Статком Кыргызстанда диний уюмдардын саны канчага жеткенин айтты

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүМечиттеги мусулман. Архивдик сүрөт
Мечиттеги мусулман. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2022
Жазылуу
Өлкөдөгү диний уюмдар 11 жыл аралыгында 1 154кө көбөйгөн.
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кыргызстанда 3 433 диний бирикме жана уюмдар каттоодон өткөн. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитетинин 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча чыгарган жыйнагында камтылган.
Ага ылайык, диний уюмдардын саны жыл сайын өсүп жатат. 2010-жылы 2 279у катталса, ушул кезге чейин ага дагы 1 154 уюм кошулган.
Анын ичинен конфессиялар боюнча бөлүп эсептегенде ислам динин кармангандардын 3 007, христиандардын 412 уюму бар. Иудаизм менен буддизм динине ишенгендер бирден бирикме ачышкан. Башка диний агымдар жана ишенимдер 12ни түзөт.
Автоматчан киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2022
Кыргызстанда тыюу салынган диний, экстремисттик 21 уюмдун тизмеси
Жаңылыктар түрмөгү
0