Нарындан Баткенге, Бишкектен Токтогулга. Жапаров ротациялаган 18 соттун тизмеси

© Sputnik / Жоомарт УраимовСот залы. Архив
Сот залы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2022
Жазылуу
Президент жарлыкка коррупцияны болтурбоо максатында кол койгон.
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кыргызстандын айрым жергиликтүү сотторунун судьялары ротацияланды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларын которуу жөнүндө" жарлыкка кол койгон.
"Жарлыктын максаты — кызыкчылыктардын кагылышуусун, коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо, жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинде калыстыкты камсыз кылуу", — деп жазылган маалыматта.
Тизме:
Ош облустук сотуна Баткен облустук сотунан Алимкулов Нургазы Халилович;
Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотуна Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунан Бекбулатов Айбек Бектурсунович;
Жалал-Абад облустук сотуна Нарын облустук сотунан Койломбаев Азамат Ишимбекович;
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотуна Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотунан Абдрахманов Рахманаали Аширалиевич;
Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотуна Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунан Саргалдаков Искендер Бекболотович;
Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотуна Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунан Омуралиев Мэлис Асанбекович;
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык сотуна Чүй облусунун Москва райондук сотунан Аскарбеков Арстанбек Аскарбекович;
Баткен облустук сотуна Нарын облустук сотунан Султанканов Бактыбек Султанканович;
Ысык-Көл облустук сотуна Нарын облустук сотунан Бердибеков Алтынбек;
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотуна Нарын облусунун Жумгал райондук сотунан Нурбаев Бакытбек Сайдиллаевич;
Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотуна Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотунан Осмонов Тарасбек Сапарбекович;
Нарын облустук сотуна Ош облустук сотунан Исажанов Келдибек Сайдахматович, Ысык-Көл облустук сотунан, Кудабаева Гульбара Ишеновна, Жалал-Абад облустук сотунан Мусурманкулов Бекмухаммет Лутуббилаханович;
Нарын облусунун Жумгал райондук сотуна Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык сотунан Бектемиров Куралбек Абдималикович;
Чүй облусунун Москва райондук сотуна Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунан Каримова Жыпар Кудайбердиевна;
Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунан Ормушев Тилек Эмилбекович;
Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотунан Эралиев Талайбек Каскаевич;
Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирмекчи.
Судья Верховного суда Айбек Молдакунов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2022
Радио
Молдакунов: сотторду ротациялоо жакшы натыйжа берет
Жаңылыктар түрмөгү
0