Карызды кайтаруучу мезгил келди. АКШ экономикасы эмнеге кептелет?

© AP Photo / Mary AltafferНью-Йорк биржасынын жанындагы адам. Архив
Нью-Йорк биржасынын жанындагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2022
Жазылуу
Батыш талдоочулары америкалык экономика бир жыл ичинде рецессияга кабыларын боолголоп жатышат. Ашынган инфляцияны ооздуктоо үчүн бийлик пайыздык ченди улам көбөйтүүдө.
Анткен менен дал ушул аракет жумушсуздукту күчөтүп, экономиканын төмөндөшүнө кептеп жатат. Жакын арада Кошмо Штаттарды экономикалык жактан эмне күтөрүн талдаган Ирина Красикованын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Bloomberg агенттигинин экономисттери АКШда келерки жылдын дал ушул айында экономика кейиштүү абалда болорун ишенимдүү айтып жатышат. Рекорддук инфляциянын айынан өндүрүш көлөмү төмөндөйт. Сентябрда бул көрсөткүч жылдык эсебинде 8,2 пайызды түзгөн.
Океандын ары жагындагылар мындайга дегеле көнгөн эмес. Соңку он жылдыкта баа ар он эки айда эки пайызга чукул өсүп турган. Бирок жаңы жагдайлар белди бекем бууганга аргасыз кылууда. Адамдар тамак-аш, бензинди үнөмдөөгө өттү. Тиричилик чыгымдарынын бир тобу бензинге сарпталат.
Америкалыктардын дээрлик жарымы кымбатчылыкка Жо Байденди айыпташууда. Бирок мамлекет башчысы мындай дооматтарды четке кагып, Калифорнияда күйүүчү майдын бир галлону "дайым жети доллар турганын" мисал келтирет. Анын бул сөзүнө республикачылар катуу таң калышты.
Байден президент болгондон бери беш доллар да өтө кымбат деп саналганын какшыктоо менен белгиледи сенатка бул партиядан талапкерлердин бири Марк Мейзер. "Сиздин саясатыңыз улутту талкалап жатканын түшүнгөн да жоксуз", — деп кошумчалаган ал социалдык медиадагы баракчасында. Саясатчылар бензин орто эсеп менен төрт доллардай кымбаттаганын эскертишти.
"Укмуш иш, Байден, рекорддук кымбат баага жетүүгө көмөктөшкөнүңүз үчүн ырахмат", — деп чымчый сүйлөдү Республикачылардын Калифорниядагы канатынын төрайымы Эессика Миллан.
Байдендин экономикалык кеңешчиси Сесилия Роуз анын айткандарын четке кагып, бааны ооздуктоо күрөшүндө көрүлгөн чаралар майнаптуу болгонун кайталайт. Анын баамында Кошмо Штаттар бөлөк өлкөлөргө караганда азыраак экономикалык жабыр тартты.
Бирок Федералдык резервдик тутумдун ыргагы ыкчам инфляцияга каршы кызуу күрөшүнөн улам аналитиктердин кооптонуулары күчөдү. Өлкөнүн экономикалык жөнгө салуучусу акча саясатын кескин түрдө өзгөрттү. 21-сентябрда эсептик ченди үчүнчү ирет көтөрүп, 3-3,25 пайызга жеткирди. Мындай көрсөткүч 2008-жылдан бери катталган эмес.
Федералдык резердик системанын мындай чечими өлкөнүн экономикасын катуу солгундатат. Жөнгө салуучу пандемия каптагандан тарта долларды чектен чыккан көлөмдө басып чыгара баштаган. Кийин акча-насыялык саясаты ченди кескин жогорулатуу аракети менен алмашты.
"Мунун баары Кошмо Штаттарда өндүрүш көлөмүн төмөндөтүп, чекене сооданын азайышына алып келет. Ички дүң өндүрүм 2023-жылдын биринчи жарымында эле нөлдүк көрсөткүчтөргө түшөт", — дейт "Финмир" маркет аянтчасынын эл аралык каржылык рыноктору боюнча адиси Георгий Свирин.
Талдоочулар америкалык экономикадагы көйгөйлөр жаңы эле пайда болбогонун, бир топ жыл бою топтолуп отурганын белгилешет. Чет өлкөлүк эксперттердин көбү өлкө 2008-жылдагы каатчылыктан чыга электигин да айтышат.
"Маңызында биз азыр күбө болуп жаткан нерселердин баары — өлкөнү жөн эле акчага "сугарып салган" америкалык бийликтин аракеттеринин натыйжасы. Анан да 40 жылдан бери каттала элек рекорддук инфляция, калктын реалдуу кирешесинин төмөндөшү, ипотека боюнча пайыздык чендин көбөйүшү буга кошул-ташыл болгон. Анын үстүнө турак жай насыялары — бардык, айрыкча, АКШнын экономикасынын кыймылдаткычы", — дейт Практикалык инвестициялоо мектебинин негиздөөчүсү Федор Сидоров.
Европа биримдигинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Европа сүйлөшүүгө даяр болуп калгандай. АКШ буга бышып-жетиле элек

Баары жабыр тартчудай...

Федералдык резервдик тутум мындан ары да пайыздык ченди көбөйтөрүн жоромолдойт эксперт. "Бул калк жана бизнестин алына жараша берилчү насыялардын баарына чекит коеру түшүнүктүү. Натыйжада керектөө талабы да төмөндөп, экономиканы кыйла солгундатат", — деп түшүндүрөт ал.
Дүйнөдөгү энергетикалык ресурстар, металл, айыл чарба сырьесунун кымбаттыгы да кырдаалды ого бетер курчутат. Мындан көйгөйлөрдүн баарын акча саясатын катаалдатуу менен чечүүгө болбойт. Мындан тышкары, Кошмо Штаттарда социалдык сектордун да, тактап айтсак, жумушсуздук жөлөк пулу, медицина, билим берүүгө кеткен чыгымдарды кыскартуу тууралуу көптөн бери сөз болууда.
Анан да державада транспорттук жана коммуналдык инфраструктура да начарлап барат. "Америкалык өнөр жай жана машина куруу борбору Детройт азыр эмнеге айланып калганын эле караган жетиштүү, — деп мисал келтирет Сидоров. — Азыр калаа кыяматтан кийинки абал тууралуу фильмдерди эске салат. Бизнес бул аймактан эбак эле көчүп кеткен".
Американын экономикасынын кыйын абалда экенин былтыр эле каржы министри Жанет Иеллен эскерткен. Бирок анда инфляцияны тездеши боюнча гана сөз жүргөн. Жөнгө салуучунун кескин чаралары америкалыктарга гана таасир этпей турганын жазат The Atlantic басылмасы. "Глобалдык экономика башаламан абалда жана бул иретсиздик улам күчөп барат. Акыркы кезде АКШ Федералдык резервдик тутум бааны жөнгө салуу үчүн пайыздык ченди көбөйтүүдө. Система мамлекеттин ичинде инфляцияны басаңдатууга кудуретсиз, бирок ал дүйнө жүзүнө кыйынчылыктарды жаратууда", — дешет басылманын авторлору.
Федералдык резервдик тутумдун катаал акча саясаты инвесторлорду долларга облигация сатып алууга мажбурлоодо. Ал эми бул өз кезегинде башка акча белгилерине начар таасир этет. Нарксыздандырылган улуттук валюталары менен рецессияга кабылып жаткан өлкөлөр мамлекеттик карызды да төлөй алышпайт. Анын айынан улуттук банктар да үстөк пайызын жогорулатат. Жыйынтыгында бул экономиканын абалын начарлатат.
"Анткени дүйнөлүк Ички дүң өндүрүмдүн (башкача айтканда, дүйнөдө жыл ичинде өндүрүлгөн бардык товар жана көрсөтүлгөн кызматтардын) 40 пайызын Кошмо Штаттар керектейт. Кейиштүүсү, америкалык экономикадагы каатчылык глобалдык рецессияны "тутантып" кое алат. Ал түгүл бул эбак башталган", — деп белгилейт Сидоров.
Ал ортодо АКШнын мамлекеттик карызы да катуу жогорулоодо. Ал 31 триллион долларлык рекорддук чектен да ашты. Негизинен муну ички милдеттенмелер түзөт. Азырынча америкалык экономика — дүйнөдө эң ири, ал эми доллар — резервдик валюта, ошондуктан чочулоонун кажети жок экенин айтышат аналитиктер.
Анткен менен карызды тейлөө чыгымдары да кымбт. 2029-жылга чейин ал 8,1 триллион долларды түзүп калары жоромолдонот. Азырынча жол табышты. Жо Байден бюджеттик чыгымдарды азайтууну мурдатан пландаган.
"2014-жылы Европанын чет жакасындагы өлкөлөрдөгүдөй карыз каатчылыгына кабылса да инвесторлор АКШнын мамлекеттик облигацияларын сатып алууга киришишет. Ошону менен аларга да, америкалык валютага да талапты кармап турушмакчы. Доллар жакынкы айларда бекемдеп, куну өсүшү да мүмкүн", — деген оюн айтат Георгий Свирин.
Практика көрсөткөндөй, дүйнөлүк инвесторлор каатчылык маалында каражаттарын долларда кармайт. Мындайдан баары эле дароо баш тарта албайт. Бардык нерсе АКШ экономикасына катуу чырмалган. Эл аралык эсептердин 41 пайызы америкалык валюта, ал эми евро менен 35,5 пайызы жүргүзүлөт. Бул багытта алдыңкы сапка чыккан үчтүктү фунт стерлинг (6,45 пайызы) толуктайт.
АКШ жана ЕБ желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2022
Кытайда Европанын эсине келип АКШга сес көрсөтө баштаган белгиси айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0