-карчы. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0