Иштеше албайм. Алымкадыр Бейшеналиев убактылуу министр Касымбеков тууралуу

© Sputnik / Асель СыдыковаСаламаттык сактоо министринин милдетин аткарып жаткан Жаркынбек Касымбеков. Архивдик сүрөт
Саламаттык сактоо министринин милдетин аткарып жаткан Жаркынбек Касымбеков. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2022
Жазылуу
Бейшеналиев анын реформаларына бут тоскон адамдардын бардыгы менен иштеше албай турганын белгилеген.
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин милдетин аткарып жаткан Жаркынбек Касымбеков башталган реформаларды мыйзамсыз деп токтотуп койду. Эгер кайра министр болуп калсам, ал адам менен иштеше албайм. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине кызматынан четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Ал убактылуу министр реформалардын айрымдарын себепсиз токтотуп салганына нааразы болду.
"Мен жокто иштин баары токтоп калды. Баштаган реформаларымды аягына чыгарышым керек. Эгер президент чечим кабыл алып, кайра министр болуп калсам реформаларыма бут тоскон адамдар менен иштешпейм. Убактылуу министр менин реформаларым, буйруктарым мыйзамсыз болуп калганын айтып, популисттик билдирүү жасап жатат. Ошол себептен аны менен бирге иштеше албайм", — деди Бейшеналиев.
Кызматынан четтетилген министр ага жети эмес, бир эле кылмыш иши козголгонун да белгиледи.
Эске салсак, саламаттык сактоо министринин милдетин аткарып жаткан Жаркынбек Касымбеков буга чейин өткөн маалымат жыйында Алымкадыр Бейшеналиевдин медициналык колледждерди жаап, жеке менчик жогорку окуу жайлардын №6 формасын артка чакыртып алуу тууралуу чыгарган буйругу мыйзамсыз болгонун айткан.
Мындан тышкары, уу коргошун колдонууга каршы экенин айтып, бул болгону "хайп" болгонун белгилеген.
Ал арада Бейшеналиевдин жактоочусу ИИМ министрге карата козголгон кылмыш ишин кыскартканын билдирип, ал кайрадан cаламаттык сактоо министри болууга толук укуктуу экенин белгилеген. Көп өтпөй Алымкадыр Бейшеналиев кайрадан министр катары жумушка чыгууга даяр экенин маалымдап, президенттин чечимин күтүп жатканын кошумчалаган.
Президенттик администрация бул маселе боюнча чечим кийинки жумада кабыл алынарын айтты.
Эске салсак, Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кармап, ага жети кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Кийинчерээк мамлекет башчы Жапаров Зулушевди Бейшеналиевге карата кылмыш иши тергелип бүткүчө кызматтан убактылуу четтеткен. Буга экөөнүн мамилеси себеп болгон.
14 күндөн кийин Бейшеналиев үй камагына чыгып, Зулушев кызматына кайткан. Ал арада президент атайын комиссия түзүп, бул жагдайды иликтеткен. 16-июнда аталган комиссия өз ишин жыйынтыктаган.
Мурдагы саламаттык сактоо министрини Алымкадыр Бейшеналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2022
Пресс-борбор
Хайп болду. Убактылуу министр Касымбеков уу коргошун колдонууга каршы чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0