Муса Баетовдун кызы: атам каза болгондон кийин өгөй эненин таягын көп жедим
15:35 28.08.2022 (Жаңыртылды: 16:09 28.08.2022)
Жазылуу
Быйыл Муса Баетовдун 120 жылдыгы белгиленет. Ал 1902-жылы азыркы Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылында туулган. Улуу музыканттын ырларын бүткүл кыргыз эли сүйүп уккан.
Sputnik Кыргызстан редакциясынын "Туяк" рубрикасында конокто Кыргыз ССРинин эл артисти Муса Баетовдун кызы, маданиятка эмгек сиңирген ишмер 87 жаштагы Ракыя Баетова болду. Биз залкардын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу баарлаштык.
Кыргыз музыка маданиятынын алтын казынасында ырчынын "Даанышман", "Арпанын Ала-Тоосунан", "Кыздар, ай", "Окудуң борбор шаарынан", "Сагынам" деген сыяктуу кырктан ашык обондуу ырлары калган. "Айчүрөк" операсында Сыргактын, "Манас" операсында Алмамбеттин партияларын аткарган.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРКыргыз ССРинин эл артисти Муса Баетов
Кыргыз ССРинин эл артисти Муса Баетов
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
— Атаңыз бала кезинде Кашкарга чейин качып барып келген экен?
— Атам кичинесинде эле жетим калып агасы Чоголдойдун колунда болот. Бала кези 1916-жылга туш келип Кашкарга чейин барган жайы бар. Кайра 1917-жылы кайтып келген. Андан кийин жалпы Ак-Талаа элине аты таанылган Байымбет Абдырахмановдон (Тоголок Молдо) секетпайларды ырдоону, ырга текст жазууну үйрөнөт. Совет өкмөтүнүн тапшырмасы менен Кубанычбек Маликов да Нарынга гезит чыгарууга жиберилип калып, иш сапары менен жүрүп атамдын дайынын угат. Эл абдан мактап, талантына тамшанып жаткан чагы экен. Ошентип, Ак-Талаага келсе атам бир короого адаттагыдай эле элди чогултуп алып концерт коюп жаткан болот. Андай концерттен түнгө чейин эл кетчү эмес экен. Кийин ошол концерт берген жерге маданият үйү салынып, эл атамдын атын бердиртти. Азыр ал маданий жай жакшы иштеп жатат. Элден айланса болот, атамдын ысымы көп жерге ыйгарылды.
Маликов сөзүн да өзү жазып, обонун да өзү чыгарган атамдын ырларын угуп тамшанат. Экөө ошентип жолугушкан. Ал киши Муса Баетовдун чыгармачылыгына чоң колдоо көрсөттү. Нарынга ишке чакырып, концертин да беришкен.
— Муса Баетовдун Москвада өткөн декадада ырдап чыккан тасмасы архивде бар эмеспи?
— 1939-жылы Москва шаарында өткөн Кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүндө Кремлдин Чоң сарайындагы Сталин келип катышкан жыйынтыктоо концертинде эл аспаптар оркестринин коштоосунда Атай Огонбаевдин "Эсимдесин" ырдап чыгат. Ошол кезде Сталин жан-жөкөрлөрү менен балкондо отурган экен, атам ырдап бүтөрү менен туруп кол чабат. Атам болсо ордунан туруп алып сахнанын артына кирип кетет. Ошондо жанындагылар "Сталин өзү кол чаап жатса эмнеге кирип кетип калдың" десе атам "байкабай калдым, шашып, сүрдөп да кеттим, кап, өмүрүм кыска болуп калат окшойт" деп өзү айтыптыр. Ошол он күндүктүн жыйынтыгы боюнча Эмгек Кызыл Туу орденин алып, Кыргыз ССРинин эл артисти наамына жетишкен.
© Фото / из семейного архива БаетовыхРыкая Баетова: атам концерт берген жерге маданият үйү салынып, эл атын бердиртти. Азыр ал маданий жай жакшы иштеп жатат. Элден айланса болот, атамдын ысымы көп жерге ыйгарылды
Рыкая Баетова: атам концерт берген жерге маданият үйү салынып, эл атын бердиртти. Азыр ал маданий жай жакшы иштеп жатат. Элден айланса болот, атамдын ысымы көп жерге ыйгарылды
© Фото / из семейного архива Баетовых
— Өмүрдөн эрте кетишине эмне себеп болду?
— Мурда артисттер комуз, аккордеонун көтөрүп алып жөө-жалаңдап, ысык-суукта чабандарга барып концерт беришчү экен. Ошондой күндөрдө атамдын өпкөсүнө суук өткөн. Кийин согуш мезгилинде да Сайра Кийизбаевалар болуп фронтко концерт коюп барышкан. Азыр "Сагынам" деген ырын көптөгөн жаштар ырдап эл аралык конкурстардан сыйлыктарды алып келишүүдө. Аны атам согуш мезгилинде концерттик бригада менен жүрүп чыгарган. "Кыздар, ай" деген ырындай кыздар жөнүндө эч ким ыр жаза элек. Ошентип оорудан эрте эле кетип калбадыбы. Ооруканага жатып калганда артисттер Жалал-Абадга концерт коюп кетишет. Анын афишасына атамдын аты да жазылып калыптыр. "Муса Баетов келет" деп эл да аябай күтөт. Көрсө, көбү атамды көрүү үчүн келишчү экен. Анан аны уккан атам доктурлардын айтканына карабай самолётко отуруп алып дароо эле учуп барат. Беш күн концертке катышып, бешинчи күнү абалы начарлап, учак менен Бишкекке алып келип ооруканага жаткырышат. Жалал-Абаддан келгенден кийин эле каза болуп калды. Эл ошону унутпаптыр, кийин Жалал-Абаддагы, Баткендеги музыкалык мектептерге атамдын атын беришти. Элге ыраазымын! Ысымы Ак-Талаа районунун борборуна берилип, мурда Дөрбөлжүн деп аталып келсе, азыркы аталышы — Муса Баетов.
Сүрөтчү Гапар Айтиев менен атам абдан дос эле. Ал кишинин жубайы татар кызы. Мен Нарында иштеп жүргөндө Айтиевдин байбичеси келип калды. Мен аны жеңе деп, ал "кызыке" деп койчу. Анан жеңем мени чакырып "жаңы турмушка чыкканда Кыргызстанды деле жакшы билбейм. Мусакемдин ырдаганын угуп, кайсы консерваториядан бүткөнүн сурасам "дөрбөлжүнская" деп койгон. Анан мен аны шаар экен деп элдин баарына айттым. Баары эле ал айыл, шаар эмес дешет. Көрсө, райондун борбору эле турбайбы. Карачы, бул кишинин туулган жерин ардактаганын" деген. Кийин Дөрбөлжүнгө атын коюу кармалып жатканда министрликке чыгып ушул сөзүн айттым. Ошондон үч күн өтүп ысымы берилди.
— Атадан эрте калган экенсиз да?
— Ооба, 13 жашымда, болгондо да өгөй эненин колунда жетим калдым. Өзү төрөбөгөнгөбү, айтор, өгөй энем мени жакшы караган жок. Кийин биздин айылда күйөөсү согуштан кайтпай калган эжем бар эле. Мени ошол киши багып өстүрдү. Фрунзедеги №5 жалгыз кыргыз мектепте окудум. Кийин Исхак Раззаковдун сунушу менен кыргыз мектептеги окуучулар №12 жана №6 орус мектепке которулдук. Себеби "чоңойгондо Москвадан, Ленинграддан билим алган күчтүү кадрлар болушу керек. Ал үчүн тил билишсин" дептир. Аскар Какеев менен Төлөмүш Океев — классташтарым. Ушул кезге чейин Раззаковдун көсөмдүгүнө баа берем, өзүмдү ал кишинин кадрымын деп коём. Кийин борбордук жогорку окуу жайына тапшырып, Ленинграддан окудум. Эл көрүп, жер көргөн адамдын ой жоруму да башка болот экен. Сыймыктандым.
© Фото / из семейного архива БаетовыхРакыя Баетова: Атам менен апам мен кичине кезде эле ажырашыптыр. Алгач атамдын улуу агасы Чоголдой чоң атамдын колунда өстүм. Кийин өзү колуна алган. Бирок колу бошобогондуктан атамды деле көп көрчү эмесмин.
Ракыя Баетова: Атам менен апам мен кичине кезде эле ажырашыптыр. Алгач атамдын улуу агасы Чоголдой чоң атамдын колунда өстүм. Кийин өзү колуна алган. Бирок колу бошобогондуктан атамды деле көп көрчү эмесмин.
© Фото / из семейного архива Баетовых
— Жетим калдым дедиңиз. Апаңыз да эрте өтүп кеткен турбайбы?
— Атам менен апам мен кичине кезимде эле ажырашып кетишиптир. Алгач атамдын улуу агасы Чоголдой чоң атамдын колунда өстүм. Кийин өзү колуна алган. Бирок командировкадан колу бошобогондуктан атамды деле көп көрчү эмесмин. Жетим калганда өгөй эненин токмогун көп жедим. Атамдын иниси Адыбай да согуштан кайтпай калып, анын жалгыз баласы да биздин колдо болчу. Атам өлгөндөн кийин аны өгөй энебиз шиш така менен сабачу. Ошондон улам бөбөгүмдүн эти кулгуна болуп, каза болуп калды. Тирүү болсо мен жалгыз болбойт элем да. Өгөй энемдин мага берилген жөлөк пулду алып, бирок мени жакшы карабаганын артисттер көрүштү. Биз анда искусство адамдарынын көп кабаттуу үйүндө турчубуз. Кошуналарыбыз Шаршен Термечиков, Мыскал Өмүрканова жана Касымалы Жантөшевдер эле. Бир күнү Шаршен атанын байбичеси министрлер кеңешине барып "Мусанын жалгыз кызын өгөй энеси бакпай жатат" деп даттаныптыр. Ошондо айылдан эжемди чакырышып, артисттер баарылап өгөй энемди кетиришкен.
— Атаңызды деле тирүүсүндө көп көрбөй калган экенсиз да...
— Бирок элеси көз алдымдан кетпейт. Абдан боорукер киши эле. Борборго келген таланттар, нарындыктар бүт биздикине келишчү. Ак-талаалыктардын баары атамдын досу эле. Ленинградда окуп жүргөндө ошол достору акча салып, кетип жатканда узатып, мени аяш аталарым окутту. Бой жеткиче мамлекет бакты. Өлкөмө да ыраазымын. 2002-жылы атамдын 100 жылдыгы Соң-Көлдө болду. Аскар Акаев Россиянын ошол кездеги президенти Борис Ельцинди ээрчитип келип, мага Маданиятка эмгек сиңирген ишмер наамын берди.
Ага чейин мааракени эң биринчи таластыктар белгилеп, мени да чакырышкан. Барсам атамдын сүрөтүн уздар кийизге түшүрүп, аппак боз үйлөрдү тигишиптир. Ошондо мага бир окуяны айтып беришти. Атай Огонбаев менен атам теңтуш, дос болчу. Ал киши ооруп, кийин айылына кетип калган. 1949-жылы Таласка концерттик бригада келип концерт берип, анан эл менен боз үйдө чай ичип отурушса өкүрүк чыгат. "Эч ким деле ооруп жаткан эмес эле, эми эмне болуп кетти" деп эшикке чуркап чыгышса Атай Огонбаев ат менен өкүрүп келип "Мусакемден айрылдык. Мен болсо минтип эл алдына чыга албай калдым. Элге кызмат кылып турса болбойт беле, кудай мени албай эмнеге Мусакемди алып кетти экен" деп ыйлап түшүптүр. Карачы, кандай улуу адамдар. Экөө тең укмуш талант болсо да атаандашпай, бири-бирин сыйлашканын...
1939-жылы атам Москвада өз ырын ырдабай "Эсимдени" ырдап жатпайбы. Ошондо Атай атам ыраазы болуп "Мусаке, ушул ырды сага бердим, экинчи ырдабайм" деп айткан экен. Радиодо музыкалык редактор болуп турганда архивди каратсам, бир да жерде Атай Огонбаевдин аткаруусундагы "Эсимде" ыры сакталбаптыр. Сөзүнө бекем турган экен.
— Аяш аталарыңыз өз атаңыз тууралуу сизге айтып беришчү беле?
— Ооба, Калык (Калык Акиев — ред.), Осмонкул (Осмонкул Бөлөбалаев — ред.) аталарым атамды "жадыраган, кичи пейил эле. Кап, эрте кетип калды, укмуш таланттуу эле, дагы далай обон жаратмак" деп айтышчу. Атам ынтымакты, биримдикти жакшы көрчү экен. Каза болгондо ошол достору буркурап-боздоп ыйлашты.
Мен кийин борбордо иштеп жүрүп илимий ишимди таштап, Нарыныма кызмат кылайын деп барып, музей ачтым. Ошондо музейге керектүү экспонаттарды чогултуп айылдарды кыдырганда "Мусакемдин кызы, өзүбүздүн кыз келген турбайбы, өлүмтүгүмө сактадым эле берейин" деп кемпирлер сандыкка катып койгон чач учтук, чолпу, баалуу буюмдарын музейге беришти. Ошол музей азыр Кыргызстандагы "эң мыкты музей" аталыптыр. Нарындын музейинде башка эч жерде жок экспонаттар бар.
© Фото / из семейного архива БаетовыхРакыя Баетова: Бир кыз, бир уулдун апасы болдум. Төрт небере, үч чөбөрөм бар. Кызым да таятасынын жолун жолдоп искусстводо кызмат кылып жүрөт. Музыкалык билими бар.
Ракыя Баетова: Бир кыз, бир уулдун апасы болдум. Төрт небере, үч чөбөрөм бар. Кызым да таятасынын жолун жолдоп искусстводо кызмат кылып жүрөт. Музыкалык билими бар.
© Фото / из семейного архива Баетовых
— Кийин өз апаңызды таптыңызбы?
— Ооба, Токтогулга турмушка чыккан. Бир эле жолу көрүп, жолугуп сүйлөшүп калдым. Кийин ал киши да өтүп кетти.
— Өзүңүздүн канча бала, небереңиз бар?
— Бир кыз, бир уулдун апасы болдум. Төрт небере, үч чөбөрөм бар. Кызым да таятасынын жолун жолдоп искусстводо кызмат кылып жүрөт. Музыкалык билими бар.
— Муса Баетовдун кызымын деп өзүңүздү чектеген учурлар болдубу?
— Катуу чектөө болду. Анткени атама окшогон кээ бир белгилүү инсандардын балдарынын жүрүм-туруму тууралуу терс кеп-сөз тараганын уктум. Атамдын атын булгабасам экен деп өмүр бою аракет кылып келдим. Атамдын 80 жылдыгында бир аксакал чыгып "Мусакемден тукум калган жок, кыз да тукум болчу беле дешет. Жаман уулдан көрө жакшы кыз артык турбайбы" дегенде залда отурган атамдын достору туруп мага кол чабышпадыбы. Ошондо андан бетер чыйралдым. Атакемдин атын даңазалап, элиме кызмат кылайын деп аракеттенип жашадым. Элим да мени эркелетип сыйлады.