https://sputnik.kg/20220817/aksh-ukraina-aktanuu-ehch-kim-ishenbejt-1066857911.html
Кытай: АКШ Украина боюнча канча актанбасын, ага эч ким ишенбейт
Кытай: АКШ Украина боюнча канча актанбасын, ага эч ким ишенбейт
Sputnik Кыргызстан
Кытайлык журналист Россиянын НАТОго байланыштуу тынчсыздануусун мыйзам ченемдүү деп эсептейт. 17.08.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-08-17T11:47+0600
2022-08-17T11:47+0600
2022-08-17T11:47+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
кытай
украина
акш
россия
атайын операция
саясат
https://sputnik.kg/img/07e6/08/11/1066857755_0:0:3073:1728_1920x0_80_0_0_a335b34a7a37c614b46fe59e9f6880ef.jpg
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. АКШ Украинадагы кырдаалга күнөөлүү эмес экенин далилдөөгө аракет кылып жатат. Бирок эл аралык коомчулук Вашингтонго ишенбейт. Бул тууралуу Кытайдагы "Чжунго цзюньван" гезитиндеги макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.Басылманын баяндамачысы Се Линьлинь Россиянын НАТОго байланыштуу тынчсыздануусу мыйзам ченемдүү экенин айтып, АКШны мурдагы советтик республикалардын аймагындагы жаңжалдарга негизги "демилгечи" катары айыптады.Макалада айтылгандай, АКШ Россия менен чыр-чатакты тутандырууга кызыкдар. Анткени муну менен Америка Европаны өнөктөш катары Москвага каршы тукуруп, ЕБдин үстүнөн көзөмөлдү күчөтүп алат.Украинадагы атайын операция 24-февралдан бери уланууда. Президент Владимир Путиндин айтымында, түпкү максат — Донбассты бошотуу жана Россиянын өзүнүн коопсуздугуна кепилдик бере турган шарттарды түзүү. Союздук күчтөр буга чейин ЛЭР менен ДЭРдин бир топ жагын, анын ичинде Волноваха, Мариуполь жана Святогорск шаарларын толугу менен бошотушкан.
https://sputnik.kg/20220817/zelenskijdin-kensesi-krym-kopurosun-kyjratuu-nietinde-1066855750.html
кытай
украина
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/11/1066857755_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_46832e935967b49a2984014ab26b5133.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, кытай, украина, акш, россия, атайын операция, саясат
дүйнөдө, кытай, украина, акш, россия, атайын операция, саясат
Кытай: АКШ Украина боюнча канча актанбасын, ага эч ким ишенбейт
Кытайлык журналист Россиянын НАТОго байланыштуу тынчсыздануусун мыйзам ченемдүү деп эсептейт.
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. АКШ Украинадагы кырдаалга күнөөлүү эмес экенин далилдөөгө аракет кылып жатат. Бирок эл аралык коомчулук Вашингтонго ишенбейт. Бул тууралуу Кытайдагы "Чжунго цзюньван" гезитиндеги макалага шилтеме берип
РИА Новости жазды.
Басылманын баяндамачысы Се Линьлинь Россиянын НАТОго байланыштуу тынчсыздануусу мыйзам ченемдүү экенин айтып, АКШны мурдагы советтик республикалардын аймагындагы жаңжалдарга негизги "демилгечи" катары айыптады.
"Украина кризиси АКШ өкмөтүнүн "отко май куюусунун" натыйжасы. Анткени АКШ өзүнүн гегемониясын сактап калууга жанталашып жаткан кези. Кошмо Штаттар өзүн күнөөсүз деп көрсөтүүгө аракет кылганы менен ал эл аралык коомчулукту алдай албайт", — деп жазган Линьлинь.
Макалада айтылгандай, АКШ Россия менен чыр-чатакты тутандырууга кызыкдар. Анткени муну менен Америка Европаны өнөктөш катары Москвага каршы тукуруп, ЕБдин үстүнөн көзөмөлдү күчөтүп алат.
Украинадагы атайын операция 24-февралдан бери уланууда. Президент Владимир Путиндин айтымында, түпкү максат — Донбассты бошотуу жана Россиянын өзүнүн коопсуздугуна кепилдик бере турган шарттарды түзүү. Союздук күчтөр буга чейин ЛЭР менен ДЭРдин бир топ жагын, анын ичинде Волноваха, Мариуполь жана Святогорск шаарларын толугу менен бошотушкан.