Вашингтондун Зеленскийге дубай саламы. Киевди айланган кара булут

© AP Photo / Ukrainian Presidential Press OfficeУкраина президенти Владимир Зеленский. Архивдик сүрөт
Украина президенти Владимир Зеленский. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2022
Жазылуу
Amnesty International (AI) уюмунун Украина согуштук аракеттердин тартибин бузду деген доклады Батыштагылардын баары эле Киевди колдой бербесин көрсөттү.
Президент Владимир Зеленский эл аралык укук коргоочулар Москванын кызыкчылыгын көздөөдө деп айып тагууда. Чет жактагылардын Украина саясатына берген баасы эмне себептен өзгөрүп жатканына РИА Новости баам салган.

Эл аралык нормалардын бузулушу

"Украинанын согуштук аракеттерди жүргүзүү ыкмасы тынч тургундардын өмүрүнө кооптуулук жаратат" — бул Amnesty International жасаган докладдын негизги өзөгү. Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, Украина Куралдуу күчтөрү аскер жабдуусун жарандык объектилерге жакын эле эмес, анын ичинде да орнотуп жатат. Оорукана, мектептер пайдаланылууда.
"Мындай тактика эл аралык гуманитардык укукту бузуп, жарандык объектилерди бутага айландырууда. Биз украин күчтөрү тынч тургундардын өмүрүнө кооптуулук жаратып, согуш мыйзамдарын бузган учурларын каттадык", — деди AI башкы катчысы Аньес Калламар.
Уюм далил катары жергиликтүү жашоочулардын көрсөтмөлөрүн, спутниктен тартылган сүрөт, видеолорду келтирди. "Украин күчтөрү соккуларды калктуу конуштардан жасашкан, ошондой эле 19 шаар менен кыштакта позициясын жайгаштырган. Жоокерлер отурукташкан аймактын басымдуу бөлүгү фронт линиясынан бир нече чакырым эле аралыкта болгон. Ошол эле учурда элди кооптуу аймактан чыгарып кетүү аракеттери байкалган эмес", — деп айтылат докладда.
Брюссель шаарындагы Евробиримдигинин имаратынын алдындагы митинг - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2022
Евробиримдиктеги мүчөлүк үчүн Украина кыйроо жолуна түштү
Мисалы, украин армиясы мындай ыкманы Николаевдин түштүк аймагында, Лисичанскиде, Харьковдо колдонду. Жоокерлер турак үйлөргө жакын жайгашып, бирок тургундарды эвакуациялаган эмес. Мунун баары жай жашоочулар арасындагы өлүмдү шарттады.
"28-апрель күнү Харьковдун жака-белиндеги медициналык лабораториянын эки кызматкери украин күчтөрү комплекстин аймагында база түзгөндөн кийин жаракат алышкан. Госпиталдарды согуштук максатта колдонуу эл аралык гуманитардык укуктун айкын бузулушу болуп саналат", — дейт AI.
Мындан тышкары, уюмдун кызматкерлери 29 мектептин 22синен бөлмөлөрдү аскердик позицияга айланткан жоокерлерди аныктаса, кээсинен согуштук аракеттердин ачык далили болгон ок-дары менен паекторду тапкан.
Украинанын Коргоо министрлиги AI ишинин жыйынтыгына түшүндүрмө берүүдөн баш тарткан, бирок президенттин кеңсеси пикирин билдирди.

Кескин реакция

Доклад жарыкка чыгары менен уюмдун украиналык бөлүмүн жетектеген Оксана Покальчук кызматтан кетти. Айтымында, ал Украина куралдуу күчтөрү тарабынан эреже-тартиптин бузулушу тууралуу текст жарыяланбайт деп бекем ишенген.
Документти Владимир Зеленский да сындап чыкты. Президент укук коргоочулар Москва тарапта болуп жатканын айтып, докладды "Россияны амнистиялоо аракети" деп атады.
Ал эми Россиянын АКШдагы элчилиги AI иликтөөсүнүн жыйынтыгын, тескерисинче, жакшы кабыл алып, "иликтөө Америкага туура натыйжа чыгарууга жардам берерине" үмүт артып турат.
Киевдин кескин сынынан кийин укук коргоочулар кошумча билдирүү жасап, бирок докладдын текстин сайттан алган жок.
Северодонецктеги салгылашуу учурунда украиналык жоокер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык жалданма жоокер Украинанын армиясын "жиндиканага" салыштырды
AI уюмунун резонанстуу отчету башка жаңжал күчөп турган маалда чыкты. Американын CBS каналы Украинага чет жактан жөнөтүлгөн курал-жарак тууралуу фильм тартып, техниканын 60 пайызы фронтко жетпей көмүскө базарга чыгып кетерин көрсөткөн.
Amnesty International уюмунун кризистик кырдаал боюнча улук кеңешчиси Донателла Ровера абалды турукташтыруу үчүн жөнөтүлгөн курал террорчулардын колуна тийип калган Ирак менен Афганистанды мисал келтирген. Ровера менен CBS эксперттери Украинада курал-жарактын жеткирилиши чет жактан көзөмөлдөнө турган мониторинг механизмин түзүүнү сунуштап жатышат.
Мунун баары саясатчылар арасында да, жөнөкөй комментаторлор арасында да катуу сын жаратты. Нааразы болгондор авторлорду Киевге көрсөтүлгөн жардамдын токтошун ушинтип жаап-жашырып жатышат деп айыпташууда. Демек, Россиянын кызыкчылыгын көздөп жатат дешти.
Натыйжада фильм телеканалдын сайтынан алып салынды.

Зеленскийге белги

Amnesty International формалдуу көз карандысыз структура деп эсептелгени менен өкмөттүк институттар менен тыгыз байланышта экени көптөн бери маалым. Уюм АКШнын Мамлекеттик департаменти жана башка ведомстволору тарабынан каржыланып келет. Amnesty International тигил же бул өлкөдө кандайдыр бир көйгөйгө тушукса дал ушул америкалык дипломаттар таламын талашып чыгат. Зеленскийдин да катуу чычалаганы жөн эмес, Вашингтондон дубай салам экенин жакшы түшүнүп турат.
 Украинанын ичинде да Батыш президентке көп ишенбей калды деген кептер бар. Муну медиа айдыңындагы сын материалдар, ошол эле Германиянын Киевге жөнөткөн кезектеги жардамынын олку-солкулугу тастыктап турат.
Анткен менен "Минченко консалтинг" фондунун президенти, саясат таануучу Евгений Минченко ушу тапта Батыш үчүн Зеленский актуалдуу фигура бойдон каларын билдирди. Президентке айтылган сын пикирге жасалган реакция буга далил. "Украина тараптын айтканынан күмөн санаган бардык көз караштар кысымга учуроодо. Amnesty InternationaI уюмунун кечирим сурашы, тасманын сайттан алынышы да ушундан. АКШ үчүн кырдаал абдан ыңгайлуу, Вашингтон азыркы көрүнүш Россияны алсыратууга жардам болот деп эсептейт", — деп түшүндүрдү эксперт.
Танктарды коштоочу Терминатор аскердик унаасы Харьков облусунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донбасстагы жагдай: үч калаадагы украиналык "чептер" кыйрады
Саясий маалымат борборунун башкы директору Алексей Мухин да Батыш Зеленскийден жүз үйрүүдө деп айтууга али эрте экенин белгиледи. Бирок акыры боло турган иш экенин да четке какпайт.
"Зеленскийдин убактысы бар. Ошентсе да Украина президентинин башынан кара булут айлана баштаганы айныгыс факт. Ишеними сынган Батыш айлакерлик кылууда. Башында россиялык операция тез арада эле жеңилүү менен аяктайт деп эсептеген. Батыш оюнчулары моралдык жактан утушка ээ болмок. Бирок тилеги таш каап, эми алар күнөөлүү тарапты издеп жатат", — деди саясат таануучу.
Ал эми Amnesty International доклады тууралуу айтып жатып Мухин аталган уюм расмий түрдө объективдүүлүк принциптерин карманарын, ошентсе да "калыс байкоочу макамын сактоо үчүн таанылбай турган нерселерди таанып, кийин тенденциялык докладдарды чыгарып келген" кемчиликтери бар экенин белгиледи.
Эксперттердин пикиринде, аягында эртеби-кечпи, Зеленский айланасындагы бир ууч адамы менен садага чабылат. Бирок мындай абал Россия менен болгон мамилени эч өзгөртө албайт. Зеленскийдин ордуна Батыш дагы бир муун-жүүнү бош адамды коюп, акырына чейин колдоого алат.
Украинанын президенти Владимир Зеленский. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Зеленскийдин ордун басчу киши издеп жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0