Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Эл аралык кылмыш сотунан үмүт үздүк. Лавровдун БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги сөзү

© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүРоссиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында
Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2022
Жазылуу
Лавров жазасыз калып жаткан Киев режими бул үчүн Батыштагы кураторлоруна, биринчи кезекте Германия, Франция жана АКШга милдеттүү экенин белгилеген.
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. АКШ жана анын союздаштары сегиз жылдан бери Киев режиминин кылмыштарын жаап келе жатат. Бул тууралуу Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
Коопсуздук кеңештин жыйынында Лавров токтолгон маселелердин урунттуу учурлары:
Украинага курал-жарак берип жаткан мамлекеттердин позициясы туура эмес. Алардын көздөгөнү — өлүм, кыйроого карабай согуштук аракеттерди болушунча созуп, Россияны алсыздандыруу. Мындай аракеттер Батыш өлкөлөрүнүн Украина жаңжалына түздөн-түз кийлигишүүсүн билдирет;
Сегиз жылдан бери Украинанын армиясы менен согушкерлери Донбасстын тургундарын себепсиз өлтүрүп келишкенине жана өлтүрүп жатканына көздү жумуп коюп, Россияны бүт дүйнөгө агрессор көрсөтүүгө аракет кылышууда;
Жазасыз калып жаткан Киев режими бул үчүн Батыштагы кураторлоруна, биринчи кезекте Германия, Франция жана АКШга милдеттүү;
Россия Эл аралык кылмыш сотунан үмүтүн үздү. Ал жакка Донбасстын тургундарына каршы жасалган кылмыштар тууралуу 3 миңден ашык билдирүү жөнөтүлгөн, бирок эч кандай реакция болгон эмес;
Украинада калкты, анын ичинде аялдарды Куралдуу күчтөрдүн катарына кошуу үчүн көп жылдардан бери тоталитардык мобилизация жүргүзүлүп келет;
Москва Украинага "АнтиРоссиянын" ролун ойноого жол бербейт;
Украинадагы кылмыш аракеттерине аралашкан күнөөлүүлөрдүн баары жарандыгына карабай жоопко тартылат;
Лавров сөөктөрү Бучада көрсөтүлгөн адамдардын аты-жөнүн жарыялоого чакырып, бул өтүнүчү менен бир нече ирет кайрылганын, бирок эч кандай жооп болбогонун белгиледи.
БУУнун штаб-квартирасынын алдындагы желектер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Башаламандыкка бет алып...". Вашингтон дүйнө түзүмүн бузууну сунуштап турат
Жаңылыктар түрмөгү
0