Жаңгактын майын чет элдиктерге 1 200 сомдон сатып жатабыз. Ишкер менен маек

© Фото / из личного архива Эркин КадироваЖалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылынын тургуну, ишкер Эркинбек Кадиров
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылынын тургуну, ишкер Эркинбек Кадиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2022
Жазылуу
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылынын тургуну Эркинбек Кадиров токойдон терилген жаңгактан май чыгарып Японияга чейин экспорттоодо. Ал эми өндүрүштүн калдыктарынан малга жем даярдай баштаган.
Элеттик ишкер менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.
© Фото / из личного архива Эркин КадироваКадиров: Арстанбаптын айланасынын баары жаңгак токою болгондуктан элдин көбү жаңгак менен тиричилик өткөрөт
Предприниматель из села Арстанбап Эркинбек Кадиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2022
Кадиров: Арстанбаптын айланасынын баары жаңгак токою болгондуктан элдин көбү жаңгак менен тиричилик өткөрөт
— Сиз жашаган аймак жаңгактын мекени катары көпчүлүккө белгилүү. Канча жылдан бери ал мөмө-жемиштен май чыгарып келесиз?
— Арстанбаптын айланасынын баары жаңгак токою болгондуктан элдин көбү жаңгак менен тиричилик өткөрөт. Ар бир үй-бүлө жыл сайын эки тоннага чейин жаңгак чогултат. Түшүм жыйнабагандар кышкысын жаңгак чагып иштеп, тыйын табат. Айылда таза, шарт түзүлгөн эки чоң цех бар, ар биринде 30дай адам иштейт. Алар жергиликтүүлөрдүн жыйнаган жаңгагын тазалап чагып беришет же бир килограмм жаңгакты 120 сомдон алып кайра иштетишет. Биздин үй-бүлө да сезон маалында бир тоннага жакын жаңгак, эки тоннадай алма терет. Ошондой эле дыйканчылык менен дагы алектенебиз. 30 жылдан ашык убакыттан бери жаңгактын майы менен иштеп келебиз. Чакан ишканабызды мен, атам, иним үчөөбүз чогуу иштетебиз. 90-жылдардын башында ачылган үй-бүлөлүк бизнестин аркасында бир топ эле тажрыйба топтоп калдык. Алгачкы май чыгарган жабдууну атам өзү ширетип, тетиктерин чогултуп жасап чыккан. Башында өзүбүздүкүн жана элдердин жаңгагын майга тартып жүрдүк. Ага чейин негизинен бизде күн карамадан өсүмдүк майын алышчу. Кийин 2018-жылы бир эл аралык уюмдан каржылык колдоо таап, Европадан май чыгарган жабдууларды алдыртканбыз. Өзүбүз болсо тамак-аш азыктарын чыгарууга мүмкүн болгондой шарттары бар имаратты курдук. Ишкананы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө сыяктуу бир катар мекемеден келип текшерип, бизге май чыгарууга уруксат беришти.
— Жаңгактан майды кантип чыгарасыздар, машакаты көп эле болсо керек?
— Жаңгак терилгенден кийин акысын төлөп тазалыкты сактаган, шарты бар адамдарга чактырабыз. Негизи толук кургаган жаңгакты тартканда өтө сапаттуу май чыгат. Ошондуктан анын нымдуулугун текшеребиз. Эгер жакшы кургабаган жаңгакты тартып жиберсек, бөтөлкөгө куюлгандан кийин мөөнөтүнө жетпей ирип кетет. Биз элден маңыздын майдаларын 150 сомдон (кг) алабыз. 10 килограмм маңыздан жети литр май, үч килограммдай калдык чыгат. Тартылган майды 15 күн тундуруп коебуз. Эгер 10 литр майды тундурсак, түбүндө тунуп калган эки литрди албай, сегиз литрди фильтрден өткөрөбүз. Андан соң бөтөлкөлөргө куюп оозун бекитпей бир нече күн коюп коебуз.
© Фото / из личного архива Эркин Кадирова

Кадиров: 10 килограмм маңыздан жети литр май, үч килограммдай калдык чыгат

Кадиров: 10 килограмм маңыздан жети литр май, үч килограммдай калдык чыгат - Sputnik Кыргызстан
1/3

Кадиров: 10 килограмм маңыздан жети литр май, үч килограммдай калдык чыгат

© Фото / из личного архива Эркин Кадирова

Кадиров: жаңгак терилгенден кийин акысын төлөп тазалыкты сактаган, шарты бар адамдарга чактырабыз

Кадиров: жаңгак терилгенден кийин акысын төлөп тазалыкты сактаган, шарты бар адамдарга чактырабыз - Sputnik Кыргызстан
2/3

Кадиров: жаңгак терилгенден кийин акысын төлөп тазалыкты сактаган, шарты бар адамдарга чактырабыз

© Фото / из личного архива Эркин Кадирова

Кадиров: Европага жакшы тазаланган, таңгакталган маңыздар жөнөтүлүүдө

Кадиров: Европага жакшы тазаланган, таңгакталган маңыздар жөнөтүлүүдө - Sputnik Кыргызстан
3/3

Кадиров: Европага жакшы тазаланган, таңгакталган маңыздар жөнөтүлүүдө

1/3

Кадиров: 10 килограмм маңыздан жети литр май, үч килограммдай калдык чыгат

2/3

Кадиров: жаңгак терилгенден кийин акысын төлөп тазалыкты сактаган, шарты бар адамдарга чактырабыз

3/3

Кадиров: Европага жакшы тазаланган, таңгакталган маңыздар жөнөтүлүүдө

— Май чыгарууда чийки заттан чыккан калдыктарды эмне кыласыздар?
— Май тартылганда чыккан калдыктардын килограммын 30-40 сомдон сатабыз. Аны малчылар байлоодогу уй, букаларга берип жатышат. Ал эми кабыктарын толук иштетүүнү учурда ойлоно элекпиз. Бирок азыр аны айылдаштар от тутандырганга мүшөктөп сатып алып колдонуп жүрүшөт. Бул да болсо айлана-чөйрөнү, бак-даракты кыйбай оокат кылганга жол ачууда.
— Жаңгактын өзүн саткандан көрө майын саткан алда канча кирешелүү болсо керек. Чийки затты кайра иштетип сатыкка чыгарганда канча сом болуп калат?
— Ооба да. Бул жактагылар ушуну жолго салганда бир топ эле киреше көрөт элек. Былтыр жаңгактын баасы 80 сомдон башталып, азыр 95 сомго чыкты. Тазаланган маңызы болсо 350-400 сом болууда. Кайра иштетүүдөн кийин 250 миллилитр май 350 сомдон, бир литри 1 200 сомдон сатылууда. Арстанбапка келген чет элдик эс алуучулар кубануу менен эле сатып алып жатышат. Азыр чоң көлөмдөгү буюртмаларды аткарганга жарап калдык. Мисалы, бир айда эки тонна май чыгарганга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Себеби сырье катары колдонулган жаңгак өзү да узак убакыт сакталат. Эл түшүмдү жыйнап коюп жылы бою сата беришет. Май чыгарганга жаңгак түгөнүп калды деп биз отуруп калбайбыз. Жергиликтүүлөрдүн да аны жакшы баада сатышына мүмкүнчүлүк болуп, алардан таза маңыздын килограммын 500 сомдон ала баштайт элек.
© Фото / из личного архива Эркин КадироваКадиров: Японияга жыл башында алгач 200дөй бөтөлкө жибергенбиз, дагы 1 200 бөтөлкөгө буюртма бергени турушат
Предприниматель из села Арстанбап Эркинбек Кадиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2022
Кадиров: Японияга жыл башында алгач 200дөй бөтөлкө жибергенбиз, дагы 1 200 бөтөлкөгө буюртма бергени турушат
— Сиздердин продукцияны чет элдиктер кандай баалап жатышат, алдыда пландарыңыз кандай?
— Жаңгактын майы эки-үч жылга чейин сакталып, өз даамын, сапатын жоготпойт, тунук болот. Аны өзүбүз да тамак-аш жасаганга колдонуп келебиз. Биз жакта азыр бул майды күнүмдүк жашоодо кеңири колдонушат. Японияга жыл башында алгач 200дөй бөтөлкө жибергенбиз, дагы 1 200 бөтөлкөгө буюртма бергени турушат. Ал жактагылар биздин продукцияны жогору баалап, сапатына жакшы баа берип жатышат. Азыр майдын сырткы жасалгасын, таңгактаганды жакшыртууну ойлонуштуруп жатабыз. Европага болсо жакшы тазаланган, таңгакталган маңыздар жөнөтүлүүдө. Майларды Россияга да чакан көлөмдө жибергенбиз, азырынча алардан жооп келе элек. Кудай буюрса алдыга жыла беребиз.
Выпускница вуза в Венгрии Аида Мусаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2022
Венгрияда окуган Аида: Кыргызстандын айылдарын өнүктүрүү жолун изилдедим
Кондитер Канышай Аскерова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2021
Торт жасап, далайды баккан Канышай: мекенде иш турса сыртка ашыгып кереги жок
Жаңылыктар түрмөгү
0