"Түндүк агымдагы" кырсык: Европа кыйын кезеңдин камын көрүүгө мажбур...

© AP Photo / Swedish Coast Guard "Түндүк агымдагы" кырсык
Түндүк агымдагы кырсык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2022
Жазылуу
"Түндүк агымдагы" окуянын себептери алдыда дагы далай изилденет. Жалпы экономикалык зыянды азырынча эсептеп чыгыш кыйын. Газ түтүктөрү кайсы тараптын эсебинен жана канча убакытта оңдолуп бүтөрүн да болжоп болбойт.
Европада өндүрүш токтоп, газ кескин кымбаттаарын боолголоп жатышат. Европа биримдигиндегилер газ түтүктөрүнөн биротоло кол жууп каларынан чочулап туру. Газ түтүгүндөгү кырсыктын кесепеттеринен Наталья Дембинская да кеп салган. Серепчинин макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Миллиарддаган чыгымдар

Кырсык "Түндүк агым", "Түндүк агым — 2нин" үч жеринде болду. Мындай окуя Россия үчүн да, Европа биримдигине да күтүүсүз болду. Эки тарап тең алдын ала пландалып жасалган диверсия деп билдирүүдө. Магистралдын түйүндөрү жалпы 110 миллиард куб метр газ өткөрөт. Ушул тапта Европада көгүлтүр оттун миң куб метри 2000 долларга чыкты.
Кырсык маалында эки газ түтүгү тең колдонулбай турганы менен жүз миллиондогон куб метр техникалык газ топтолгон. РФтин Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун эксперттик баасына ылайык, ар бир түйүндө 100 миллион куб болушу мүмкүн.
Азыркы баа менен эсептеп көрсөк, кырсыктын кесепети 500-600 миллион долларды түзөт. Мындан тышкары, айлана-чөйрөгө келтирилген залал үчүн жөнгө салуучудан штрафтык санкциялар да салынышы ыктымал. Башка маалыматтарда үч түйүндүн ар биринде 150дөн 360 миллион кубга чейин, жалпы 450-1080 миллион куб болгону да айтылат.
"Бул түтүктөрдөгү басымга жараша. Газдын баары актыбы же кай бир бөлүгү токтотулуп калдыбы, белгисиз. Ошого жараша кырсыктын рыноктук чыгымы 0,9-2,1 миллиард долларды түзүшү мүмкүн", — деп боолголойт TeleTrade аналитикалык маалымат борборунун башкы экономисти Марк Гойхман.

Ким төлөйт?

Азырынча аналитиктер инфраструктураны калыптандыруу чыгымдарын эсептөөгө кирише элек. Мында башкы маселе чыгымдарды ким көтөрөрүндө. Келишимдерге ылайык, "Түндүк агымдын" операторлору, атап айтканда "Газпромго" таандык ишканалар бул иш менен алектенүүгө тийиш.
"Бирок кимдин эсебинен оңдолот? Негизи кырсыкка күнөөлүү тарап каражат таап бериши зарыл. Чынында алардын жоопкерчиликке кантип тартылары да али анык эмес. Балким Стокгольм арбитражы карайт же башка бир эл аралык соттук инстанция ишти колго алат", — деген пикирин айтат өнөр жай боюнча көз карандысыз эксперт Леонид Хазанов.
Камсыздандыруу рыногундагы булактардын маалыматына караганда, "Түндүк агым" менен "Түндүк агым – 2" чет өлкөлүк компанияларда камсыздандырылган. Бирок анын шарттары белгисиз. Эгер бул окуянын чыгымдары камсыздандырууга туура келсе, ошол компания төлөп берет. Бирок ал үчүн соттук териштирүүлөр жүрүшү абзел экенин белгилейт энергетикалык тармактагы көз карандысыз аналитик Дмитрий Адамидов. Анын айтымында, кеп акчада деле эмес. Европалык өнөр жай жана логистикалык көйгөйлөрдү, эки тараптуу санкцияларды эске алсак, газ түтүктөрүн жана агрегаттарды калыбына келтирүүгө буюртма берүү тегин иш эмес. Анан да деңиз түтүктөрүн оңдоону баары эле биле бербейт.
Европадагылар азыр кыйын кезеңдин да камын көрүп турган чагы. Tagesspiegel басылмасы маалымдагандай, Германия бийлиги "Түндүк агым" менен "Түндүк агым – 2нин" түтүктөрү жараксыз болуп калбагай эле деп чочулап жатышат. Ошондой эле басылма эгер жакын арада магистралдар оңдолбосо, тешилген жерден туздуу суу кирип, ал эми бул дат басып кетишине алып келиши мүмкүн экенин да кошумчалайт.
Европа биримдигинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
Forbes: Европага дагы бир кооптуулук жакындап келе жатат

Баалар асман чапчыйт

Тез арада оңдолуп каларына үмүт артып болбойт. Кырсык болгон жерди изилдөө эле бир нече аптага созулары бышык. Ал эми түтүктөр айлап калыбына келтирилет. Ушул тапта газ Европага Украина аймагы (бул суткасына 42 миллион куб метр) жана "Түркиялык агым" газ түтүгү аркылуу гана жеткирилет. "Түндүк агымды" геосаясий күрөштү жумшартып, санкцияларды жоюп, жаратылыш газын алуу үчүн пайдаланууга болмок. Мындай көз карашын инвестициялар боюнча жеке консультант, Көз карандысыз директорлор ассоциациясынын мүчөсү Николай Неплюев билдирет.
Эми Европа маселени жөнгө салуу жана Россиядан кадимки режимде газ алууну калыптандыруу мүмкүнчүлүгүнөн да кол жууп калды. Баа да өсүп, газ менен иш алып барган өнөр жай өтө кымбат сатып алууга же өндүрүштү токтотууга мажбур болушат.

Ишканалардын иши токтоп...

Жүздөгөн европалык заводдор жабылып калышы ыктымал. Мурдагыдай эле металлургия менен жер семирткич өндүрүшү соккуга кабылат. Азоттук жер семирткич чыгаруу боюнча кубаттуулуктун 70 пайызы азыртан эле туруп калды.
Сентябрдан тарта Словакияда континентте алюминий менен жабдуучулардын эң негизгилеринен болгон Slovalco ишин токтотот. Ушундай эле аргасыздыкка нидерландиялык цинк чыгаруучу Budel заводу да кабылды. Полиол, октанол, изобутанол жана клей, герметика, лак чыгарууга керектелчү заттарды өндүрүүчү румыниялык Chimcomplex ири ишкананын иши да токтоп калды.
Польшалык ANWIL тыныгуу алып, норвегиялык Yara кубаттуулукту 35 пайызга чейин кыскартты. Германияда SKW Stickstoffwerke Piesteritz компаниясы филиалдарын таратууда.
"Эгер Россиядан келген табигый газ импорттолбой калса, фосфордук жана калий кошулган жер семирткичтерди чыгаруучу ишканалар да токтоп калат. Ошол эле учурда металлургиялык, автомобилдик, азык-түлүк жана башка өнөр жай заводдору, көгүлтүр отту пайдаланган көптөгөн электр станциялары да ушундай күнгө кабылчудай болуп турат. Ал тургай жүргүнчү жана жүк ташуучу поезддердин да кыймылы кыскарышы мүмкүн", — деп боолголойт Леонид Хазанов. Ошондуктан быйыл кышта Европада энергетикалык каатчылык дагы курчуп кетчүдөй...
Өз кезегинде Россия да белгисиз бир мөөнөткө газ сатуудан түшкөн потенциалдуу кирешеден кол жууду. РФ Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Москва "Түндүк агымдагы" кырсыкты Брюссель менен биргеликте иликтөөгө даяр. Ал эми бүгүн, 30-сентябрда, газ түтүктөрүндөгү диверсияларга байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин шашылыш жыйыны өтөт.
Түндүк агымдагы кырсык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2022
"Түндүк агымдагы" авариядан улам Европадагы абал кышында оорлошору болжолдонду
Жаңылыктар түрмөгү
0