Бишкектин айрым көчөлөрүндө төрт күнгө газ өчүрүлөт. Тизме

© AFP / INA FASSBENDERГаз плитасы. Архив
Газ плитасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2022
Жазылуу
Бул аралыкта эски газ өткөргүчтөн чыккан газды токтотуу иштери жүрөт.
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Бишкектин айрым көчөлөрүндө жана Аламүдүн айылында төрт күнгө газ өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 6-сентябрдан 10-сентябрга чейин эски газ өткөргүчтөн чыккан газды токтотуу иштери жүрөт. Мындан тышкары, компания Аламүдүн айылынын Панфилов көчөсүндө жер алдындагы газ түтүгүн оңдомокчу.
Мындан улам төмөнкү көчөлөрдө көгүлтүр от жок болот:
Аламүдүн дарыясы менен Гидростроительная, Алма-Ата, Набережная көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;
Панфилов, Кожожаш, Гоголь, Школьная көчөлөрү;
Иваницын көчөсү, 60-62 дареги.
Ишкана түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сурады.
Балык уулоочулук компанисы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2022
Өлкөдө ишканалардын саны өстү. Багыты
Жаңылыктар түрмөгү
0