ЕБде нан төңкөрүшү болобу? Европадагы каатчылыктан ким пайда көрүүдө

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүНан. Архив
Нан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2022
Жазылуу
Европада инфляция улам рекорд коюп электр баасы, анын артынан азык-түлүк кымбаттап барат. Карапайым европалыктар белин бекем бууп, ал эми компаниялар бизнесин жыйыштырууда.
Европа биримдигинде мындай жагдай узакка созулуп, эл толкуй турганын боолголошот аналитиктер. Чөлкөмдө каатчылык эмне менен аяктаарына Ирина Красикова баам салган. Серепчинин макаласын РИА Новости сайты жарыялаган.

Баалар асман чапчып барат

Август айында Европа биримдигинде нан жылдык ченеминде 18 пайызга кымбаттаганын маалымдайт Евростат. Айрыкча, Венгрияда 66 пайызга жетип, Литва, Латвия, Эстония жана Словакияда 30 пайыздан ашып кетет.
Европанын батыш бөлүгүндө кырдаал дурусураак. Маселен, Францияда баалар сегиз, ал эми Нидерланд жана Люксембургда он пайызга жогорулаган. Анчейин байлыгы жок мамлекеттерге кыйыныраак экенин белгилейт хорватиялык Advance басылмасы.
Европалык рынокко украиналык эгин менен жабдуунун быйыл жазда кыскарышы катуу таасир этип, 4,5 миллион тоннага чукул сырье Кара деңиздеги порттордо кармалып турган. Ал аз келгенсип Европаны быйыл 500 жылдан бери боло элек кургакчылык каптады. Июль айында Европа комиссиясы чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн жарымында түшүм жакшы болбостугун эскерткен.
Баарынан да абал Чыгышта, атап айтканда: Ирландия, Италия, Венгрия, Румыния, Молдова, Финляндияда начар. Россиялык буудай экспортуна салынган санкциялар да кырдаалды курчуткан. "Европа биримдиги рестрикциялар менен көйгөйлөрдү өзү тереңдетип, ал эми саратан чилдеси кырдаалды ого бетер чыңалтты. Түшүм болжол менен 15-20 пайызга азаят", — дейт BitRiver агенттигинин каржылык талдоочусу Владислав Антонов.
Украиналык эгиндин ордун индиялык буудай менен толуктоо үмүтүн да таш капты. Өлкөдө көктөм өтө ысып, түшүм анчейин болбой калды. Анын кесепетин жоюу үчүн экспорт чектелди. Ошондон улам рынокто кайрадан сырье тартыштыгы жаралды. Анткен менен маселе табигый кырсыктарда гана эмес экени белгилүү.
Россиялык газдан баш тарткан Европа биримдиги энергетикалык каатчылыкка кептелди. Европада баалар кымбаттап, бир куб метри үч миң долларга жетти. Көгүлтүр отту европалыктар электрди алуу үчүн пайдаланышат. Натыйжада электр кубатынын баасы да болуп көрбөгөндөй өстү. Германия менен Францияда бир мегаватт сааты миң евродон ашты.
Буга кошул-ташыл Европа биримдигинде гидроэлектростанциялар үчүн суу тартыш. Маселен, Норвегиянын энергетикалык балансында алардын үлүшү 95 пайызды түзөт. Өлкө кубаттуулукту Швейцария, Дания, Нидерландга экспорттойт. Чыгымдар көбөйүп, ишканалар азык-түлүк баасын көтөрүүгө мажбур. Карапайым европалыктар чыгымдарын азайтууга аргасыз.
Нандын тынымсыз кымбатташы элди толкутушу ыктымал. Бул туурасында La Stampa италиялык басылмасы эскертет. Европа биримдигинин калкы электр жана газдын тарифтерин ооздуктоону талап кылып көчөгө чыккан. Чөлкөмдөгү заводдор биринин артынан экинчиси жабылып, компаниялар бизнесин жыйыштырууда.
Бирок Европа комиссиясынын төрагасы Урсула фон дер Ляйендин айтканына кулак салсак, Европа биримдигинин тургундары Россия менен күрөшүү үчүн жабыр тартууга да кайыл. Брюссель кеңсе жана коомдук жайларда аба табын азайтуудан башка арга таппады. Адамдар кыска убакытка гана кирген кимараттарды жылытуунун да зарылдыгы жок деп чечишти аткаминерлер.
Москвадагы Кремль. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2022
РФ ресурстарын "демократиядан четтеп" көзөмөлдөөдө. АКШ дүйнө сакчылыгындабы?

Жаңыча көз карандысыздык

Азырынча Брюссель жылытуудан ушундай үнөмдөп, ал эми Европа биримдигиндеги жылдык инфляция да рекордун жаңыртууда. Августта анын көлөмү он пайыздан ашты. Июлда бул көрсөткүч 9,8 пайыз болчу.
"Буга көбүнесе Батыштагы борбордук банктардын өтө жумшак саясаты кептеди. Пандемиянын оор кесепеттерине жол бербөө үчүн экономикага чоң каражат салган", — дейт TeleTrade маалыматтык-аналитикалык борборунун башкы экономисти Марк Гойхман.
Мындан сырткары, геосаясий чыңалуу, энергетикалык ресурстардын кымбаттыгы, түшүмдүн начардыгы да бар. Бирок соңку учурларда бул факторлордун курчтугу басаңдап жатканын айтышат аналитиктер. Жөнгө салуучулар пайыздык ченди жогорулатышты.
Россиялык жана украиналык эгин кайрадан ташыла баштады. Европалык газ жер төлөлөрү 80-85 пайызга толтурулду. Көгүлтүр оттун бир куб метри августтагы наркынан (үч жарым миң доллар) бир аз арзандады. Кара алтын да андан кем калышпайт. Brent үлгүсүндөгү мунайдын баррели биржада 90 доллардан төмөн сатылууда. Анткен менен көңүл жайгарууга али эртелик кылат.
Синоптиктер Европа чөлкөмүндө быйыл кыш катуу болорун жоромолдоодо. Газ менен жабдууда да үзгүлтүк болору күтүлөт. Быйыл Россиядан келген газдын көлөмү да 50 миллиард куб метрге азайганын билдирди РФ вице-премьери Александр Новак.
Эл аралык энергетикалык агенттиктин маалыматына таянсак, Европа биримдиги 2021-жылы 155 миллиард куб метрди сатып алган. Бул көрсөткүчкө үңүлсөк, газ менен жабдуунун көлөмү дээрлик үчтөн бир көлөмгө кыскарды. Кытайда да күзгү айдоо мурдагыдай эмес. Дал ушул жакта эгин көп айдалып, көп керектелет эмеспи.
Пекин бул жылы дүйнөлүк рынокто данды көп сатып алууга ниеттенип турат. Европада нандын август айындагы асман чапчыган баасы али чек эмес экенин белгилейт Владислав Антонов.
Энергетикалык ресурстарга да көп каражат сарптоого туура келет. Алардын азыркы наркы соңку он жылдыктардагы орточо көрсөткүчтөн кыйла ашат. Европа биримдиги дал ушул энергетикалык каатчылыктын айынан эмитен эле жарым триллион евро жоготконун эсептеп чыгышты Bruegel аналитиктери.
Европа биримдигинин мүчөлөрү калк жана компаниялар үчүн мындай соккуну жумшартууга жапа тырмак киришип, 314 миллиард евро бөлүшкөн. Бул биримдиктен оолактаган Улуу Британия да буга 178 миллиард салды. Бирок бул акча жетпестигин белгилешет эксперттер.
"Европада энергетикалык ресурстардын кымбаттаганына күбөбүз. Быйыл алар үчүн кыш абдан оор болот", — деп боору ачыды европалыктарга АКШ каржы министри Жанет Йеллен. Ошол эле учурда Кошмо Штаттарда жагдай кыйла жакшы экенин белгилей кетели. "Албетте, бул бизге да таасир этпей койбойт. Бирок биз аларчалык абалга кабылган жокпуз", — деп кошумчалады Йеллен.
Вашингтон саясий союздашына "альтернативдик булактарды" табууну көздөп, өз өндүрүшүндөгү суюлтулган кымбат газын таңуулады. Жылдын биринчи жарымында АКШ дүйнөдөгү эң ири экспортчуга айланды.
Былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу газ менен камсыздоо 12 пайызга жогорулады. Анын негизги бөлүгү Европа биримдиги жана Улуу Британияга жөнөтүлдү. Суюлтулган газдын европалык импортунун жалпы көлөмүнүн 47 пайызын камсыздашкан. Ири сатуучулардын сабында Катар, Россия жана африкалык мамлекеттер бар.
Ошондой эле Германия менен АКШ узак мөөнөткө, тагыраак, жыйырма жылга келишим түзүү жөнүндө макулдашты. Ал 2026-жылы күчүнө кирет. ФРГда ушул тапта суюлтулган газдын инфраструктурасы жок. Бирок өлкө тездетилген ыргакта керектүү терминалдарды курууда.
Анткен менен россиялык газ түтүктөрүн дароо эле алмаштырып жиберишпейт. ФРГнын канцлери Олаф Шольц Бириккен Араб эмирлигинен суюлтулган газдын бир гана танкерин алуу жөнүндөгү келишим менен кайтты. Бул туурасында Bloomberg агенттиги маалымдайт. Ошондуктан талдоочулар көгүлтүр от мындан ары да кымбаттаарын боолголоп жатышат.
Кышында газдын бир куб метри төрт миң доллардан ашарын болжойт "Газпромдогулар". Натыйжада Европа биримдигинин өнөр жай секторун чоң көйгөйлөр күтөрү бышык. Энергетикалык ресурстардын кымбаттыгынан улам болот куюучу, жер семирткич жана башка маанилүү товарларды өндүргөн айрым европалык компаниялар өндүрүштү АКШга көчүрүп жатканы да маалым.
"Америкалык экономика Европадагы энергетикалык каатчылыктан эң чоң пайда таап жаткандардын арасында", — деп жазды The Wall Street Journal. Басылма "деиндустриялаштыруунун жаңы доорунун" башталышын эскертет. Deutsche Bank адистери чөлкөмдү узак жана терең рецессия күтүп турганын жоромолдошот. Ал эми ички дүң өндүрүм да үч пайызга төмөндөп, мындай абал келерки жылдын ортосуна дейре сакталат.
АКШнын президенти Джо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2022
Америка Европаны каатчылыктан куткаруудан баш тартты. Кезерчү кез али алдыда
Жаңылыктар түрмөгү
0