"Армия–2022" форуму: РФтин Куралдуу күчтөрү жаңы техникага ээ болот

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүү"Армия-2022" форуму. Архивдик сүрөт
Армия-2022 форуму. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2022
Жазылуу
"Армия – 2022" форумунун шарапаты. РФ Куралдуу күчтөрү "Сармат", "Прометей", "Циркон", "Кинжалдуу" болмокчу.
"Армия – 2022" эл аралык аскер-техникалык форуму 72 өлкөнүн он миңдеген адистеринин, катышуучуларынын көңүлүн буруп, жогорку коргоо технологиялары жаатында Россиянын лидерлигин тастыктап койду.
Ошону менен бирге эле өнөктөштөргө илимий-өндүрүштүк багыттарды көрсөтүп, россиялык армия жана флотту кайра куралдандырууну тездеткенин белгилейт аскерий бандамачы Александр Хроленко.
15–21-август аралыгында өткөн форумда 525 млрд. рублге (8,75 млрд. долларга барабар) Россия Федерациясынын коргоо-өнөр жай комплексинин 24 ишканасы менен 36 мамлекеттик келишимге кол коюлду.
Россиянын Куралдуу күчтөрү жакынкы келечекте 3 700дөн ашуун жаңы техника үлгүсүнө ээ болот. РФ өндүрүшүндөгү соңку технологиядагы бирдиктердин Украинадагы атайын аскердик операцияда колдонуп жатышын, россиялык өнөр жайдын мүмкүнчүлүктөрүн, дүйнөдөгү азыркы аскерий-саясий кырдаалды эске алуу менен РФ Коргоо министрлиги мамлекеттик буйрутмага түзөтүү киргизген. Акыркы үлгүдөгү жана майнаптуу аскер техникаларын сатып алууга өзгөчө көңүл бөлүнгөн.
РФ Куралдуу күчтөрү континенттер аралык РС-28 "Сармат" баллистикалык ракеталарынын, С-500 "Прометей" зениттик-ракеталык тутумдарынын, "Циркон" жана "Кинжал" гиперүндүү ракеталарынын жаңы партиясын алат. Мындан тышкары, чалгындоочу "Лотос-М" спутниктери, фронттук Су-34 бомбалоочулары, Ка-52М, Ми-28НМ тик учактары, Т-90М "Прорыв", Т-80БВ жана Т-72Б3 бомбалоочулары, БТР-82А ок өтпөс транспортерлору, "Искандер-М", "Оникс" кемеге каршы, "аба – жер бети" тибиндеги тескелүүчү авиациялык ракеталары, башкарылуучу УАБ-20 бомбалары, "Иноходец", "Орлан-10", "Орлан-30", "Элерон-3", ошондой эле 06363 долбооруна таандык суу түбүндөгү үч дизель-электр кайыгына ээ болмокчу. Тизме булар менен эле чектелбейт, анткен менен берилген артыкчылыктар айдан ачык.
Жер орбитасынан океан түптөрүнө дейре коргонуу жөндөмүнүн (улуттук коопсуздуктун) эшелондоштурулган тутумун Россия улам чыңдап жана мыктылап турууну көздөйт. Ошону менен бирге эле РФтин Куралдуу күчтөрүнүн технологиялык артыкчылыгы кастарын тиккендердин мизин кайтарууну кепилдеп, россиялык жарандарга келечекке илгери үмүт менен кароого мүмкүнчүлүк түзөт.
24-февралдан соң Батыш өлкөлөрү Россиянын негизги эки союздашы армия менен флот экенине ынанышты. Ал эми Батыштагылар менен келишимдер алар түшүрүлгөн кагаздарга да арзыбай турганы анык болуп калды.
АКШ жана алардын "желдеттери" кандай документ болбосун өз "эрежелерине" тууралап, өз пайдасына чечмелеп же жөн гана макулдашуудан чыгып кете да алышат экен.
DXL-5 Опустошитель снайпердик винтовкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиялык "Опустошитель" америкалык "Барреттердин" катыгын берүүдө. Сереп

Өзгөчө кызыкчылык

Коргонуу жаатындагы жогорку технологиялар "океанында" багыт алуу оңой-олтоң эмес. "Армия – 2022" форумунун көргөзмө аянтчаларында, тагыраак, 30 субъектиде РФ курал жана техниканын 28 миңден ашуун үлгүсүн жайгаштырып, аталган өлкөнүн бурчу 1,9 млн. көрүүчүнүн, анын ичинде 85 чет өлкөлүк мамлекеттик делегациянын көңүлүн катуу бурганын айта кетели.
Ар бир өлкөнүн аскердик өнөр жайы үчүн стратегиялык багыттагы "Арктур" суу түбүндөгү роботтоштурулган крейсердик арктикалык долбоорунун үлгүлөрү чоң көмөк болот.
"Рособоронэкспорттун" башкы директорунун орун басары Александр Михеевдин айтымында, бешинчи муундагы Су-57 истребители жана Т-14 "Армата" танкынын таанытуу аземи адистердин, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан.
Бириккен авиакуруучу корпорациясынын башкы директору Юрий Слюсарь россиялык авиаташуучулар үчүн Су-57нин кеме вариантын иштеп чыкчу кез да ыраак эместигин белгиледи. Гиперүндүү "Циркон" жана "Кинжалдын", "Ангар" А5В ракета ташуучусунун сериялык өндүрүшүн айтпаганда да Россия форумга келген адистерди, катышуучуларды кыйла кызыктыра алды.
"Армия" форуму аскер жана кош багытындагы россиялык жогорку технологиялык өндүрүмдөрүн экспорттоого көмөкчү болуп келет. Армия менен флотту заманга бап курал-жарак, аскер жана атайын техника менен кайра жабдуу боюнча мамлекеттик саясаттын майнаптуулугун айгинелейт.
Аскер-техникалык кызматташуу алкагында "Рособоронэкспорт" 390 млн. доллардан ашуун каражатка эки келишимди дароо түздү. Бул багытта кеп дагы уланат...
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Армия-2022: айдоочусуз жүргөн автоунаа, өзү сүзгөн суу алдындагы кеме. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2022
"Армия-2022": айдоочусуз жүргөн автоунаа, өзү сүзгөн суу алдындагы кеме. Видео
Вепрь атомдук субмаринасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2022
Дүйнөлүк океандагы артыкчылык: "Лошариктин" сырлары
Жаңылыктар түрмөгү
0