Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

АКШ Зеленскийдин ордун басчу киши издеп жатат

© AFP / RONALDO SCHEMIDTУкраинанын президенти Владимир Зеленский. Архивдик сүрөт
Украинанын президенти Владимир Зеленский. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2022
Жазылуу
Кечээ жакында эле Киев режиминин башчысы ЖМК оозунан түшүрбөгөн глобалдуу фигура эле. Экинчи Черчилль деп да жиберишти. Британ империясын кыйроого алып келген бул кишини ысымы колониялык элитанын эң эле өзгөчөлөнгөн адамдарына ыйгарылып келет.
Анан эле Зеленскийди көкөлөтүп жаткан америкалык конгрессмендер, журналисттер, ал тургай укук коргоочулар кайра жамандай башташты. Көрсө, Украинада абал алар ойлогондой эмес экен. Жагдайга россиялык журналист Виктория Никифорова баам салып, макала РИА Новости агенттигине жарыяланган.
Солчул элита фашизмге ыктаган "Азов"* бандиттик тобун эстешти. Бүгүнкү күндө америкалык жана европалык улутчулдар аларга тажрыйба алмашуу үчүн барып жатышат. Орустар алардын баарын денацификацияласа го жакшы, бирөө-жарымы калып калсачы? Мекенине кайтып геноцид уюштурсачы деп жатышат солчул интеллигенттер.
МАГАТЭ жетекчилиги Запорожье АЭСинин украин тараптын аткылоосун араң байкады, ооз учунан тынчы кетип жатканын айтты. Буга да рахмат. Болбосо жүрөк үшүн алган чагымчылык аракеттерин көп байкачу деле эмес беле.
Ойлобогон жерден легендарлуу Amnesty International үн катып таң калтырды. Чуу түшүргөн докладында укук коргоочулар аскер техникасын турак үйлөргө, мектеп, ооруканаларга жайгаштырып, Украина эл аралык укукту бузуп жатканы айтылат.
Ага чейин эле Батыштын укук коргоочулары Зеленскийди "Украинанын жарандык эркектери" сыяктуу азчылыктын укугун бузуп жатат деп катуу талоонго алышкан. "Жарандык эркектер" деген аталыштын өзү кызык, бирок бир ай мурун Украина Генералдык штабынын башчысы Валерий Залужный резервдегилерге жашаган жеринен кетүүгө тыюу салган буйрук чыгарган болчу.
Окуя башталары менен украиналыктардын көбү өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылышкан, бирок чек арачылар аялдар менен балдарды гана өткөрүп, эркектерди кайра артка кайтарган. Жасалмаланган маалым каттар да, тынчтыктын жактоочусу экени да, азчылыктын өкүлүмүн деген жүйө да жардам бере алган эмес.
Украинанын батыш чек арасында окуя башкача өңүттө нук алган. Эркектер аябай кыйналды. Абройлуу Foreign Policy басылмасы америкалык күйөөсү менен Польшанын чек арасынан өтүүгө аракет кылган эркек качкындын окуясын жазган. Күйөөсүнө уруксат берип, өзүн чыгарбай коюшкан. "Алар менин гей экениме карашкан жок, — деп нааразы болгон украиналык. — Алар менин жыныс мүчөмө гана карашты".
Танктарды коштоочу Терминатор аскердик унаасы Харьков облусунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донбасстагы жагдай: үч калаадагы украиналык "чептер" кыйрады
Мындай окуялардын баары Зеленский жарандык украин эркектеринин укугун бузуп жатат деген кинени шарттады. Президент айтылгандарга кулак төшөп, буйрукту жокко чыгарган. Бирок дагы бир маселе жаралып түйшүккө салды.
Бу жолу Зеленскийге мекендеши Виктория Кульгейко (турмуштагы фамилиясы Спартц) көйгөй жаратууда. Баса, анын карьерасы Зеленскийдикине караганда кыйла ийгиликтүү экенин айта кетели.
Кульгейко 1978-жылы Украинанын Носовка аймагында жарык дүйнөгө келген. Пионер, жалаң "бешке" окуп, мектепти алтын медаль менен бүткөн. Бир ирет Киев — Москва багыты боюнча поездде баратып америкалык жигит менен таанышып калат. 2000-жылы ага турмушка чыгып, 2006-жылы АКШ жарандыгына ээ болгон. Саясий карьера жасап, 2020-жылы республикачылардан АКШ конгрессине өкүл болуп шайланды. Түзүк, ээ?
Бүгүн Кульгейко-Спартц конгрессте Киев алардын акчасын уурдап, жеткирилип жаткан курал-жарактын оңду-солду сатылып жатканын жар салып кесиптештеринин көзүн ачууда. Ал Зеленскийден оюнду токтотуп, чындап согуш баштоону талап кылып келет. Болбосо украиналыктар кафелеп калган экен, жок, мындай болбойт, баары фронтко жөнөшү керек!
АКШ ичинде Спартц "Украинаны экинчи Афганистанга айлантууга жол бербейбиз" деген ураан менен иштөөдө. Республикачылар аны айта берип, азыр үтүктү сайсаң деле Спарт сүйлөп жаткан болот. Сындаганы менен демократтар деле Кульгейконун сөзүн көбүрөөк айта башташты.
Киевдин Американын акчасы менен курал-жарагын уурдап сатканы эмес, бул тууралуу АКШнын өзүндө айтыла баштаганы таң калычтуу. Афганистанда мындай көрүнүш ондогон жылдар бою болуп келген, эч ким унчуккан эмес. Тездик менен алмашкан афган лидерлерине курал-жарактын сатылышынан өз үлүшүн алууга эч ким жолтоо болгон жок. Зеленскийдин мындан жолу көп жок экен.
"Украина президенти Батыш ЖМКлары жазгандай экенинен шегим бар, — деди Sky News алып баруучусу Кори Бернари. — Батыш ЖМКлары Украинада Зеленскийдин тушунда этникалык орустарга жасалган акылга сыйгыс мамиле тууралуу айтпай жатат... Украинадагы жарандык согушту аягына чыгарам деген, колунан келген жок". Таң калычтуу, туурабы? Акыры көздөрү ачылып келе жатат окшобойбу?
Украина башчысы Владимир Зеленский  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2022
Зеленский ЕБди Украинага акчалай жардамды атайын кечеңдетип жатат деп айыптады
Жок, америкалык өнөктөштөрдүн моралдык жагы дайым аксап келген. Обком болгону Зеленскийди алмаштырчу киши издөөгө киришти. Артист ишти эптей албай калды шекилдүү. Бүгүнкү күндө прогрессивдүү ЖМКларда Зеленскийдин ордун каршылашып келген генерал Залужный басып калды.
"Украина каршылыгынын үлгүсү", "легенда", "темир генерал" — Батыш азыр Генералдык штабдын жетекчиси Валерий Залужный тууралуу ушинтип жазууда. Украиналык Vogue журналы жаңы эле фотосессия жасап бүттү. "Украиналык балдар генералдын атын өз оюндарында пайдаланышууда" деп жазды Straights Times. Айтор, Батыш азыр Залужныйга орустарды жеңет деп чоң үмүт артып турат.
Зеленскийди жергиликтүү улутчулдар анча жактыра бербеси маалым. Акыркы айларда украин армиясынын ичинде да хейтерлери көбөйүп кетти. Залужный чыгарган буйругун Зеленский жокко чыгарып, эл көзүнчө сөгүш жарыялаганда кандай абалда болгонун элестетип көрүңүз.
Баса, Черчилль тууралуу. Туура 60 жыл мурун Түштүк Вьетнамдын колониялык администрациясын америкалыктар койгон Нго Динь Зьем башкарып келген. Абдан интеллигенттүү адам экени айтылат. "Жаңы Черчилль" атыккан үчүнчү өлкөлөрдүн биринчи саясатчысы болду. Муну ошол кездеги вице-президент Линдон Жонсон айкан эле, сөз баарына жагып, гезиттердин баары басып чыккан.
АКШ Түштүк Вьетнамды курал менен камсыздап, Түндүк Вьетнам менен согушууга мажбурлап келген. Бирок түштүктөгүлөр Нго Динь Зьемди анча жактыра беришчү эмес. Баарынан да узун бойлуу, кең далылуу генерал Зыонг Ван Минь жек көрүп, президент коррупцияга белчесинен батып, согуштук аракеттер тууралуу маалыматтарды душманга берип турат деп айыптаган.
Үч жыл өтүп-өтпөй Жаңы Черчиллден америкалык кожоюн тажай баштайт. Ага каршы уюштурулган кутумчулукка ЦРУнун катыштыгы бар-жогун тарыхчылар ушу кезге чейин талашып келет, ошентсе да америкалык атайын кызмат президентке каршы уюштурулуп жаткан чагымчылык тууралуу маалымдар болгон соң күзөттү алып койгону анык. Путч генерал Зыонг Ван Миндин жетекчилиги алдында ишке ашкан. 1963-жылдын 2-ноябрында Жаңы Черчиллди уурдап кетишип, жер төлөдөн атып өлтүрүшкөн. Эч ким деле кейиген эмес. Линдон Жонсондун ага алы келбей калган эле, окуядан 20 күн өткөн соң Далласта Кеннеди атып өлтүрүлүп, Жонсон АКШ президенти болуп калган.
Ал эми генерал Миндин Вьетнам согушунун бардык баскычынан басып өткөнү кызык. 1975-жылы (кезектеги президент качып кеткен соң) ал Түштүк Вьетнамдын капитуляциясын жар салып, бардык ишти Түндүк Вьетнамга өткөрүп берген. Башы бошоп, 85 жашка чейин тынч өмүр сүрүп, өз ажалынан өлдү. 1990-жылдары өлкө жетекчилиги Минге "Вьетнам баатыры" наамын ыйгаруу тууралуу да ойлонгон жайы бар.
Бул окуяны эмне максат менен эстегенимди деле билбейм. К;ээде кызыктай окшоштуктар болот эмеспи... Айрым учурда Зеленский үчүн алыскы Мордовия түрмөсүнө камалуу да оңой жол сыяктуу сезилип кетет. Театр уюштуруп, элдин көңүлүн ачып дегендей... Таланттуу адам эле.
* — Россияда тыюу салынган террордук уюм
Энергодардагы Запорожье АЭСиндеги муздатуучу бассейн агрегаттары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ ТИМи: Украинанын өзөктүк объектилеринде чагымчылык болушу ыктымал
Жаңылыктар түрмөгү
0