Саясатташкан динби же диний саясатпы? Диндердин тарыхын окутуу тууралуу

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүДиний кызматкер. Архивдик сүрөт
Диний кызматкер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2022
Жазылуу
Быйыл өлкөдө "Диндердин тарыхы" сабагы киргени турат. Аталган предметтин максаты келечекте жарала турган коркунучтардын алдын алуу экени айтылды.
Баарыбызга белгилүү болгондой эле светтик өлкөлөрдө дин саясаттан тыш. Деги эле дүйнөдө диндин табияты саясаттан сырткары экени белгилүү. Бирок соңку убакта дүйнөдө, анын ичинде диний көз караштарды карманган топтор саясий аренада активдүүлүгүн күчөтүүдө. Буга кандай себептер болушу ыктымал экендигине Шабдан Абылгазы уулу ой жүгүртүп көрдү.
Дүйнөдө теологиялык өлкөлөрдүн ичинен өзүн ислам өлкөсү катары расмий сыпаттаган мамлекеттер Иран, Пакистан, Афганистан, Мавритания жана Гамбия. Булардын ичинен аймактагы геосаясий оюндарда өзүн активдүү алып жүргөнү Иран. Мындайча алганда, ислам саясатын таратууда бул мамлекеттердин орду дүйнөлүк алкактан алганда океандын ичиндеги тамчыдай. Бирок соңку учурда дүйнө жүзүндө ислам дининин саясатка аралашуусу чочулоо менен кабыл алынат. Анткени ислам республикасы катары расмий онго жетпеген өлкө болгону менен исламдын тартиптери менен жашап, ал тургай шариятты өлкөнүн мыйзамы катары көргөн мамлекеттер андан көп. Алардын арасында исламдык террордук же радикалдуу топторду тымызын колдогондору да жок эмес. Муну менен кайсы бир аймакта, кайсы бир өлкөдө өз таасирин күчөтүүгө аракет кылышууда. Мына ошондон улам Жакынкы Чыгышта ар кандай күчтөрдүн тирешүүсү, анын натыйжасында ар кандай террордук актылар ислам динине көлөкө түшүрүп жаткансыйт.
Буга айрым өлкөлөрдө мусулмандар куугунтукка туш келип же болбосо такыр эле өз мамлекетинен айрылып калуу коркунучунда турганы себеп. Алар өз өлкөсү, өз иденттүүлүгү үчүн күрөштө террордук, диверсиялык жолдорду тандап алганында.
Мындай жагдай кошуна Афганистанда чоң көйгөй жаратып, соңку 30-40 жылда согуш басылбай келет. Албетте, диний көйгөй көп себептин бири бул өлкөдө. Ошентсе дагы көпчүлүгүн мусулмандар түзгөн, тарыхый жактан ислам менен жашап келген бул өлкөлөргө коммунизм же демократиялык түзүлүштү орнотуу аракети ийгилик менен коштолбой келет. Ар кандай радикалдуу топтор буга каршы туруп, натыйжада карапайым калк дагы жабыр тартууда. Бул саясатты дагы карап чыгуу зарылдыгы учурда көрүнүп калгандай. Антпесе, бул өлкө дайым конфликт токтобой турган аймакка айланып кетүү коркунучу бар. Учурдагы геосаясий абалды эске алуу менен мындай коркунуч саясий жана экономикалык туруктуу эмес өлкөлөрдө кайталанып калуу ыктымалдуулугу жогору. Кыргызстан алардын катарына киреби, ислам радикалдары канчалык өлкөгө коркунуч жаратышы ыктымал, ага кандай жагдайлар түрткү болушу мүмкүн жана анын алдын алуу үчүн кандай аракеттерди көрүү керек деген суроо жаралат.
Теолог Элмурат Кочкор уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2022
Радио
Теолог: Кудайды таанытпай туруп кыйнап сүйдүрүү мүмкүн эмес

Дин менен "ойногон", анын кесепетин ойлобогон саясатчылар

Мусулманчылыкты туткан коңшу Тажикстан, Өзбекстан айрым диний көрүнүштөр менен күрөшүп келет. Маселен коңшу Өзбекстанда сакалдарын мажбурлап алуу, мектепке жоолук салынып кирүүгө тыюу салуу сыяктуу аракеттери убак-убагы менен ЖМКларга чыгып калат. Мындай кадам өлкөнү ашкере исламдашуудан коргоо катары сыпатталып келет. Анткени бир кездерде исламчыл күчтөр Өзбекстандагы бийликти алууга ниеттенип, максат ишке ашпай калган.
Кыргызстанда мындай көйгөй дээрлик жок болуп келген. Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу бизде исламий күчтөр саясаттан тыш. Бирок соңку убакта диний көз караштагы адамдар бийликке умтулуп, ал тургай Конституциядан светтик деген терминди алууну көздөгөндөр бар экени байкалды. Буга бир нече объективдүү жана субъективдүү себеп бар. Алгач өлкө эгемендүүлүк алганда жаштар диний билимди дүйнөнүн төрт төгөрөгүнөн алышты. Алардын кимиси диндин кайсы агымына ыктайт, кимиси мамлекетке кооптуу деген талдоо, көзөмөл дээрлик жок эле. Ал тургай динди таанууга аттанган "дааватчылар" дагы кайдан, кимден таалим алып жатканы көзөмөл кылынган эмес. Натыйжада диндин ар кандай агымдары алгач муфтиятта бийлик талашууга, андан соң мамлекеттик бийликке барууга умтула баштаганы ачык эле көрүнүп калды.
Буга жол ачкан дагы бир себептердин бири өлкө башчылыгына, мамлекеттик кызматка умтулгандар дин менен "ойной" баштады. Карапайым калктын добушун алуу үчүн ажыга барып, мечит салып, намаз окуган саясатчылардын тобу көбөйдү. Арийне, ишенимине жараша мусулманчылыктын бул парздарын аткарууга ар бир адам укуктуу. Бирок динди кармануу менен упай топтоо бул моралдык жактан да, диний көз караштан да туура эмес. Ушул жерден айрым саясатчылардын диний ишенимдегилерден саясий упай топтоп жатканына далил катары мисалдардан келтире кетпесек, сөзүбүз куру болуп калчудай. Жогорку бийликти ээлеп турган эки адамдын бири намаз окуй турганын тымызын пропаганда кылып, элдин добушун алып, кийин анын оппоненти ал саясатчынын ичимдик иче турганын жар салганы коомчулукту таң калтырды. Ал эми дагы бирөөнүн кичи ажыга барган сүрөттөрү чыккан. Кийин ал дагы ичимдик ичерин моюнга алып, ал тургай паракорчулукка айыпталып түрмөдө жатат. Карапайым калк мунун баарын анализ кылып отурбайт. Адатта диндар адам болсо, жаман жолго барбаган адам катары сыпатталып, коомдо ошондой кабыл алынып калган. Мисалга соңку убакта "ыймандуу кыз, ыймандуу жигит" деген түшүнүктөр диний жолдо жүргөндөргө гана колдонулуп калды. А негизи ал сөз адептүү, жаман жолго барбай, түз жүргөн адамдын баарына колдонулчу. Азыр бул тар түшүнүк катары калыптанып, намаз окуса, мусулманчылыктын парздарын аткарган адамга гана тийиштүү болуп калгандай түр калтырат.
Бара-бара коомдун басымы күч алып, эл көзүнө динди бекем тутунган көрүнүп, ары барып динге жана коомго каршы ишти жасай бере турган топтор толуп кетпейби деген ой түйшөлтпөй койбойт. Мунун баарын жазып жатканда динге эч эле каршылыгыбыз жок экенин, аны тутуу ар бир адамдын жеке иши экенин дагы бир эскертип өтөлү. Айталы дегенибиз, диний билим берүү зарылдыгы турууда. Анткени электорат үчүн динге жамынган саясатчылар кийин тетири иштерди жасап, туура эмес мыйзамдарга каршы добуш берип, аны жаман көрсөтүүдө. Натыйжада дин кармануу саясатташып, аны менен бирге динди дагы саясатташтырып жиберчүлөр жок эмес экен. Ошондуктан дин саясатка аралашпайт дегенде саясатты да динге аралаштырбаш керектигин эске алуу зарыл. Мындай көрүнүш алдыда күчөп, көбөйүп кете бере тургандай. Ошондуктан диний ишенимди башка күнүмдүк максаттардан ажыратып, ошону аңдап, талдап, анан чечим кабыл ала турган коом тарбияланышы керек.
Билим берүү министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясынын жетектөөчү илимий кызматкери Муратбек Иманкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2022
Радио
Иманкулов: диндердин өнүгүү тарыхы сабагында окуучуга баа коюлбайт

Диний билим берүү бул динди окутуу эмес

Диний билим берүү десе молдону алып келип тозок менен бейишти айтып берүү деп түшүнбөш керек. Пайгамбарлардын жашоосу, өмүр баяны аркылуу жакшы-жаманды, диндин (бардык диндердин) коомдогу ордун өспүрүмдөргө түшүндүрүү керек. Деги эле дин деген эмне? Аны кандай кабылдаш керек, канча дин бар жана кандай кооптуу агымдар бар деген сыяктуу суроолорго мектептен жооп алынышы зарыл. Ал эми медреседен динди тереңирээк окутулганы, анын маани-маңызы, функциясы жана диндин ичиндеги айрым маселелерди коомго жеткирүү үчүн аларга билим берилсе натыйжа берет беле деген ой жаралат. Бул багытта диндин тарыхын окутуу боюнча предмет киргизилип жатат. Ал демилгени сынга алгандар арбын болгону менен, бул ишти алгачкы кадам катары сыпаттап коюу зарыл. Анткени бара-бара арабча жазылган барак көрсөтсө эле ээрчип кете турган коомдун келип калышын алдын алуубуз керек. Себеби канчалык светтик билим берилсе дагы диний түшүнүк болбосо, акыры ал дин кармангандар менен светтик көз караштагылардын ортосунда ажырымды чоңойтуп, келечеги коркунучтуу жагдайларга алып келиши ыктымал. Ортодогу ажырымды кандайдыр бир геосаясий кызыкчылыктар үчүн колдонууну каалагандар чыкпайт деп ким кепилдик берет?

Расмий орган эмне дейт

Ошол эле учурда бул опурталдуу маселе болуп жаткан соң аны бардык деңгээлде жакшылап бышырып, жакшы даярдык менен киргизүү зарылдыгы турганын эч ким талашпаса керек. Маселен, ошол эле тарыхчы жана теологдор сабак өтөрү айтылууда. Ал үчүн тарыхчыларды алардын квалификациясын жогорулатуу мерчемделүүдө. Бул үчүн убакыт жетишсиз болуп, даярдык жок, чукул арада киргизилип жаткандай сезилет. Анткени мындай олуттуу сабакты өтүү үчүн даярдык дагы ошого жараша жүргүзүлүшү керек эле. Анткен менен министрлик диндердин өнүгүү тарыхы сабагы шашылыш кирип жатат деген пикирге кошулбайт. Маселен, Билим берүү министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясынын лаборатория башчысы Муратбек Иманкулов аталган маселе 2008-жылдан бери көтөрүлүп келе жатканын. Анын маалыматы боюнча, учурунда диний билим берүү маселеси кеңири талкууланган. 2014-жылдын 3-февралында Коргоо кеңешинин "Дин маданиятынын тарыхы" курсу кирсин деген чечими чыккан. Ошол эле жылдын 7-февралында ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин аталган предмет киргизилсин деген жарлыгы чыгып, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Билим берүү жана илим министрлигине тийиштүү тапшырмалар берилген. Ошол жылы Коргоо кеңешинин тапшырмасы менен анын концепциясы иштелип чыккан. Ага ылайык, жумушчу автордук топ түзүлүп, "Дин маданиятынын тарыхы" деген китеп даярдалып, 2015-2016-окуу жылында 10 мектепте сынактан өткөн. Анын алкагында кемчиликтери айтылып, өлкөдөгү катталган диндердин өкүлдөрү менен талкууланган. 2017-жылдын августунда өкмөттүн 544-токтому менен аталган сабак 56 мектептен сынактан өткөрүү менен окуу процессине киргизилсин деген чечим кабыл алынган. Натыйжада коомчулуктун пикирин эске алуу менен оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Бирок коронавирустук пандемияга байланыштуу ал предмет киргизилбей токтоп калган. Иманкулов быйыл президент атайын буйрук чыгарып, 7-8-9-класска кирсин дегенин, 9-класстын китеби мурда чыгып, үч жолу сынактан өткөнүн, 7-8-класстын китептери даярдалып, сынактан өткөндөн кийин гана окуу процессине киргизилерин билдирди.
"Тозокко жол дагы жакшы ниеттер менен салынган" делет. Анын сыңары, ниет жакшы болгону менен "артык кылам деп тыртык кылды" дегендей болуп бул демилге тескери натыйжа берип калбашы керек. Ал үчүн "жети өлчөп бир кесип", диний билим берүү боюнча маселе ийленип, бышырылып анан мектепке киргизилсе деген эле тилек. Ансыз диний саясатты жүргүзөбүз деп динди саясатташтырып албашыбыз керек.
Мечиттеги мусулман. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2022
Статком Кыргызстанда диний уюмдардын саны канчага жеткенин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0