Эрин чоңойтуп же мурун түздөөдө филлер кан тамырга кирсе адам көрбөй калат. Маек

© Фото / Айгерим БайбековаДерматолог - косметолог Динара Касымалиева
Дерматолог - косметолог Динара Касымалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2022
Жазылуу
Азыр кыз-келиндер эринди чоңойтуу, мурунду түздөтүү, сурма салуу же кирпик коштуруу өңдүү жасалма сулуулукка басым жасап жатканы жаңылык деле эмес. Бирок контурдук пластиканын пайдасы менен катар кооптуулугу да бар.
Sputnik Кыргызстан агенттиги дерматолог-косметолог Динара Касымалиева менен аялдар арасында популярдуу болуп жаткан контурдук пластика тууралуу маектешти.
— Алгач филлер жөнүндө түшүнүк берсеңиз?
— Филлер — бул адамдын бетиндеги жана тулку боюндагы чуңкурчаларды толтуруу үчүн атайын иштеп чыгарылган препарат. Кыргызчага которгондо толтургуч дегенди билдирет. Ал эми филлерди иштетүү ыкмасы контурдук пластика деп аталат.
— Бул препаратты эмнеден жасайт. Курамында эмне бар?
— Филлердин бир нече түрү бар. Бизде курамында гиалурон кычкылы бар филлерди колдонушат. Өнүккөн өлкөлөрдө 40-50-жылдарга чейин мунун ордуна силикон колдонулуп келген. Анын ден соолукка терс таасири болгондуктан токтотуп коюшкан. Андан кийин коллаген филлерин колдонууга өтүштү. Бул бизде жок, Россияда сейрек. Көбүнчө Европа жана Америкада пайдаланылат. Эң популярдуу филлер бул кальций гидроксиапатит радиесс болуп эсептелинет. Анда теридеги фибробласттарды активдештирүүчү майда заттар бар. Радиесс — бул терини жашартып, фибробласттарды активдештирип, коллагенди көп бөлүп чыгаргандыктан аны колдонгон соң тери жашарып, агарып, жылтырап калат. Сүт кычкылы филлери (полимолочный филлер — ред.) да теридеги коллагендин санын көбөйтүп, аны жашартат. Бирок ал дароо көлөм бербейт. Сайылгандан 4-5 жума өтүп терапевттик эффект берилгенден кийин гана көлөмү өзгөрөт. Ал эми гиалурон кычкылын териге куйганда ал нымдаштырып, жылтыратып, теридеги бырыштарды кетирет. Мунун пайдалануу техникасы да жеңил, баасы да чөнтөккө чак. Ошол себептен бизде ушул филлердин түрү көп колдонулат.
© Фото / Айгерим БайбековаДинара Касымалиева: филлер — бул адамдын бетиндеги жана тулку боюндагы чуңкурчаларды толтуруу үчүн атайын иштеп чыгарылган препарат
Дерматолог - косметолог Динара Касымалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2022
Динара Касымалиева: филлер — бул адамдын бетиндеги жана тулку боюндагы чуңкурчаларды толтуруу үчүн атайын иштеп чыгарылган препарат
— Кээде контурдук пластика жасаткандардан катуу зат алып чыкканын көрөбүз. Филлер негизи суюк да, аны териге куйгандан кийин катып калышы да мүмкүнбү?
— Гиалурон кычкылы биздин организмде биополимер (биополимерлер – табиятта кездешүүчү, тирүү организмдердин курамына кирген полимерлердин классы: белоктор, нуклеин кислоталары, полисахариддер ж.б.) болуп эсептелинет. Башкача айтканда, адамдын организминен да гиалурон бөлүнүп чыгат. Анын узун же кыска чынжырчалары болот. Ошого жараша гиалурон кычкылы суюк жана коюу болуп бөлүнөт. Суюк кычкылды терини жана эриндерди нымдаштырууга колдонобуз. Ал эми чынжырчалары тыгыз жайгашкан катуу филлерлер жаак эттерин, ээкти чоңойтконго, чекени түздөгөнгө керектелет. Жумшактары көздүн тегерегиндеги, эриндеги майда бырыштарды жазуу үчүн колдонулат. Мындайча айтканда, филлер үчкө бөлүнөт. Жеңили бырыштарга, орточосу эринди нымдаштырууга, ал эми эң катуу, курамы тыгызы жаак эттерин, ээкти чоңойтконго жана чекени, мурунду түздөөгө керек. Ар бир филлердин колдонуучу жери бар.
— Териге киргенден кийин ал жайылып орун алат экен да?
— Жакшы сапаттагы, сертификаттан өткөн филлер кайсы жерге колдонулса да сапатын жоготпой, өз милдетин так аткарат. Убакыттын өтүшү менен ал бөлүнүп-бөлүнүп организмден калбай чыгып кетет. Ал эми сиз айткандай организмден чыгарылган катуу филлерлер сапаты начары. Ошол себептен ал тоголок имплант коюп койгондой сезилет. Бирок көбү териден өз алдынча чыгып кетет. Аны өлчөмүнөн көп же техникасын бузуп сайганда ошол жерде катуу дөмпөк (рубец) пайда болот. Анда филлер калып калган сыяктуу болуп көрүнөт.
Касымалиева: туура эмес сайылган филлер ткандардын некрозуна алып келет
— Филлердин терини нымдаштырып, жашарткандан башка да пайдасы барбы?
— Ал, биринчиден, нымдаштырып, ошол колдонулган жерге көлөм берет. Эриндери ичке, ичине кирип турган айымдар бир карасаң ачуулуу көрүнүп калат. Филлер колдонсо эриндин көлөмү чоңоюп, майда бырыштар жазылып, адамдын жүзүн жайдары тартат. Ооздун өңү да нымдашуунун натыйжасында бозорбой күлгүн тартып жакшы көрүнүп калат.
— Контурдук пластиканын кооптуу жактары болушу мүмкүнбү? Канча жаштан өйдө кабыл аласыздар?
— Филлерге 25 жаштан өйдө кабыл алам. Ага чейинки айымдардын гиалурону, сулуулугу жетиштүү болот. 25 жашка чейин адамдын организми өсөт, андан кийин карып баштайт.
— Бул процедура кимдерге сунушталбайт?
— Биринчиден, адамдын дене табы көтөрүлүп, өзүн жаман сезип жатса бул процедураны жасоого болбойт. Оозунда герпес инфекциясы бар кезде, кош бойлууларга, бала эмизгендерге, онкологиялык жана аутоиммундук ооруларга да жасалбайт.
— Филлер жасаткандарга эмне кылууга тыюу салынат?
— Контурдук пластикага келген адамга эрежелердин тизмеси берилет. Анда эмне кылууга болору жана эмнеге тыюу салынганы жазылган. Ошону туура аткаргандарда баары жакшы болот. Эринге жасалган болсо ысык-суук тамактарды жегенге, тиштегенге болбойт. Филлер сайылгандан кийин эки жума ичинде ошол жерге толук жайгашат. Ушул аралыкта мончого барбай, ошол жерди укалабай жана көмкөрөсүнөн жатпай туруу керек. Менин практикамда талаптарды аткарбай койгондор деле болгон. Бирок филлер жакшы сапатта болсо жана туура техника менен коюлса андай деле коркунучтуу кесепети болбойт.
© Фото / Айгерим БайбековаДинара Касымалиева: жакшы сапаттагы, сертификаттан өткөн филлер кайсы жерге колдонулса да сапатын жоготпой, өз милдетин так аткарат. Убакыттын өтүшү менен ал бөлүнүп-бөлүнүп организмден калбай чыгып кетет
Косметолог, дерматолог Динара Касымалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2022
Динара Касымалиева: жакшы сапаттагы, сертификаттан өткөн филлер кайсы жерге колдонулса да сапатын жоготпой, өз милдетин так аткарат. Убакыттын өтүшү менен ал бөлүнүп-бөлүнүп организмден калбай чыгып кетет
— Контурдук пластика айрымдарга натыйжа бербей коюшу мүмкүнбү?
— Кырк жаштан өтүп калган айымдарга кээде филлер терс жыйынтык берип калышы мүмкүн. Ал баарына жардам берет, бирок аны туура убакта колдоно билүү зарыл. Келгендердин баарын эле кармап алып контурдук пластика жасай берүү да туура эмес. Мисалы, аялдын бети кургак болсо, бырыш басса, таасири жакшы болбойт. Алгач анын бетин нымдаштыруу керек. Бул үчүн ага суюк гиалурон колдонулат. Антпесе чуңкурчалар толгону менен сулуулук тартуулабайт. Башкача айтканда, бардык көйгөйдү эле чече берет дегенге болбойт.
— Филлерди куюп жатканда кан тамырларга да сайылып калуу коркунучу бар экен. Демек, бул да олуттуу процедура турбайбы?
— Эгер айым бет келбетине филлер койдурууну кааласа, сөзсүз түрдө жогорку билими бар врач-косметологго кайрылышы керек. Филлерди орто билими бар медайымдардын сайганга укугу жок. Врач гана коё алат. Биздин бетибизде көп кан тамырлар бар. Адамдын бет түзүлүшүнүн анатомиясын билбеген адис койгон филлер артерияга кетип калса адам сокур болуп калышы ыктымал. Мындай кооптуулук жаралбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Анан да кан айланууну филлер тосуп калып, бара-бара кан жетпей калган жерлердеги ткандар чирий баштайт. Бул биринчи күнү билинбейт, 3-4 күндөн кийин филлер койгон жер шишип, карайып баштайт.
© Фото / Айгерим БайбековаДинара Касымалиева: ботокстун максаты башка. Филлерди териге, теринин астына жана сөөктүн үстүнө коёбуз. Ал эми ботокс булчуңдарга сайылат
Дерматолог - косметолог Динара Касымалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2022
Динара Касымалиева: ботокстун максаты башка. Филлерди териге, теринин астына жана сөөктүн үстүнө коёбуз. Ал эми ботокс булчуңдарга сайылат
— Бизде бул процедура эринге абдан көп жасалса керек?
— Ооба, эринге көп жасалат. Кыздар арасында мурунга көп суроо-талап бар. Мурундун үстүндө кан тамырлар көп. Ийне менен эмес, башы тоголок, ичке узун кануля аспабы менен сайса коркунуч жок. Эгер ийнени пайдаланса филлер кан тамырларга кирип, сокур болуп калган учурлар көп болот.
— Филлер менен ботокс эмнеси менен айырмаланат?
— Ботокстун максаты башка. Филлерди териге, теринин астына жана сөөктүн үстүнө коёбуз. Ал эми ботокс булчуңдарга сайылат. Анын жардамы менен адамдын мимикасын токтотобуз. Ал эми филлер таптакыр башка милдетти аткарат. Бирок экөө бири-бирин толуктап турат.
— Филлер бет булчуңдун кыймылын бузушу мүмкүн дешет экен. Кооптуулугун айтсаңыз?
— Жашыраак айымдарда филлер көбүнчө чуңкурларды толтуруу үчүн колдонулат жана терс таасири дээрлик болбойт. Ал эми 35-40 жаштагы айымдар дайыма филлер куйдура берсе кан айлануу начарлайт, бет шишигенсип көрүнүп калат. Адис кимге кандай процедура жана канча көлөмдө керектигин айтат. Кээ бир айымдар бирөөгө барып жаагын, дагы бирине ээгин жасата берет. Контурдук пластиканы ушундай башаламан колдонуу адамдын кейпин бузуп коёт.
Саламаттык сактоо министрлигинин кардиологу жана башкы аритмологу Дамир Осмонов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2022
Аритмияны дарылабаса адамды майып кылып, өлүмгө кептейт. Кардиологдун маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0