Балам мени жаман көрөрүн ачык эле айтат. Бушайман эненин каты

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүБаласы менен эне. Архив
Баласы менен эне. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына баласына туура тарбия берүүнүн жолун сурап, эне-бала көйгөйүн айтып кайрылган аялдын каты жарыяланды.
Саламатсыздарбы! Менин сиздерге үй-бүлөлүк маселемди айтып кайрылууну эп көрдүм. Өзүмдүн үч балам бар. Үчөөнү тең удаа төрөдүм. Улуусу 3-класста окуп калды. Экинчиси 1-класс, үчүнчүсү бала бакчада. Улуу баламдын мүнөзү да оор, бирок ак көңүл. Анан балдар удаа болуп көп көңүл бура албай калдымбы деп чочулайм. Экинчи жагынан жаштыгымдан улам тажырыйбасыздык кылдым көрүнөт. Кичине кезинде берки балдарым менен алектенип, алардын жанында улуусу чоң көрүнүп эле "памперс алып кел, муну таштандыга сал" деп эле жумшап, уруша берчү экенмин. Азыр менден алыс болуп калды. Төрөп жатканда да толгоом келгени менен такыр төрөй албай кыйналып көпкө толготком. Анан айла жок операция жолу менен жарыкка келген. Азыр эмоциясын кармай албай кетет. Урушсам мени менен кошо айтышат же кээде мага тап берип кыйкырып калат. Бөбөктөрүн уруп койсо урушсам "сени жаман көрөм" дейт. Сөзүмдү укпай тескери жасап салат. Жолдошум дайыма жумушта болуп үчөөнү жалгыз карагам. Кээде мен да ачуумду кармай албай катуу урушуп салам. "Чоңойгон сайын мага тирек болбой, кайра түйшүгүмдү көбөйттүң" деп тилдеп жиберген учурум болот. Өзүмдү күнөөлөйм. Бирок баарын башынан баштай албайт экенсиң. Кантип балам менен мамилемди оңдойм. Балам мага кек сактап калды. Чаап жиберген учурларым да болду. Сөз укпай кежирленип, "сен эмнеге минтип салдың" деп мени күнөөлөп ыйлап, айтышкан учурунда кандай мамиле жасаарымды билбейм. Урушсам күчөйт. Унчукпай койсом да болбойт. Башкача тарбия берүү жолу барбы? Дептеринин бир жери чийилип же "момундай жаз" деп жазып койсом чуу чыгарат. Ушул майда көрүнгөнү менен үйдөгү жагымсыз абалды кантип оңдойм. Күйөөм да "баланын тилин таба албайсың, биринчи өзүңдү оңдочу" деп урушат. Балам ичинде болуп жатканын да көп айта бербейт. Жалгыз уулумдун келечегин тилейм, кийин келинчегин сыйласа экен дейм.
Келин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2022
Кайындарым менен туугандарым балдызыма үйлөн деп кыйнашууда. Жесил кишинин каты

Психолог Айнек Муратбекова:

— Саламатсызбы. "Балама туура эмес тарбия берип жатам, балама катуу айтып койдум, уруп алдым" деп кейиген апалар көп, сиз жалгыз эмессиз. Кабатыр болбоңуз, өзүңүздү күнөөлүү сезип жатканыңыз дагы табигый энелик инстинкт.
Психологдор ата-эне баласы тууралуу кандай гана көйгөй, маселе, абал менен келбесин, алгач ата-эненин өзү менен иштейбиз. Себеби бала — ата-эненин күзгүсү.
Алгач өзүңүздү байкап көрүңүзчү. Ар бир адам өзүнчө бир дүйнө. Сиз дагы бир дүйнөсүз. Сиздин дагы каалоо, муктаждык, сезимдериңиз бар. Алар канааттандырылып жатабы? Сиз да жакындарыңыздын колдогон жылуу сөзүн уккуңуз келет. Аларды угуп жатасызбы? Андай болбосо, жок дегенде өзүңүзгө өзүңүз жылуу сөз айтыңыз, өзүңүздү баалаңыз. Себеби бала өзүн атанын жарымын, эненин жарымын алган бир бүтүн деп кабыл алат. Ата-эне канчалык жан дүйнөсү, психологиясы күчтүү болсо, бала да күчтүү, саламат болот.
Балаңызга келсек, улуусу болгондуктан ага эрте жоопкерчилик берилет. Ошого жараша аткарган ишин мактаңыз. Анын канчалык маанилүү экенин билдириңиз, сездириңиз. Балаңызды изилдеңиз, байкаңыз. Ал эмоциясы жайбы же ылдамбы, кайсы эмоцияга кандай реакция кыларына көз салыңыз. Кайсы абалда өзүн кандай алып жүрөт, качан көңүлү ачык? Ушунун баарын байкаңыз. Балаңызды тааныган сайын анын кыймыл-аракетине, жүрүм-турумуна агрессивдүү мамиле кылбай каласыз.
"Чоңойдуң" деп өөп-кучактабай койбой, ага да көңүл буруңуз. Ар бир балаңыз менен чогуу эмес, өз-өзүнчө көбүрөөк өткөргөн убактыңыз болсун. Мисалы, дүйшөмбү күндү улуу балаңызга, шаршемби күндү ортончусуна, жума күндү кичүүсүнө арнаңыз. Жок дегенде эмоционалдык байланыш ушул күндөрү ошол балаңызга карата күчтүү болсун.
Бирин кубаттап, эркелетип, өөп, улуусун каратып калтырып койбогула. Энелик мээрим баарына жетет жана бала канча жашта болбосун ар дайым ага муктаж.
Балаңыздын оюн сураңыз. Катыңыздан көрүнүп турат, улуу балаңыз көңүл бурууга муктаж. Ал эми "мен сени жаман көрөм" дегени бул ошол учурда гана сизди жазалап жатканы.
Туура айтасыз, бардык нерсе майдадан башталат. Тарбиялоодо балдарыңызга кылбашыңыз керек болгон нерселер менен бөлүшөм:
бири-бири менен салыштырбаңыз. Ар бир адам индивидуалдуу, өзгөчө;
эмоцияларына тыюу салбаңыз. Ыйлаба, оозуңду жап, каткырба ж.б. Эмоциясын эмес, кыймыл-аракетин көзөмөлгө алыңыз. Мисалы, ачуусу келгени нормалдуу көрүнүш, бирок ачуусу келгенде бир нерсени ыргытса, сындырса же карындаш-инисин чапса, бул көзөмөлгө алынышы керек. Тагыраак айтканда, эмоцияга карата реакциясын контролдоону үйрөтүңүз;
критикалабаңыз, ал жаңы өсүп келе жатат. Мактаңыз, колдоңуз;
туура эмес кылыгын анын көзүнчө башкаларга, атасына айтпаңыз.
Түшүнөм, үч бала менен кыйын, башка да түйшүктөр бар. Бирок эң маанилүүсү, баланы уруп же урушуп алганда андан кечирим сураганды үйрөнөлү. Баланын жанына келип, көзүн карап "ооба, туура эмес кылдым, ачуумду кармай албай калдым, кечирип кой, мени кечиресиңби?" деңиз. Бул эң ылайыктуу жол, бала да психологиялык жактан жабыркабайт. Себеби адилеттүүлүк орноду.
Эркек менен аял жолугушууда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2022
Сиңдим менин өмүрүмдү сактоо үчүн капчыктуу кишиге көңүлдөш болуптур. Кыздын каты
Жаңылыктар түрмөгү
0