Айып салынат. Салык кызматы бузук ККМ колдонгондорго эскертүү берди

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүКассалык чек. Архив
Кассалык чек. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2022
Жазылуу
Салык кызматы лотереянын катышуучуларынын саны 110 миңден ашканын айтып, күн сайын 76 миңге жакын чек сканерленип жатканын кошумчалады.
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы бузук контролдук-кассалык машина (ККМ) колдонгондорго административдик жоопкерчилик каралганын айтып, айып пул салынарын эскертти.
"Акыркы убакта Мамлекеттик салык кызматына "Чек талап кылып, байге утуп ал" лотереясына катышкандардан чектеги QR-коддун сапаты начар болгондуктан аны сканерлөө мүмкүн болбой жаткандыгы тууралуу көптөгөн даттануулар келип түшкөн. Мындан улам Салык кызматы бузулган ККМ колдонгон жеке жактарга 3 000 сом, юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге 13 000 сом айып каралганын эскертет", — деп айтылат маалыматта.
Контролдук-кассалык машиналар төмөнкү учурларда жараксыз деп эсептелинет:
Техникалык талаптарда каралган операцияларды аткарбаган же катасы менен аткарганда;
Кассалык чектерди жана отчётторду басып чыгара албаганда, окулбай тургандай кылып басып чыгарганда;
ККМде сакталган маалыматтарды чыгарып бере албаган учурда.
"ККМдин иштеп жатканын QR-кодду сканерлөө жолу менен, салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу же кассалык чектин QR-кодунун астында көрсөтүлгөн чектерди текшерүү сайты аркылуу өз алдынча текшерсе болот", — деп айтылат билдирмеде.
Салык кызматы лотереянын катышуучуларынын саны 110 миңден ашканын айтып, күн сайын 76 миңге жакын чек сканерленип жатканын кошумчалады.
Чек талап кылып, байге утуп ал! лотереясы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2022
"Салык чек" лотереясынын 2-туру качан ойнотулары айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0