Иммунитетти бекемдөөчү негизги азыктар аталды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүПраздник летнего солнцестояния "Валда шинясь" в Татарстане
Праздник летнего солнцестояния Валда шинясь в Татарстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2022
Жазылуу
Материалда адамдын саламаттыгына түздөн-түз таасир эткен негизги төрт витамин тууралуу жазылган.
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Рационалдуу тамактануу иммунитетти бекемдөөдө маанилүү ролду ойнойт. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору жарыялаган маалыматта айтылган.
Ага ылайык, тамактанып жатканда витаминдерге көңүл буруу шарт, себеби организм өзү андай заттарды иштеп чыкпайт, тек гана жеген тамактардан алат. С тобундагы витамини же аскорбин кычкылы иммунитеттин эң негизги жардамчысы болуп саналат. Аны ит мурун, карагат, капустанын бардык түрү (өзгөчө туздалганы), болгар калемпири, мөмө-жемиш, цитрус, жашылчалар жана сарымсактан алса болот.
С витамини микробдорду жок кылуу милдетин аткарган лейкоциттердин пайда болушун шарттап, организмдин коргоочу реакцияларын тездетет. Ошондой эле кубаттуу антиоксидант болуп саналат.
Кийинки сапта D витамини турат. Аны күнгө какталуу менен организмге сиңирип алса болот. Андыктан таза абада сейилдеп, болбосо күз-кыш мезгилинде иммунитетиңиз түшүп баратса солярий кызматтарын колдонуу сунушталат.
Ошону менен катар А витамини жок болсо иммунитеттин иштеши кыйындайт. Ал адамдын терисинин жана былжырларынын саламаттыгын камсыздаган негизги зат болбостон, организмде интерферон менен иммуноглобулинди иштеп чыгууга катышат. Иммундук клеткалардын иштешине жардам берет. А витамини балыктын майы, жумуртка, сүт жана уйдун боору менен азыктанганда толукталат.
Иммунитеттин эффективдүү иштеши үчүн дагы бир маанилүүсү цинк витамини. Ал эркектин жыныстык гормондорун туура иштеп чыгуу кызматын аткарат. Аны менен катар иммундук системанын клеткаларын активдүү колдоо үчүн керек.
Цинкти чогултуунун негизги булагы — балык жана деңиз азыктары, уйдун, койдун эти, уйдун боору жана жумуртка.
Бул материалда иммунитетти бекемдөөчү негизги гана азыктар аталганы белгиленген.
Кыз колун көкүрөгүнө басып жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2022
Кардиолог Токтосунова жүрөк ооруларын алдын алуунун жөнөкөй жолдорун айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0