https://sputnik.kg/20220926/bishkek-shaary-jol-kyrsygy-sebebi-aldyn-aluu-kaiguul-kyzmaty-1068307555.html
Жумагулов: кырсыктаган айдоочулардын көбү жол эрежесин, белгилерди билбейт
Жумагулов: кырсыктаган айдоочулардын көбү жол эрежесин, белгилерди билбейт
Sputnik Кыргызстан
Бишкек милициясынын Кайгуул кызмат башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, милициянын майору Айбек Жумагулов өткөн жылга салыштырмалуу автокырсыктардын саны... 26.09.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-09-26T11:39+0600
2022-09-26T11:39+0600
2022-09-26T11:39+0600
радио
бишкек
кырсык
унаа
алдын алуу
жол кайгуул кызматы
айбек жумагулов
https://sputnik.kg/img/07e6/09/1a/1068307849_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_849f1f57609a1dd4d43bddd73ac76731.jpg
Жумагулов: кырсыктаган айдоочулардын көбү жол эрежесин, белгилерди билбейт
Sputnik Кыргызстан
Жумагулов: кырсыктаган айдоочулардын көбү жол эрежесин, белгилерди билбейт
Бишкек шаарында окуу мезгили башталгандан тартып мектептердин ар бирине кайгуул кызматы милициянын офицердик курамынан экиден кызматкерин бекитет. Себеби борбордо дал ушул мектептердин айланасында кырсыктар көп катталат. Аларды азайтуу максатында унаа кыймылы көп болгон шаардын көчөлөрүндө жаңы белгини (шумовая разметка) колдонуп жатабыз. Бул тууралуу Айбек Жумагулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, кайгуул кызматы жана "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы шаардын жашоочуларынын кайрылуусу менен өтмөктөрдө ылдамдыкты азайттыруу үчүн "жасалма тегиз эмес жол" коюп беришүүдө.Ал учурда шаар ичиндеги коомдук маршруттук унаалардын иши да көзөмөлгө алынганын кошумчалады.
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/09/1a/1068307849_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_37464797e47697533ca0d3bbb1683cfc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
бишкек, кырсык, унаа, алдын алуу, жол кайгуул кызматы, аудио, айбек жумагулов
бишкек, кырсык, унаа, алдын алуу, жол кайгуул кызматы, аудио, айбек жумагулов
Жумагулов: кырсыктаган айдоочулардын көбү жол эрежесин, белгилерди билбейт
Бишкек милициясынын Кайгуул кызмат башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, милициянын майору Айбек Жумагулов өткөн жылга салыштырмалуу автокырсыктардын саны көбөйгөнүн айтты.
Бишкек шаарында окуу мезгили башталгандан тартып мектептердин ар бирине кайгуул кызматы милициянын офицердик курамынан экиден кызматкерин бекитет. Себеби борбордо дал ушул мектептердин айланасында кырсыктар көп катталат. Аларды азайтуу максатында унаа кыймылы көп болгон шаардын көчөлөрүндө жаңы белгини (шумовая разметка) колдонуп жатабыз. Бул тууралуу Айбек Жумагулов
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кайгуул кызматы жана "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы шаардын жашоочуларынын кайрылуусу менен өтмөктөрдө ылдамдыкты азайттыруу үчүн "жасалма тегиз эмес жол" коюп беришүүдө.
"Бишкекте катталган жол кырсыгынын себептери айдоочулардын маданияты жана билиминин төмөндүгүнөн болуп жатат. Күбөлүктү алып жаткан айдоочу жол кыймылынын эрежелерин жакшы окуган эмес. Мисалы, жол кырсыгы катталганда ошол жерден эле ал учурду каттап, материалды эксперттик кароого жөнөтөбүз. Көпчүлүк учурда айдоочулар кырсыкка ким күнөөлүү экенин билбей, жадагалса бирин-бири да күнөөлөй албай калышат. Алардан сурай келсек, басымдуулугу жол белгилерин билбейт. Кимиси башкы жолдо, кимиси экинчи жолдо бара жатканын түшүнбөйт. Бирок автомектептерге талаптар күчөтүлгөндөн кийин азыркы курсанттар өз күчү менен окуп, айдоочулук күбөлүк алып чыгууда. Бул жаатта ар кандай аталыштагы рейддерди өткөрүп жатабыз. Алсак, тыгындарды азайтуу менен андагы кырсыктарды болтурбоо боюнча өздүк курам иштеп жатат", — деди Жумагулов.
Ал учурда шаар ичиндеги коомдук маршруттук унаалардын иши да көзөмөлгө алынганын кошумчалады.