Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Батыш ачкачылыкка даярданууда. Дүйнө Россиянын эгинин күтүп жатат

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүБуудай түшүмүн жыйноо. Архив
Буудай түшүмүн жыйноо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2022
Жазылуу
Акыркы мезгилде азык-түлүк каатчылыгы эң эле талуу маселеге айланууда. Муну Украинадагы аракети менен Россия шарттап, дүйнөнүн басымдуу бөлүгүн ачарчылык менен өлүмгө кептеп жаткан имиш.
Айтып-дечүлөр өтө эле көп, кызарып-татарбай эле "Россия азык-түлүктү санкцияларды жойдуруу үчүн куралга айлантууда" деген Батыш дипломаттары да, Батыш ЖМКлары да (Украина тууралуу айтып да кереги жок) көбөйдү дейт россиялык журналист Вадим Павлов. Макаланы РИА Новости жарыялады.
Ошондо Батыштын пикиринде Россия ааламды кантип ачкачылыкка кептөөдө? Көрсө, Украина эгининин экспортун бөгөттөп, кемелердин чыгышына тоскоолдук жаратып, уурдап (андан ары сатууга), өрттөп, элеваторлорду жардырып, запасты түгөтүп, транспорт инфраструктурасын кыйратып жатыптыр.
Батыш ЖАМКлары менен саясатчыларынын айтымында, мунун баары Жер калкы үчүн кесепеттүү келип, ансыз да оор болуп турган азык-түлүк коопсуздугуна ого бетер күч келтирет экен.
Бир караганда жөндүү кептей туюлат, анткени Украина дүйнөнү эгин менен камсыз кылган бирден-бир аймак эмес беле. Элди дүрбөткөн Батыш басылмаларынын дээрлик бардыгында "Россия менен Украина биригип дүйнөлүк рынокту буудайдын 30 пайызы менен камсыздайт" деп жазышууда. Туура. Бирок бул сүйлөмдөн Россия дегенди алып кое турган болсок, дүйнөлүк масштабда Украинанын үлүшү сезилээрлик болгону менен "ал болбосо өлүп калабыз" деген чектен кыйла алыс.
Россия Украинаны кошпогондо деле ири эгин экспортчусу болуп саналат. Тастыктоо үчүн БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун ачык маалыматтарына бир көз жүгүртүп коюу жетиштүү.
Эгиндин түрү көп эмеспи, бирок Батыш буудайды бетке кармап жаткандан кийин биз да ушул дан тууралуу кеп кылалы.
Россия буудай өндүрүү боюнча дүйнөдөгү үчүнчү мамлекет жана ири экспортер. Көлөм боюнча биринчи турган Кытай менен Индия эгинин ички рынокко жумшайт. БУУнун Азык-түлүк уюмунун маалыматы боюнча, 2020-жылы Россия 37,3 миллион тонна буудай экспорттогон, дүйнөлүк үлүшү 20,4 пайызды түзөт. Ошол эле Украинанын үлүшү он пайызга жетпейт (18 миллион тонна), өлкө беш ири экспортердун аягында турат.
Мындан улам Россияга кошулуп айтылганда Украинанын үлүшү чындап бараандуудай көрүнөт (экөө кошулуп 30 пайызга чукул), бирок бөлүп карай келгенде Украина чыгарган көлөм анча салмактуу эмес болуп чыга келет.
Анда эмне себептен бул эки өлкөнү дайым кошуп айтып келишет? Кооптуулукту, украин эгининин айланасындагы чууну күчөтүп туруу үчүн окшойт да.
Азыркы кырдаалдын сүрөттөлүшү чындап жүрөк үшүн алчудай. Дээрлик ааламды багып жаткан Украинада экспортко жөнөтүлчү 25 миллион тонна эгин туруп калыптыр. Муну айрым ЖМКлар, саясатчылар, керек болсо өлкө башчысы Владимир Зеленский айтып жатат.
Украинанын эгин ассоциациясынын президенти Николай Горбачев июнда өткөн Дан боюнча эл аралык кеңештин конференциясында андан ары кетип, өлкөнүн карамагындагы аймакта 30 миллионго чукул эгин турганын жар салды.
Буудай түшүмүн жыйноо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2022
Россия эгинди куралга айландырдыбы? Еврокомиссиянын айыптоосуна ТИМ жооп берди

Чын эле абал ушундайбы? Талдап көрөлү.

Украинанын кадыр-барктуу делген "АПК-Информ" маалыматтык-аналитикалык агенттигинин айтканы боюнча, 2021-жылы өлкө 83,7 миллион тонна буудай алган. 1-июлдан баштап жыл соңуна чейин 32,2 миллион тонна экспорттогон. Атайын операциянын башталышына чейин — 1-январдан тарта 24-февралга дейре чет жакка дагы 11,1 миллион тонна сатылды.
Атайын операцияга чейин экспорттолгон эгинди эсепке алганда ошол учурда Украинада 40,4 миллион тонна дан калган. Ички керектөөнү да чийип салалы.
Эгин боюнча эл аралык кеңеш ички рынокко 27,8 миллион тонна кетти десе, USDA (АКШ Айыл чарба министрлиги) 28,5 миллион сарпталды деп жазып жатат. Эгер аны жылына 28 миллион тонна керектелди деп тегеректеп, айга бөлсөк, Украина ай сайын болжол менен 2,3 миллион тонна буудай жей турганы анык болот. Былтыркы жылдын июлунан февралга чейин 18,7 миллион тонна эгин коротулган. Демек, атайын операция башталганга чейин Украинада 21,7 миллион тонна эгин калышы керек болчу.
Бирок Зеленский 25 миллион тонна эгин экспорттолбой турганын, ал эми Эгин ассоциациясынын башчысы 30 миллион тонна жатканын айтты.
Айдоо-себүү иштеринен бери төрт ай өттү. Атайын операция маалында керектөө эки эсе азайган (элдин сыртка агылышы, малдын азайышы) күндө деле Украина март-июнь аралыгында 4,6 миллион тоннадан кем эмес буудай жеген.
Анын үстүнө экспорт азайганы менен таптакыр токтоп калган жок. Ачык маалыматтарга караганда, аталган төрт айда өлкөдөн 3,05 миллион тонна буудай чыгарылган. Дагы эсептейли: июлга чейин Украинада болжол менен 14 миллион тонна эгин калган.
Бул жөнөкөй эсеп АКШ Айыл чарба министрлигинин маалыматы менен төп келип жатат. Алардын айтканы боюнча, Украина айыл чарба жылын 13,4 миллион тонна эгин менен жыйынтыктаган. АКШ президенти Жо Байден Украинадан Россия жолун бууп салган 20 тонна эгинди алып чыгуу керектигин эмнеге таянып айтты болду экен? Өзүнүн эле министрлиги менен маалыматы эки ача болуп жатканы кызык.
Дагы бир маселе. Эмне үчүн бардык маалыматты чогултуп, аны ачык кармаган АКШнын Айыл чарба министрлиги ушу кезге чейин унчукпай отурат? Чындыкты билишет да, өздөрү эсептеп чыгышкан.
Баса, айтылып жаткан 13-14 миллион тонна деле шарттуу эсеп, Украина мынчалык коррупциялашпаганда, жашыруун схемалар менен эгин сыртка агылбаганда буга эч кылчактабай ишенүүгө болот эле. Тилекке каршы, көп жалдын бери эле Украинанын дан сакталган кампаларынан өтө кызыктуу маалыматтар келүүдө.
2020-жылдын июнунда Украинада Мамлекеттик резервдин аудити жүргөн. Анын натыйжасында резерв 97 пайызга бош экени аныкталган болчу. Стратегиялык запасты, 2,7 миң вагон эгинди чычкан жеп салыптыр. Ал эми калган үч пайызы чириген, пайдаланууга мүмкүн болбогон дан болуп чыкты. Украиналык чычкандардын акылдуусун карабайсызбы.
Мындан тышкары, ал жан койбогон чычкандар Мамрезервдин Тернополь облусундагы структурасына да жетип, 150 вагон эгинди коромжу кылган. Дан ташыган вагонго 72 тонна эгин жүктөсө болорун эскерте кетели. Бшкача айтканда, чычкан 200 миң тоннадан ашуун эгинди жеп салган экен, эгер бир чычкан суткасына орточо эсеп менен үч грамм дан жей турганын эске алсак, ал кампаларда миллиардга чукул чычкан жүргөнүн боолголосо болот.
Бул көйгөйдүн чети эле, санай берсе улам чубалып чыга берет. Андыктан Украинада акыркы айларда бир да грамм дан уурдалган жок, 13-14 миллион тонна эгин турат дегенге ишенүү кыйын.
Кайрадан украин бийлиги, Батыш өлкөлөрү, ЖМКлары айткан 25-30 миллион тонна кайда калды деген суроо туулат.
Кимдир бирөө калп айтып жаткандай. Украинанын агрардык саясат жана азык-түлүк министринин биринчи орун басары Тарас Высоцкийдин айтымында, быйыл 50 миллион тоннанын тегерегинде түшүм алынат.
Анча жаман эмес. Украина канча жылдан бери эле жылына 35-45 миллион тонна алып келет, демек, быйылкы сезонду абдан жакшы деп мүнөздөсөк болот.
Ал эми Россия 130 миллион тонна түшүм алууга даярданууда (рекорд 135,5 миллион тонна менен 2017-жылы катталган). Буудай боюнча 87 миллион же андан көп делип, рекорд болушу мүмкүн экени айтылып жатат.
Россия президенти Владимир Путин өлкө дүйнөлүк рынокко 50 миллион тонна эгин чыгарууга даяр экенин жар салды (былтыр 37 миллион тонна сатылган).
Демек, Россия дүйнөлүк рыноктон түшүп калган Украинанын ордун оңой эле басып кое алат, мындан улам украин эгининин экспорту маанилүү маселенин тизмесинен чыгып калмакчы.
Батыш негизи шашпай отуруп ойлонуп, азык-түлүк каатчылыгына чындап эмне себеп болуп жатканына баш катыруусу керек сыяктанып калды.
Нан сатып жаткан аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2022
БУУ: Украинадагы жаңжалдан улам 15 млн. адамды ачарчылык тоорушу мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0