"Путин туура айткан". Батыш Украинага жардамын качан токтотот

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт
Россия президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2022
Жазылуу
Батыш санкциялары Россия экономикасына бир топ залал келтиргени менен Москва ага Евробиримдиктин өзүнө караганда жакшы даярдык көргөн.
Россиянын санкияларды жеңип чыгуудагы ийгилиги акыры Батышты Украинага көрсөткөн колдоосун кыскартууга аргасыз кылат. Чет элдик аналитиктер Москва атайын операциянын жүрүшүндө эле эмес, экономикада да үстөмдүк кылып жатканын белгилешүүдө. АКШ менен ЕБдин орус-украин тирешине көз карашы эмне себептен өзгөрүп жатканына РИА Новости баам салган.

Ийри отуруп түз кеңешүүгө көп бар

Politico басылмасынын авторлору, абройлуу Defense Priorities аналитикалык борборунун жана согуш менен тычтыкты изилдеген Зельман институтунун кызматкерлери Москва менен Киевдин эпке келүүсү күмөн деп жатышат.
Алардын айтымында, буга себеп ого эле арбын. Биринчи кезекте президент Владимир Зеленский курал-жарак үзгүлтүксүз келип турат деген бекем ишенимде. "АКШнын 9 миллиард долларга бааланган аскердик жардамы токтоп калат дешке эч негиз жок", — деп жатышат аналитиктер.
Мындан тышкары, украин тарап жасаган сурамжылоого ылайык, жергиликтүү калк да компромисске даяр эмес. Демек, Зеленский саясий карьерасы үчүн деле диалогго барбайт.
Россия тууралуу айтып жатып авторлор Батыштын санкциялар атайын операцияны өтөсүнө чыгарууга жолтоо болот деген эсеби оңунан чыкпай калганын белгилеп келишет. Россия согуш талаасында бир топ ийгиликке жетүүдө, ал эми экономикалык чектөөлөр Евробиримдиктин өзүнө сокку уруп жатат. "Европалыктар инфляциянын жогорку чегине жана энергоресурстун кымбатташына туш болушту, ал эми Россиянын жаратылыш газын жеткирүүнү чектеп коюшу Европанын жүрөгү болгон Германияны көгүлтүр от түгөнүп калбашы үчүн кескин кадамдарга барууга мажбурлап жатат".
Батыш санкциялары Россия экономикасына бир топ залал келтиргени менен Москва ага Евробиримдиктин өзүнө караганда жакшы даярдык көргөн.
Лондон шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Bloomberg: Европа Украинага далысын салууда

"Энергетикалык санкциялар иштеген жок"

Буга чейин Россияга далысын салып келген Politico басылмасындагы бул макала Батыштын украин көйүнө көз карашы өзгөрүп жатканын айгайлаган бир бучкак эле. Ошол эле учурда Bloomberg "(Антироссиялык) энергетикалык санкциялар иштеген жок" деген аталыштагы макаланы жарыкка чыгарды.
Басылма ушул март-апрель айларында эле Батыш саясатчылары Сауд Аравиясы менен БАЭ башында турган ОПЕК Россия менен тилектештиктен кечет деп келишкен.
Бирок алар ойлогондой болгон жок. Бул Москванын рыноктогу эле эмес, саясаттагы да жеңиши эле: "АКШ президенти Жо Байдендин Эр-Риядга жасаган сапарына карабастан Путин ОПЕК+ альянсынын ичинде таасирин сактап кала алды. Америкалык лидер кеткенден кийин Сауд Аравиясына Россиянын вице-премьери, аталган картель менен түзүлгөн алакага жооптуу Александр Новак барган. Андан бир нече күн өткөндөн кийин ОПЕК+ нефть өндүрүүнүн көлөмүн болор-болбор жогорулатканын жар салды. Бул дүйнөлүк энергетика рыногуна кысымды улантууда".
Мындай жагдай Москва нефть сатып эле Европага сатылган газдын кирешесинен баш тартып кое аларын айкындап турат. Июлда өндүрүлгөн мунайдын көлөмү жыл башындагы көрсөткүчкө дээрлик кайтып келди, күнүнө орточо 10,8 миллион баррель казылууда. "Бул кокусунан эле көтөрүлүп кеткен сан эмес: үч айдан бери нефть өндүрүүнүн көлөмү өсүп жатат, — деп жазган Bloomberg. — Россия жаңы кардарларды табууда, сатылып жаткан мунайды европалыктар санкциялардан улам сатып ала албай калган. Нефтинин басымдуу бөлүгү Азияга, негизинен Индияга, Түркия менен Жакынкы Чыгыш мамлекеттерине сатылууда".
Ал арада Евробиримдик өлкөлөрү инфляция жана башка экономикалык көйгөйлөргө нааразы болгон элин катаал кышка даярдап жатат, акырындап тарифтер көтөрүлүүдө. "Улуу Британияда баа 75 пайызга жогорулашы мүмкүн, ал эми Германиянын айрым коммуналдык кызматтары кымбаттоо 100 пайыздан ашарын айтып эскертүү берип жатышат", — деп жазган америкалык басылма.
РФ сенатору Алексей Пушков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пушков: лидерлери Украинаны колдогон сайын Батыш эли утулуп бара жатат

Киевге жардам кыскарышы мүмкүн

Кремлдин энергетикалык жарыштагы ийгилигин белгилеп жатып чет элдик аналитиктер эми Батыш же өз элинин муктаждыгын, же украиналыктардын кызыкчылыгын тандашы керектигин кошумчалаган.
"Путин экономикалык кысымга учураган Батыш акыры Украинага жардамын азайтат деди. Айтканы туура чыгышы толук мүмкүн", — дешкен Politico басылмасынын авторлору.
"Суук, электр энергиясынын көп керектелиши жана баанын өсүшү жыл аягында Батыштын Украинага көрсөткөн колдоосун солгундатышы ыктымал, — дейт Bloomberg. — Киевге көрсөткөн жардамын жарнамалап эл аралык коомчулуктун алкоосуна татымак болгон европалык саясатчылар үчүн энергетикалык дефицитти алдын алууга кыйла маанилүү".
Украинага көрсөтүлгөн көмөктүн азайышы тууралуу айтылган божомолдор четинен тастыкталып жатат. Сентябрда Киев 900 миллион евро боюнча карызынан кутулушу керек, мындан кийинки транштардын келечегине көз каранды. Германия украиналыктар насыя милдеттенмелерин аткармайынча жардамдын кийинки пакеттери токтотула турарын жар салды.

Тынчып калбаш керек

Ушу тапта Украинадан карызын төлөшүн эле эмес, "жерде" да ийгилик көрсөтүшүн күтүп жатышат. Азырынча Киевдин мактана турган эч нерсеси жок, дал ушул нерсе батыштагылардын пикиринин өзгөрүшүнө негиз болууда. "Украина Куралдуу күчтөрү үчүн абал жакшы эмес, сезилерлик жеңиши да жок, — дейт саясат таануучу Сергей Михеев. — Жалпы маанай ушул нерседен улам өзгөрүп жатат. Бул эксперттик жана коомдук пикирге таасирин тийгизүүдө".
Бирок Михеевдин айтымында, бул таасирдин натыйжасы азыр эле байкала калат дешке болбойт. "Албетте, АКШ же Евробиримдик саясатын дароо өзгөртүп жибербейт. Акча тартыш экенин моюндап, Москва менен компромисске баруу керек дей калышпайт. Батыш үчүн газдын баасы жана элдин муктаждыгынан жогору турган нерселер бар".
Демек, бир жагынан Киевдин майнапсыз аракети жана санкциялардын кесепети нааразычылыкты күчөтө берет. Экинчи жагынан бул Москва ушул процесстерге басым жасашы керек дегенди түшүндүрбөйт, мурда кандай кадамдарды жасап келсе, ошол тейде кете бериши керек дейт саясат таануучу.
Россиянын стратегиялык изилдөөлөр институтунун алдыңкы эксперти Олег Неменский дал ушундай эле пикирде. Анын айтымында, АКШ менен Европада Батыштын санкциялык саясатына сын реалдуу бийликтин эмес, оппозиция жана аналитиктердин деңгээлинде гана жаңырат.
"Батыш лидерлери логикага эмес, идеологиялык түшүнүккө басым жасап, дүйнөгө үстөмдүк позициясын сактап калууга аракет кылышат. Кептин баары ушунда. Бул үчүн ресурсу жетишсиз болсо да тандап алган жолунан тайып кете алышпайт", — деп түшүндүрдү эксперт.
Жамааттык Батыштын орус-украин багытындагы жаңы саясаты тууралуу сөз кылууга али эрте. Жок эле дегенде бул үчүн лидерлер алмашышы керек.
Украинанын аскерлери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кытай: АКШ Украина боюнча канча актанбасын, ага эч ким ишенбейт
Жаңылыктар түрмөгү
0