Россия аскери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Европа сүйлөшүүгө даяр болуп калгандай. АКШ буга бышып-жетиле элек

© AP Photo / Virginia MayoЕвропа биримдигинин желеги. Архив
Европа биримдигинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2022
Жазылуу
НовостиTelegram
Энергетикалык саясаттын өзгөрүшү менен ЕБ экономикасынын жүгүн тартып келе жаткан Германия россиялык көгүлтүр оттон куру калып, анын кесепетинен өнөр жайы кыйраганы турат.
Өткөн аптада Батыштын үлкөн саясатчылары Киев бийлигин катуу ойго сала турган бир нече билдирүү жасады. Алардын ар бирине баам салган Давид Нармания дегеле сүйлөшүүлөргө мүмкүнчүлүк бар-жогун талдап көргөн. Серепчинин макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Алгачкылардан болуп Эммануэль Макрон Москва менен Киевге мүмкүн болушунча тез арада сүйлөшүүгө барганы оң экенин айтты. "Украина муну сөзсүз аткарууга милдеттүү", — деп белгиледи ал. Эртеси күнү ал Россия Украинада өзөктүк курал колдонсо, Франция андай кадамга барууга ниети жоктугун билдирди.
Андан соң анын Твиттердеги баракчасына: "Биз үчүнчү согушту каалабайбыз", – деп жазды. Бирок Макрон кийинчерээк Париж Владимир Зеленскийге өз территориясында каршылык көрсөтүүгө көмөктөшүүнү улантарын кошумчалады.
Ошондон соң Франция президенти Киевге CAESAR өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүшүн жөнөтөрүн айтты. Эске салсак, дал ушундай куралдан Украина Куралдуу күчтөрү азыр россиялык Донецкини аткылоодо.
Макрондун артынан европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Боррель сөз алды. Башында ал Украинага Россия тарабынан өзөктүк сокку урулса, Батыштын өзөктүк эмес, бирок өтө күчтүү аскердик жообу берилерин билдирди. Көп өтпөй ал кеп россиялык армиянын толук жок кылынышы туурасында экенин тактап өттү.
Анткен менен The Wall Street Journal басылмасынын журналисти ысымы аталбаган бир европалык үлкөн дипломат кесиптешинин билдирүүсүн четке какканын Твиттердеги баракчасына жазып чыккан. Ал маектешинин: "Ыйгарым укуктары жок туруп жооптун варианттары жөнүндө айтат. Ал буга жооп бербейт, жооп берүүгө анын мүмкүнчүлүктөрү да жок. Биз таң калып гана калдык", — деген сөзүн келтирген.
АКШдан бири-бирине каршы келген билдирүүлөр келет. Албетте, Ак үйдөгүлөр Байден Индонезияда өтө турган Чоң жыйырманын (G20) саммитинде Владимир Путин менен жолугууну пландабаганын маалымдашты. Ошол эле убакта Пентагон башчысы Ллойд Остин НАТО азыркы жаңжалга тартылбай турганын баса белгиледи.
Ал эми Түндүк атлантикалык альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг уюмдун уставынын бешинчи беренесинин эч пайдаланылбай турганын айтты. Анда бир мүчөсүнө кол салуу бүтүндөй альянска кол салуудай кабылданары жазылган. Айтор, блокко тездетилген режимде кабыл алуу тууралуу өтүнгөн Зеленскийге салам дубай жолдоду.
Альянстын бардык мүчөлөрүнүн өзөктүк кооптуулуктун жоктугу тууралуу айткандарына карабастан НАТО "Россиянын чек араларынан 600 миль аралыкта" өзөктүк машыгуу өткөрүүдө. Анын Корея эл демократиялык республикасында коё берилген ракеталарга байланыштуу экенин текшерген бир киши табылары арсар.
АКШ жана ЕБ желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2022
Кытайда Европанын эсине келип АКШга сес көрсөтө баштаган белгиси айтылды
Мындай билдирүүлөрү менен Батыш жаңжалдын дипломатиялык жол менен чечилишин тездетпейт. Украин бийлиги менен сүйлөшүүлөр бул жаңжалга себеп болгон көйгөйлөрдү чечпейт. Зеленскийдин, албетте, сүйлөшүүгө отурууга мүмкүнчүлүгү бар, бирок өтө аз. Ал эми Батыштын да катышуусу үчүн Россияга бир шарт зарыл: жаңжал созулуп кете турган болсо, Европанын өз суверенитетинен ажырап калуу коркунучун туйганы оң.
Энергетикалык саясаттагы чечкиндүү өзгөрүүлөр Европадагы күчтөрдүн тең салмактуулугун өзгөртөт. Маселен, Европа биримдигинин экономикасынын жүгүн тартып келе жаткан Германия россиялык көгүлтүр оттон куру калып, анын кесепетинен өнөр жайы кыйраганы турат.
Мындай шарттарда Берлин экинчи планга жылууга мажбур болуп, ал эми алдыга энергетикалык ресурстар менен жабдылып жаткан өлкөлөр, биринчи кезекте Польша чыкты. Аталган республика Норвегиядан газ алууда. Канцлер Олаф Шольц бул сценарийдин олуттуулугун туюп турса да андан кеп салбайт.
Европа биримдигинде тескөө тизгинин өткөрүп берүү жалпы жонунан Евробиримдиктин нарксызданышы менен коштолот. Украина кризисинде каалаган жыйынтыкка жетишсе, Кошмо Штаттар Кытайга каршы аракет үчүн тышкы саясатынын негизги векторуна Азия-Тынч океан аймагын коёт. Бул үчүн AUKUS альянсы да түзүлгөн эмеспи. Анын курамына АКШ, Улуу Британия жана Австралия кирет. Анда НАТОнун азыркы калыбындагы маңызы гана жоголбостон, өзү да түккө арзыбай калат.
Украинадагы атайын операциясы ийгиликтүү жыйынтыкталса, Россия үчүн бир нече көйгөй чечилет. Бирок эзелки европалык лидерлердин чабалданышы жана жаңылардын пайда болушу мурдагыдай эле кооптуулук туудурат.
Дал ушул үчүн Кремль Париж менен Берлин кычыраган кышка кабылганча дипломатиялык жол табууга умтулат. Ал жакта социалдык толкундоолор болсо, бийликке АКШнын кол куурчактары эмес, суверенитеттин тарапташтары келип калышы да ыктымал. Ошондуктан Владимир Путин Европаны көгүлтүр от менен камсыздоо үчүн "Түндүк агым — 2ни" иштетүүгө, Түркияда жаңы газ хабын түзүүгө басым жасайт.
ОПЕК+ уюмунун жакындагы чечими дагы бир ирет мунай жана газ рынокторун Россия АКШга караганда кыйла ишенимдүү көзөмөлдөй турганын көрсөттү. Анан да өткөн аптада россиялык лидер Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин лидерлери: Бириккен Араб эмирлигинин президенти Мохаммед ибн Заид Аль Нахайян, Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Тани жана түркиялык кесиптеши Режеп Тайип Эрдоган менен кезикти.
Ошол жолугушууларда айтылган билдирүүлөр Кремлдин энергетикалык рыноктогу ордунун бекемдигин жана Жакынкы Чыгыш менен алакасы жакшы экенин гана эмес, дал ушул өлкөлөрдүн Батыш менен сүйлөшүүлөрдү уюштурууда ортомчулугу болушу мүмкүн экенин айгинелеп койду.
Азыркы баскычта Вашингтон али буга даяр экенин айтыш кыйын. Ак үйдүн позициясын өзгөртүү үчүн эки жагдай зарыл: алдыдагы шайлоодо демократтардын жеңилиши жана согуш талаасында Киевдин утулушу. Экөө тең аткарылып калышы ажеп эмес.
Вашингтондогу Капитолий имаратынын алдында АКШнын Улуттук гвардиясынын жоокери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2022
Америкалык тарыхчы: АКШ Россия, Кытай жана Иранга бир учурда каршы тура албайт
Жаңылыктар түрмөгү
0