Толук кандуу тамактанууда эмнеге маани бериш керек? Нутрициологдун кеңеши

© Фото / Pixabay/ ponce_photographyКуурулган жумуртка. Архив
Куурулган жумуртка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Жазылуу
30дан 69 жашка чейинки курактагы өлүмдөрдүн 85 пайызы эли жакыр жана ортозар жашаган өлкөлөрдө катталат.
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун нутрициологу Марина Дүйшөнкулова толук кандуу тамактануу үчүн сунуштарын берди.
Мекеменин маалыматына ылайык, жыл сайын жугуштуу эмес оорулардан жылына 41 миллиондой адам көз жумат, бул дүйнө жүзүндө катталган өлүмдөрдүн 71 пайызын түзөт. Ал эми жылына 30дан 69 жашка чейинки курактагы 15 миллион адам каза табат. Мындай өлүмдөрдүн 85 пайызы калкы жакыр жана ортозар жашаган өлкөлөрдө болгон. Тамеки чегүү, активдүүлүктүн төмөн болушу, алкоголду ашыкча ичүү жана начар тамактануу да буга негиз болот.
Мындан улам толук тамактануу үчүн бир нече сунуштар берилди.
Алар:
Түрлөп тамактангыла. Күнүмдүк рационго жашылча-жемиш, козу карын, дан жана буурчак өсүмдүктөрүнөн турган азыктар кеңири камтылышы керек. Малдын, балыктын, канаттуунун эти, сүт азыктары, май, жаңгак тууралуу дагы унутууга болбойт. Күнүнө картошка жана башка крахмал камтыган мөмөлөрдөн тышкары аз дегенде тамактын бештен бир бөлүгүн, жашылча жана жемиштер үчтөн бир бөлүгүн түзүш керек.
Күнүнө төрт-беш жолу аз-аздан тамак жеп, графикти сактоо зарыл.
Туздуу тамактарды азайткыла. Кадимки туздун ордуна йоддолгон же деңиз тузун колдонуу сунушталат. Анын курамында организм үчүн пайдалуу минералдык заттар болгондуктан өтө пайдалуу деп эсептелет. Кант кошулган таттууларды дагы кыскарткыла.
Суу ичүү керек. Суу теринин картаюусуна бөгөт коюу менен ага жагымдуу таасирин эле тийгизбестен, организмден зыяндуу заттардын чыгарылышына жана тамак сиңирүүнү жөнгө салууга түрткү берет.
Ал эми балдарга эненин сүтүнөн өтөрү жок жана ал когнитивдик өнүгүүнү жакшыртат. Бала келечекте ашыкча салмак кошуудан, ар кыл илдеттерден оолак болот.
Праздник летнего солнцестояния Валда шинясь в Татарстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2022
Иммунитетти бекемдөөчү негизги азыктар аталды
Жаңылыктар түрмөгү
0