Акылбек Жапаров жол коопсуздугун камсыздоо боюнча бир нече тапшырма берди

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевМинистрлер кабинетинин жыйыны
Министрлер кабинетинин жыйыны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2022
Жазылуу
Жол кырсыктарынын ичинен жөө адамдарды сүзүп кетүү фактысы эң көп катталган.
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин жыйынында жол коопсуздугун камсыздоо боюнча кошумча чаралар кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
ИИМ талдоо жүргүзгөндө жол кырсыгынын негизги түрлөрү төмөнкүлөр экендиги аныкталган:
жөө жүргүнчүлөрдү сүзүү — 42,1 пайыз (1803 факты);
автоунаалардын кагышуусу — 36,6 пайыз (1567);
автоунаалардын оодарылуусу — 7,2 пайыз (308);
тоскоолдуктарды сүзүү — 5,9 пайыз (257);
велосипедченди жана токтоп турган автоунааны сүзүү — 1,6 пайыз (72).
Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдарга төмөнкү тапшырмалар берилди:
Ички иштер министрлиги жол эрежесин системалык түрдө жана одоно бузган айдоочуларды талдоо негизинде автомектептердин рейтингин аныктап, жыйынтыгын жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын;
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кызыкдар мамлекеттик органдар менен биргеликте кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн, башка процесстердин алдын алуу жана алардын автожолдордогу кесепеттерин жоюу боюнча өз убагында чараларды көрсүн;
Саламаттыкты сактоо министрлиги автомектептерде жана ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүндө жол кырсыктан жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча практикалык сабактардын графигин иштеп чыксын;
Бишкек — Нарын — Торугарт жана "Бишкек — Ош эл аралык маанидеги жолдордо алгачкы медициналык жардам көрсөтүүчү кошумча медициналык пунктуларды түзсүн;
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, ИИМ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жол белгилеринин баары коюлушун, алар жарыктандырылып, жол чырактар болушуна аудит жүргүзүшсүн. Зарыл болгон объектилерди орнотуп, алмаштырып жана реконструкцияласын;
ИИМ, ӨКМ, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана жергиликтүү бийлик менен бирдикте жолдордун кооптуу участокторун жоюу боюнча чараларды көрсүн.
Бишкек милициясынын Кайгуул кызмат башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, милициянын майору Айбек Жумагулов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2022
Радио
Жумагулов: кырсыктаган айдоочулардын көбү жол эрежесин, белгилерди билбейт
Жаңылыктар түрмөгү
0