Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ибраев: Баткенде 519 үйдөн башкасына электр жарыгы берилүүдө

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын Электр жабдууларын оңдоо жана пайдалануу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Жолдошбек Ибраев
Кыргызстан улуттук электр тармагы ААКтын Электр жабдууларын оңдоо жана пайдалануу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Жолдошбек Ибраев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2022
Жазылуу
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын Электр жабдууларын оңдоо жана пайдалануу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Жолдошбек Ибраев кышка даярдык иштери тууралуу айтып берди.
Электр энергиясын жеткирип берүү боюнча кышка даярдык иштери план боюнча жүрүп жатат. Бул тууралуу Жолдошбек Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Ибраев: Баткенде 519 үйдөн башкасына электр жарыгы берилүүдө
Анын айтымында, Баткенде чек ара жаңжалынан улам үзгүлтүккө учураган электр жарыгы калыбына келтирилген.
"Сентябрдагы чек арадагы коогалаңдан улам Баткенде 32 калктуу конушта электр энергиясы өчүп, Баткен жана Лейлек району боюнча жалпы 13 миң 235 абонент электр жарыгысыз калган. Иштин күчөтүлүшүнүн натыйжасында жараксыз деп табылган 519 үйдөн башкасына электр энергиясы берилди. Ал үчүн 17 трансформатор алмаштырылып, чубалгыларды оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Ал эми 519 үй курулуп бүтсө аларга дагы электр жарыгын жеткирип берүүгө даярбыз. Мындан тышкары, республика боюнча кышка даярдык иштери план боюнча жүрүп жатат. Негизги жабдыктар оңдоп-түзөлдү, учурда кошумча жабдыктар оңдолууда. Ошондой эле улуттук электр тармагынын жер-жерлердеги мекемелеринин кышка даярдыгы текшерилүүдө. Анын жыйынтыгы менен кышка даяр деген паспорт берилет", — деди Ибраев.
Ошондой эле ал бөлүштүрүүчү компаниялар улуттук электр тармагына бириктирилгенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0