Бала кезден арманын көлгө айтып... Акын Жолдошбай Абдыкалыков тууралуу 9 факт

© Фото / из семейного архива АбдыкалыковыхАкын жана котормочу, басма иштерин уюштуруучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жолдошбай Абдыкалыков
Акын жана котормочу, басма иштерин уюштуруучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жолдошбай Абдыкалыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2022
Жазылуу
Улуттук адабиятыбыздын гүлдөө доорун түзгөн "алтымышынчылардын" тобуна "Жашоо бүтпөйт", "Ак толкундар" менен кошулган Жолдошбай Абдыкалыковдун ырлары жөнөкөйлүгү, мекенчилдик жана атуулдук позициясынын күчтүүлүгү менен айырмаланган.
Биз бүгүн акын жана котормочу, басма иштерин уюштуруучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жолдошбай Абдыкалыковдун жеке турмушу жана чыгармачылыгы тууралуу сөз кылабыз.
Таштак айылында туулган. 1935-жылы 21-майда азыркы Ысык-Көл районунун Таштак айылында жарык дүйнөгө келген. Азыр Ысык-Көл боюндагы кыштак Жусуп Абдырахманов атындагы айыл округуна карайт. Жаркынбаев айылы деп да айтылат. Өз курбалдаштары сыяктуу эле балалыгы Улуу Ата Мекендик согуш учуруна туш келип, 1942-жылы урушта каза болгон атасынын образы өмүр бою ыр-поэмаларында гана калды.
Кароол-Дөбөдөгү балалыгы. Согуш жылдарында мектепке кирген. Ал мектеп 1932-жылы салынган Кароол-Дөбө мектеби деп аталган, 1938-жылы жети жылдыкка айландырылган (азыркы Жалий Бейшекеев атындагы орто мектеп). Ошол мектептин Кароол-Дөбөдөн Ананьевого кеткен жол боюнда Салих деген татар директору тиктирген багы боло турган. Азыр да карт дарактары турат. Жолдошбай Абдыкалыков мына ошол бактын ичинде, дарактарга атасыз калган арманын айтып, көл жээгине барып ак толкундарга ыйлап жүрүп балалыгын өткөрдү да, 1953-жылы мектепти бүттү. Мектепти бүткөн соң дароо эле окууга жолу ачылбады: айылында колхоздо бир аз иштеди, Балыкчы шаарындагы эт комбинатында жумушчу болуп жүрдү.
© Фото / из семейного архива АбдыкалыковыхЖолдошбай Абдыкалыков үй-бүлөсү - жубайы Сурмакан, уулдары Канатбек, Турарбек, кызы Айнура менен
Поэт, переводчик, заслуженный деятель культуры Кыргызской Республики Жолдошбай Абдыкалыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2022
Жолдошбай Абдыкалыков үй-бүлөсү - жубайы Сурмакан, уулдары Канатбек, Турарбек, кызы Айнура менен
Университеттеги жылдары. 1954-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине келип кирди. Бул окуу жайы адабий чөйрөнүн өзгөчө жайы болуп, ар кыл чыгармачылык ийримдер иштеген. Ошол ийримдерде кызыл-чеке болуп талашып, талкуулашкан студент "кыйындар" көп өтпөй эле кыргыз адабиятынын мыктыларына айланып калган. Алар: бир курстан Бексултан Жакиев, Ашым Жакыпбеков, Жалил Садыков, Сарман Асанбеков, Камбаралы Бобулов, Сейит Жетимишев, Жанболот Абдраимов, Эрнис Турсунов, Мырзабек Тойбаев, булардан кийинки курстан Жолдошбай Абдыкалыков, Эсенгул Ибраев, Кадырбай Мамбетакунов ж.б. болгон. Ошол жерден Жолдошбай Абдыкалыков ыр жазууну үйрөнүп, биринчи "Добуш берем" деген ыры 1956-жылы жаштардын "Ленинчил жаш" газетасына басылып чыккан. Бир топ ырлардын автору болгон ал 1959-жылы университетти аяктап, бир аз мезгил Фрунзе шаарындагы №9 орто мектепте мугалим болуп иштейт.
Өмүрүнүн көбүн басма сөз тармагында өткөргөн. Ал 1960-жылдан тарта "Ленинчил жаш" газетасында, балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Жаш ленинчи" журналында иштейт. Кийин 1976-1988-жылдары "Кыргызстан пионери" газетасында башкы редактор болуп, балдар басылмасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон. Өзү балдар үчүн чыгармаларды жазып, дүйнөлүк балдар адабиятынын мыкты мурастарын которуп турган. 1933-жылы негизделген бул газетанын популярдуулугу жана нускасы ошол жылдарды өтө жогору болгон.
© Фото / из семейного архива АбдыкалыковыхЖолдошбай Абдыкалыков "Ден соолук" журналынын редактору Исабек Исаков менен
Поэт, переводчик, заслуженный деятель культуры Кыргызской Республики Жолдошбай Абдыкалыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2022
Жолдошбай Абдыкалыков "Ден соолук" журналынын редактору Исабек Исаков менен
Жыйырмадай ырлар жана поэмалар жыйнактары чыккан акын. Жолдошбай Абдыкалыковдун "Жылдызстан" (1961), "Бакыт гүлдөрү" (1963), "Жашоо бүтпөйт" (1965), "Кош жылдыз" (1967), "Ак толкундар" (1968), "Түнкү серенада" (1969), "Таштагым менин, Таштагым" (1970), "Теребел" (1971), "Дүйүм дарак" (1973), "Көпүрө" (1976), "Тандалмалар" (1978; 2005), "Көз ирмем" (1981), "Мажүрүм тал" (1983), "Кереметтүү көл" (1984), "Жолдор" (1985), "Балалыктын жылдары" (1988), "Мезгилдер" (1991) деген ырлар жана поэмалар жыйнактары жарык көрүп, өткөн кылымдын 60-80-жылдарына эң активдүү иштеген акын катары таанылган. Орус тилинде Москванын "Молодая гвардия" басмасынын 1977-жылы "Белые волны", Фрунзеден 1985-жылы "Чудесное озеро" деген жыйнактары да басылган. Кыргыз поэма жанрынын көрүнүктүү чыгармалары "Жашоо бүтпөйт" жана "Ак толкундар". Жолдошбай Абдыкалыков поэма жазуунун мастери болгон. Эң көп поэма жазган автор. Анын "Жашоо бүтпөйт", "Ак толкундар" поэмалары тематикалык жактан бири-бирин улайт. "Ак толкундар" үчүн ал 1970-жылы ошол кезде жаштар үчүн берилүүчү кадыр-барктуу Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгын алган. Бул чыгармаларда согуштун жаш балдарга тийгизген таасири, Батыштагы улуу уруштун Көл боюндагы бир баланын жүрөгүн тилип өткөн залакасы абдан таасирдүү, жөнөкөй тил менен жазылган. "Жашоо бүтпөйттө" лирикалык каармандын майданга кеткен атасы анын элестөөсүндө "Чарт үзүлгөн чарык жибиндей, караанын үзүп кетти билинбей, каш-кирпиги, шайдоот элеси, көз алдымда күнү бүгүндөй". Анан ошол атасын күтүү окуялары, санаркоолору, таарынычтары "Атасы келди тиги Сарынын, атасы келди Турсунаалынын, атам келбей жүрө береби, атасы келсе деле баарынын?" деген жөпжөнөкөй саптар менен берилет. "Ак толкундарда" болсо акындын лирикалык каарманы Ысык-Көл менен кезиккенде ичине сырын каткан толкундарга "Кайда үмүттөр, кайда андагы сүйүүлөр, кайда жаштар кызгалдактай гүлдөгөн, гүл кучактап, шибер кечип буралып, согуш, өлүм, кыйналууну билбеген" дегендей өз тагдыры менен байланыштуу адамдар – Айсалкын, Абыкай, Каалы эне, Камбарбектин энеси, Эсекенин энеси Зуура ж.б. айылдаштарын сурап чыгат. Сүйүктүү жана тагдырлаш Ысык-Көлүнө "Сен эмнеге баарын ичке катасың, сен эмнеге тымпыясың, жатасың, айтпайсыңбы, ачык сөзүң ааламга, адамзаттын көрүп туруп катасын" деп андан ары жалпы адамзаттык суроолорду, антисогуштук ураандарды коёт.
© Фото / из семейного архива АбдыкалыковыхЖолдошбай Абдыкалыков пионерлер менен жолугушуу учурунда. Ал балдар үчүн чыгармаларды жазып, дүйнөлүк балдар адабиятынын мыкты мурастарын көп которгон
Поэт, переводчик, заслуженный деятель культуры Кыргызской Республики Жолдошбай Абдыкалыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2022
Жолдошбай Абдыкалыков пионерлер менен жолугушуу учурунда. Ал балдар үчүн чыгармаларды жазып, дүйнөлүк балдар адабиятынын мыкты мурастарын көп которгон
Көптөгөн таланттарга жардам берген. Алардын бири тууралуу тележурналист Гүлмира Кулумбаева автокырсыктан улам биринчи топтогу майып болуп калган акын атасы Өмүркул Кулумбаевге кандай көмөк көрсөткөнүн мындай айтат: "Жолдошбай аяш ата чоң, залкар акындардын, адабиятчылардын чөйрөсүнө кошту, китептеринин чыгуусуна жардам берди. Таягы кулап кетсе – таягын, көңүлү түшсө – көңүлүн көтөрө билди. Экөөнүн досчулугу тууралуу чоң сөз кылууга туура келет". Өзгөчө "Кыргызстан пионери" газетасында иштеген кезде көптөгөн таланттардын, мектеп окуучуларынын тушоосун кесүүгө ортомчу болгон.
Котормочу жана прозачы. Кыргыз адабиятынын текчесин котормолору менен байыткан Жолдошбай Абдыкалыков бангладеш акындарынын, Латын Америка, Куба акындарын ыр-поэмаларын которуп кыргызча чыгарган, ошондой эле котормо китептеринин арасында Г.Минскийдин, Н.Шумаковдун, Б.Пактын, Марти Хосенин, А.Аль-Хамисинин, Ж.Дилмуратовдун жыйнактары бар. Ал гана эмес стилдик жактан ар түрдүү акындар В.Маяковский, С.Есенин, Т.Шевченко сыяктуу залкарлардын ырларын кыргызчалаган. Өзүн кара сөздө да сынап көрүп, 1966-жылы "Эсиңдеби" деген новелласы, 1982-жылы "Сүйүү жазы" аттуу повесттер жыйнагы окурмандарга тартууланган.
© Фото / из семейного архива АбдыкалыковыхОшол кездеги иш-чаралардын биринде. Сүрөттө — Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев жана акын Жолдошбай Абдыкалыков
Поэт, переводчик, заслуженный деятель культуры Кыргызской Республики Жолдошбай Абдыкалыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2022
Ошол кездеги иш-чаралардын биринде. Сүрөттө — Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев жана акын Жолдошбай Абдыкалыков
Көп ырларына обон чыгарылган. Алардын ичинде Үсөн Сыдыков обонун жазган "Агарып аткан таңымсың" деген ырды өз кезегинде Жолдубай Кайыпов ырдап чыккан. Эрмек Керимбеков чыгарган "Таштагым, менин Таштагым" деген ыр да бир айылдын гимни сыяктуу ырдалып жүрөт.
Акындын ысымы эскерилип келет. Акын 2001-жылы каза болду. Жолдошбай Абдыкалыков атындагы адабий сыйлык 2005-жылы Жазуучулар союзунун колдоосу жана маркумдун уул-кыздарынын демилгеси менен уюшулуп, 35ке чыга элек жаш акындарга үч жылда бир жолу берилери чечилди. Бул сыйлыктын алгачкы лауреаттарынын бири — Алтынбек Исмаилов. Акындын 70 жылдыгына карата "Тандалмалар" деген жыйнагы, документалдык фильм жана анын сөздөрүнө жазылган музыкалык чыгармалардын диски чыгарылды. Акындын артында эки уул, эки кызы калды. Алардын баарын өз кезегинде окутту. Акындын аты Таштак айылындагы бир көчөгө ыйгарылган.
Жазуучу Сейит Жетимишов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2022
Чоңдорду "Чалканга" чактырган, маданиятты өстүргөн Сейит Жетимишов жөнүндө 10 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0