Кан айланууну жакшыртып, арыктатат. Экзомассаж тууралуу маек

© Sputnik / Илья ПиталевМассаж алып жаткан кыз. Архив
Массаж алып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2022
Жазылуу
Экзомассаж акыркы учурда айтыла калып жүргөнү менен анын эмне экенин так биле бербейбиз. Бул — заманбап аппараттын жардамы менен жасалуучу кадимки массаж.
Sputnik Кыргызстан редакциясында конокто терапевт, врач Жылдыз Смагулова болду. Биз массаждын жаңы түрү, экзомассаж тууралуу баарлаштык.
© Sputnik / Асель СыдыковаТерапевт, врач Жылдыз Смагулова
Врач общей практики Жылдыз Смагулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2022
Терапевт, врач Жылдыз Смагулова
— Акыркы кезде экзомассаж элдин кызыгуусун жаратууда. Бул эмне болгон массаж?
— Экзомассаж — бул заманбап укалоо. Ал аппараттын жардамы менен жасалат. Кол менен укалоого караганда абдан эффективдүү. 10 мүнөт жасалат. Ошол аралыкта колдун учунан буттун манжасына чейин бардык органдарга таасир этет. Организмдеги тырышкан спазмаларды жакшы кетирет, булчуңдарды иштете баштайт. Өзүнчө тренажер болуп да саналат.
— Аппаратты кантип колдонот, көрүнүшү кандай?
— Ал өзү кресло сыяктуу. Адам келип отуруп, аппаратты туташтырганда вибрация жүрө баштайт. Бейтап ооруган жерлерин дароо сезет. Кан жакшы айланбай түйүлүп, уюп калган жерге көбүрөөк импульс тарайт. Биринчи эле процедурадан кийин ооруп жүргөн жери оорубай калганы байкалат. Анан жаткызып бардык органдарга, денеге массаж алабыз. Адам электро-магниттик импульстарды сезет. Жыйынтыгы 10 мүнөттө эле билинет.
— Кимдер алса болот?
— Негизи экзомассажды баары эле ала берет. Кичине балдардан баштап улгайгандарга чейин уруксат. Бирок мунун да каршы нускамасы бар. Ал электромагниттик импульс менен келе турган укалоо болгондуктан адамдын денесинде металл же темирден жасалган бир нерсе болсо тыюу салынат. Мисалы, кардиостимулятор, муундун (сустав) ичиндеги темир пластинка же кан тамырга салынган стенддер болсо буларга экзомассаж болбойт. Экинчиден, кан басым жогору болуп турган убакта экзомассажды алуу мүмкүн эмес. Бирок гипертониялык дарты барлар процедурадан кийин өзүн абдан жакшы сезип калышат. Анткени кан басым калыбына келет. Ошондой эле кош бойлууларга жана төрт жашка чейинки балдарга сунушталбайт.
Экзомассаж — вся правда о бесконтактной процедуре. Беседа с экспертами
— Кайсы бир оорудан эми гана сакайып келе жаткандар болсочу?
— Организм жаңы калыптанып жаткан учурда жана операциядан кийин дароо массажга албайбыз. Арадан 2-3 ай өткөндөн кийин экзомассаж жакшы таасир берет. Операциядан соң кесилген жери жакшы бүтүшү керек. Төрөгөн келиндерди бир ай өткөн соң кабыл алабыз, бул убакытта аял калыбына келип калат. Ал эми операция жолу менен көз жаргандарга эки айдан кийин жасоого болот. Экзомассаж булчуңдарды жыйрылтып, жатынды эртерээк калыбына келтирет. Бир учурда адамдын организминдеги бардык булчуңдарды кыймылга келтирет. Көп аялдар "ушул жерим тырышат, ооруйт" дешет. Катып калган денени же кысылып калган кан тамырларды бошотот. Кан айланууну жөнгө салып, натыйжада оору кетет.
— Кеңсе кызматкерлери дайыма отуруп иштегендиктен массажга муктаж. Канча курс, кандай кылып алат? Жолдорун айтсаңыз?
— Так ушундай адамдарга экзомассаж абдан жакшы таасир этет. Анткени бир орунда кыймылдабай отура бергендиктен адамдын денеси уюп калат. Бизге мындай кызматкерлер көп келет. 10 мүнөттүк укалоодон кийин эле жеңилдеп, жыргап калганын айтышат. Үч сааттык укалоодо жаткандай сезим болот. Дарылоо курсу он күн. Он күндөн кийин дененин тырышканы, организмдеги түйүлгөн оорулар кетет. Моюн омурткалары тырышпай бошоп, дене бою жазылып, жеңилдейт.
— Жылына профилактикалык негизде массажды канча жолу алса болот?
— Бул адамдын организмине жараша болот. Эки айдан кийин эле денеде оордукту, тырышууну же түйүлүүнү сезсе эле кайра келсе болот. Бардык стресс, кара жумуш, чыңалуу булчуңдарды карыштырып коюшу мүмкүн. Орточо эсеп менен алганда жарым жылда бир өтүп коюуга болот.
Дерматолог - косметолог Динара Касымалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2022
Эрин чоңойтуп же мурун түздөөдө филлер кан тамырга кирсе адам көрбөй калат. Маек
— Экзомассаж аркылуу келбетти оңдоого болобу?
— Ооба, коронавирустан кийин адамдын иммунитети түшүп кетет. Оорудан кийин бизге келген адамдар тез калыбына келет. Экзомассаждан кийин органдардын иштөө функциясы жакшыргандыктан ар бири ордуна келет. Денени май басып кеткенде да экзомассаж жардамга келет. Процедурадан кийин тердеп, майлар акырындык менен кетип, адам арыктай баштайт. Муну менен катар экзомассажды моюн омурткасына койгондо вибрация бетке кете баштайт. Регенерация менен кан айлануу жакшырып, айымдардын бет териси тартылып, шишиктер кетет.
— 10 күндүк курсту алгандан кийин да келип кайра алгандар болобу?
— Андайлар көп. Бул массаждын зыяны жок. Айрым адамдар бир ай толук алат.
— Ар нерсенин эки тарабы болот да. Терс жактарын айтсаңыз?
— Жогоруда айткандай, айрым адамдарга бул укалоо тыюу салынган. Процедурада кээ бирлер гана бир аз ооруксунууну сезсе, негизинен көпчүлүгүнө аябай жагат. Жагымдуу болгондуктан массаж учурунда уктап калгандар болот. Экзомассажды кийимчен эле алат. Темирге гана терс таасирин тийгизет. Ошондуктан темир жасалгаларды чечип коюу керек.
— Баалары кандай?
— Кол менен укалоодой эле 1000 сомдун тегереги. Негизинен бул процедуралардын санынан көз каранды.
— Экзомассаждын алдында же андан кийин эмнени жасоого болбойт?
— Келерде тамакты көп жеп албаш керек. Анктени укалоо маалында жыйрылуу процесси жүрөт. Ашказан жыйрылганда ашыкча тамактанып алгандардын жүрөгү айланып баштайт. Экзомассаждан кийин аз-аздан жана бат-баттан жылуу суу ичип туруу керек. Себеби экзомассаж кан айланууну жакшырткандыктан организмде суюктук көп болушу керек. Ал эми кайсы бир ооруга шыпаа издеп келгендер алгач врачка көрүнүп, адистин көрсөтмөсү менен келишет. Баарына тегиз жардам берет деп айта албайбыз.
— Республиканын кайсы аймагында бар?
— Азыр Бишкекте эки филиалыбыз бар. Жакынкы аралыкта Ош шаарына ачууну көздөп жатабыз. Башка аймактарда жок.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун улук илимий кызматкери, медицина илимдеринин кандидаты, доцент, невролог Уулболсун Нурбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2022
Баланын гиперактивдүүлүгүн түйүлдүк кезинде алдын алууга болот. Неврологдун маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0