Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украина эгини чынында кайда кетүүдө? Сереп

© Sputnik / Дмитрий Макеев / Медиабанкка өтүүЗапорожье областында дан эгиндерин чаап-жыйноо иштери
Запорожье областында дан эгиндерин чаап-жыйноо иштери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2022
Жазылуу
Афганистан, Сирия жана Ирактагы гуманитардык апаатка чындап себеп болгон НАТО өлкөлөрү бул жолу да башкалардын муң-зарынан пайдаланууда деп эсептейт эксперт.
Дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүндөгү ачарчылык көйгөйүн чече турган украиналык эгин жүктөлгөн кемелер бардар жашаган Европага кетип жатат. Sputnik кургак жүктөрдүн багытын изилдеп, талдап көрдү. "Гуманитардык" жүктөр кайда кетүүдө? Дүйнөлүк азык-түлүк каатчылыгына ким күнөөлүү? Баяндамачы Лев Скляр ушул суроолорго жооп издеген.

Европа менен БУУ Африканы ачарчылыктан кантип "сактаган"?

Атайын аскердик операция башталгандан бери Россияга катар-катар санкциялардын аркасынан дүйнөлүк ачарчылык коркунучун жараткандыгы үчүн айыптоолор да "жааган". "Дан согушун тутантып", Украинадагы "эгинди уурдап" жана жаңы "ачарчылыкты" баштап, ошондой эле украиналык портторду бөгөттөөгө Москваны күнөөлөшкөн.
Макрон менен Шольц биринен экинчиси озуп, Одесса менен Черноморскиден дан жеткирилбесе, Африка жана башка жакыр аймактардын баарын сөзсүз ачарчылык, дарт жана согуш тооруйт деп кайталашкан. "Биз бул жакыр өлкөлөрдү таштап койбойбуз, сөзсүз колдоого алабыз", – деп убада берген немец канцлери.
Ушундай эле кылыктарды Бириккен Улуттар Уюму да кайталаган. Май айында аталган уюмдун башкы катчысы Антониу Гуттериш 43 өлкөнүн "ачарчылыкка" кабылуу коркунучу турганын, Афганистан, Сирия жана Йеменде эмитен эле азык-түлүктүн курч таңсыктыгы сезилип жатканын белгилеген. БУУнун көз карашына ылайык, НАТОнун басып кириши жана Батыш тарабынан шыкакталган согуш эмес, албетте, бул көйгөйдү да россиялык-украиналык жаңжал күчөткөн.
Ошентип июль да келди. Россия, Украина, Түркия жана БУУ "азык-түлүк келишимин" түзөт. Аскерлер Одесса жана Черноморскиден украиналык буудайды чыгарып кетүүгө тоскоол болбойт. Биргелешкен комиссия кемелерде курал аткезчилиги бар-жогун текшерип, ал эми БУУ россиялык айыл чарба өндүрүмдөрүн дүйнөлүк рынокко чыгарууга коюлган бөгөттү жоюуга милдеттендирилет. Баары бакубат, жакыр африкалык өлкөлөр ачарчылыктан кутулуп, ал эми Европага Россияны айыптоого себеп калмак эмес. Анткен менен иш жүзүндө андай болбоду.
© SputnikКуда уплывает украинское зерно
Куда уплывает украинское зерно - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2022

Сүзүп жөнөдү...

БУУда украиналык жүгөрүнүн деңиз аркылуу ташуунун башталышы "өмүрлөрдү куткаруучу" деп сыпатталган. Бирок кимдердин өмүрү экенин так айтышкан эмес. Украиналык азык-түлүк толгон бир дагы кургак жүк али ачарчылык тооруган – Йемен, Сомали же Эфиопияга аттана элек. Одесса менен Черноморскиден чыккан кемелер Европага карай багыт алууда.
1-11-август аралыгында Украинанын портторунан сүзүп чыккан 12 кургак жүктүн экөө гана Африка жана Жакынкы Чыгышка жөнөгөн. Бирок Razoni балкери ташыган биринчи жүктөн "катуу муктаж болуп турган" ливандык жабдуучу баш тарткан. Ошентип Россия "жолтоо болуп жаткан" дан алигүнчө Түркиянын жээгиндеги якордук токтотмо жайында жаңы сатып алуучу күтүп турган. Анткен менен "биринчи дүйнөнүн" өлкөлөрү андан баш тартпады. Дал ушул тапта азык-түлүк жүктөлгөн эки кеме Италия жана Грецияга жөнөп, өсүмдүк майы жана дандагы өз үлүшүн Хорватия менен Ирландия да күтүүдө. Ал тургай бай мамлекеттердин бири – Түштүк Корея да 65 миң тонна жүгөрү сатып алганы маалым.
Бирок "гуманитардык" каттамдардын эң көбү (үч жүк) "азык-түлүк келишиминин" катышуучуларынын бири Түркияга кеткен. Украинадан ташылган 375 миң тонна дандын 217 миң тоннасы европалык сатып алуучуларга тийген.
Дан эгин менен жабдуунун географиясындагы дагы бир кызыктуу факт – алардын багыты жөнүндөгү БУУнун маалыматтарынын шайкешсиздиги. 13 миң тонна жүгөрү ташыган Rojen кемеси британиялык Тиспортко аттанмак. Бирок Черноморскиден сүзүп чыкканында ал багытын өзгөртүп, италиялык Равенна портуна карай бет алган. Marine Traffic сайтындагы маалыматтарга караганда, ал азыр Адриатика деңизинде сүзүп баратат.
© Фото / Marine Traffic

Rojen кемеси

Rojen кемеси - Sputnik Кыргызстан
1/3

Rojen кемеси

© Фото / Marine Traffic

Mustafa Necati кемеси

Mustafa Necati кемеси - Sputnik Кыргызстан
2/3

Mustafa Necati кемеси

© Фото / Marine Traffic

Star Helena кемеси

Star Helena кемеси - Sputnik Кыргызстан
3/3

Star Helena кемеси

1/3

Rojen кемеси

2/3

Mustafa Necati кемеси

3/3

Star Helena кемеси

Күн карама майы жүктөлгөн Mustafa Necati кемеси да Италияга эмес, Хорватияга багыт алган. Кургак жүк ташыган Star Helena да Кытайдын ордуна Грецияга карай сүзүп кеткен. Кыязы, сатып алуучулар акыркы мүнөттө "аукцион" өткөрүп, Киевге өз бааларын сунуштаган өңдүү.
Европанын дүкөндөрүндө нандын кымбатташын ооздуктоо жана калктын нааразылыгын жоюуга кандайдыр бир чара көрүү зарыл эмеспи. Ал эми украиналык олигарх жана саясатчылардын капчыгынан ашыкча акчага дайым орун табылары бышык. Мурдагы сүйлөшүүлөрдүн мааниси жок, себеби ким көбүрөөк төлөсө, музыканы дайым ошол койдурат.

"БУУнун саясий билдирүүлөрү"

Булардын баары Бириккен Улуттар Уюмунун толук деградациясынан болбосо да, анын саясатташып кеткени жана Батыштын кызыкчылыгына баш ийгенин айгинелеп турат. "БУУ, Украина, АКШ менен Европа биримдиги башынан бери эле ачарчылыкка кабылган өлкөлөргө көмөктөшүүнү пландаган эмес" деген пикирде Россия дан эгин союзунун президенти Аркадий Злочевский.
"Кол коюлган келишимдердин эч биринен алар эгин менен африкалык мамлекеттерди же анык бир сатып алуучуларды жабдууга тийиш деген милдеттенмелерди көрбөдүм. Ким акчасын төлөсө, ошого жеткирип жатышат. Бул кадимки эле көрүнүш", – дейт эксперт.
Афганистан, Сирия жана Ирактагы гуманитардык апаатка күнөөлүү НАТО өлкөлөрү бул сапар да башкалардын кайгысынан пайда көрүштү. Ал гана эмес, өз аракеттери менен Африка жана Азиянын жакыр аймактарындагы ачарчылык коркунучун дагы күчөттү.
Украиналык дан эгин Киев койгон миналардын жана согуштук аракеттердин кесепетинен порттордо калып, Батыштын санкцияларынын айынан россиялык азык-түлүк дүйнөлүк рынокторго эптеп жетип турган. Бирок ачарчылыкка кабылган африкалыктар үчүн Бириккен Улуттар Уюму, Европа биримдиги жана Америка Кошмо Штаттары Москваны айыптоону улантат. Себеби шайлоочулары Батыштын ыйыктыгы жана "каардуу орустар" баянына ынанып турганда алар согуштун эсебинен мындан ары да пайда көрө алышат.
Буудай түшүмүн жыйноо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш ачкачылыкка даярданууда. Дүйнө Россиянын эгинин күтүп жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0