Коомдун дооматы, окуучунун класска батпаганы чарчатат. Мугалимдин күндөлүгү

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүСабак өтүп жаткан мугалим. Архив
Сабак өтүп жаткан мугалим. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2022
Жазылуу
Мугалимдердин маянасы көтөрүлүп, коомчулуктун мамилеси да өзгөрүп жатат. Окутуучунун баркы көтөрүлсө экен дейбиз. Бул үчүн педагогдор да изденип, болгон билимин окуучусуна берүүгө, мыктылыгы менен үлгү болууга далалат жасашы керек.
Sputnik Кыргызстан редакциясы окутуучулардын үнүн коомго жеткирүү, бүгүнкү күндү алардын көзү менен карап көрүү максатында "Мугалимдин күндөлүгү" рубрикасын сунуштап келет. Мында ар бир мугалим мектептеги, коомдогу жүрөгүн өйүгөн, кесибине байланышкан маселелерди кагаз бетине түшүрүп, окурман менен ой бөлүшө алат.
Бул сапар Бишкектин орто мектептеринин биринде башталгыч класстарга сабак берген мугалимдин күндөлүгүн сунуштайбыз.
...Көз ачып-жумганча чыдамсыздык менен күтүп жүргөн жайкы эс алуулар да өтүп кетти. Кайрадан жаңы окуу жылы башталып, адаттагыдай иш шарданына агып баратабыз. Быйылкы окуу жылыбыз адаттан тыш окуучунун саны көп болгону менен өзгөчөлөнүп жаткан. Ага кошул-ташыл Баткенде болгон тажиктердин кол салуусу да сестендирип өттү. Ансыз да сан жагынан мектептин пландык көлөмүнөн ашып жатканда быйыл окуучулар дагы көбөйдү. Бул жагдайлар, албетте, бизге аябай таасирин тийгизет. Чогулуштарда кайра-кайра айтып, жетпей жаткан парталардын, отургучтардын маселесин улам козгоп жаткан кезибизде "дүң" эткен башка кабар бизге желдей жетти. Билим берүү жана илим министринин кармалышы биз үчүн күтүлбөгөн окуя болду. Буга кандай карап, кандай мамиле кылышты билбейсиң. Ак-карасын сот чечер.
Өткөн дем алышта базардан керектүү майда-чүйдө алайын деп маршруткага отурдум. Ичи жык толгон каттам базарга жеткичекти жолдогу тыгындардан улам-улам токтой берип бир топ убакытты алды. Ичиндеги жүргүнчүлөр да кыларга иши жок ар кимиси ар кандай кептин учугун чубай баштады. Арасынан бирөө: "Ботом, жанагы билим министри тимеле кудайды карабай пара алып жаткан жеринен кармалыптыр го", — дебеспи. Жанындагысы дароо эле жиреп: "Ой, ооба десең, эмне деген шумдук. Министриң ушинтип жатса, мугалимдериң деле андан кем калбайт. Жанагы жетинчиде окуган неберемдин мугалими тажатып эле акча сурай берет экен. Балык башынан сасыйт деген ушу да", — деп шыпшынып өттү. Мугалимдерди бир топко жамандашты. Бул сөздөр бүткөн боюмду дүркүрөттү. Муунум калчылдаганын башкаларга билдирбегенге аракет кылып жаттым. Канчалык өзүмдү карманганга тырышсам, ошончолук жаалым сыртка чыкчудай болуп жатты. Акыры чыдабадым. "Эже, небереңизден эмнеге акча сурап жатыптыр мугалими, себебин сурадыңызбы?" — деп жибердим. Мени оңурая карап алды да: "кайдан билейин, китеби дейби, журналы дейби, айтор, эки күндүн биринде эле акча сурап тажатты. Айлыгын көбөйттү деп жатты беле. Ошондо да буларга жетпейт окшойт. Илгери китепти өкмөт бекер эле берчү. Капкайдагы шылтоо менен эле ушинтип акча сурап калган эмне жакшылык. Көрсө кеп министрде турбайбы", — деп дагы наалыды. Өзүмдү кармап: "Эже, мектеп да китепти сатып алат же кээ бир китептер жетишсиз. Иштин чоо-жайын билип анан ортого салыш керек. Мугалимдин айлыгын көбөйткөн. Бирок сиздин небереңиз үчүн китептин ижарасын мугалим өз чөнтөгүнөн төлөй албайт. Министрди сиз кармап алган жоксуз да, чынбы? Жөн эле оозго келген сөздү айта бергенге болбойт. Аны ушак дейт. Мен да мугалиммин. Эгер мугалимдер элдин эсебинен жашаса минтип маршруткага түшпөйт болчумун", — деп сыпаа сөзүн бөлдүм. Мага акшырая карап дагы бирдеке дейин деди эле жанындагысы нукуп койду.
Маршруттан түшүп калдым. Ой деги эмне болуп кетишээр экен. Ак-караны териштирбей эле көңүл оорутмай, ушак кылмай, шылдыңдамай ар бир кишинин күнүмдүк иши болуп баратканы бир кыжалат кылса, министрдин окуясы бир түйшөлтөт. Андан дагы ар дайым "атка жеңил, тайга чак" баягы эле мугалимдин сөзгө калып жатканына аябай капа болдум. Же ошол чогулган акчадан биз бир тыйын алсакчы. Кенедей маяна алып пол жууган эжелерге, кароолчуга жана балдардын китептерине же класстык тазалык каражаттарына кетет. Жакында эле мугалимдердин майрамы болду. Ага деле мугалим акча сурабайт. Азыр педагог жебеген самсы үчүн "токмок жей берип" коркуп калган. Айрым ата-энелер 200 сомдун тегерегинде кичине белек кылышат экен. Ошону да социалдык тармакта талкуулап, өз майрамыбызда жаман сөздөрдү угуп жаттык. Мамлекет пол жууган, мектепти кайтарган кызматкерлердин маянасын көтөрүп, мектепти толук камсыздап берсе биз да ушундай жаманаттыдан кутулат элек. Талапты бизге эмес жогору жакка койгула. Биз билим берүү менен алектенип жүрсөк кубанат элек.
Анан мектептин саны көбөйсө экен деп тилейм. Класста окуучунун көбү мугалимдин саламаттыгына жана билим сапатына да таасир этет. Баарына жетишүү мүмкүн эмес болуп калат, аябай чарчайсың. Окуучуларга да кыйын. Ушунун баарын ойлонуп бара жатып, эмнеси болсо да өлкөдө тынчтык болушун тиленип жолумду уладым.
Мугалим мектепте сабак берүү учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2022
Саат кыскарды, айлыгыбыз эмне болор экен?.. Мугалимдин күндөлүгү
Жаңылыктар түрмөгү
0