Евробиримдиктеги мүчөлүк үчүн Украина кыйроо жолуна түштү

© AFP / KENZO TRIBOUILLARDБрюссель шаарындагы Евробиримдигинин имаратынын алдындагы митинг
Брюссель шаарындагы Евробиримдигинин имаратынын алдындагы митинг - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2022
Жазылуу
Украиналыктардын кыялы акыры ишке ашты. Еврокомиссия Евробиримдик өлкөлөрүнө Украинаны уюмга мүчө кылып кабыл алууга талапкер катары кароону сунуштап, эми Брюсселде 23-24-июнда өтчү саммитте бул маселе кабыргасынан коюлат.
Эгер 27 мамлекеттин бири да каршы болбосо, Украина же Украинадан калган нерсе Евробиримдикке мүчө болууга талапкер аталып калмакчы. Эмне дейбиз, кут болсун. Украиналыктар буга жетүү үчүн узак жана оор жолду басып өттү дейт россиялык журналист Виктория Никифорова. Макала РИА Новости агенттигине жарыяланды.
Мүчөлүк үчүн мурунку СССРдин республикасы бүтүндөй өнөр жайы менен илимин жоготуп, аскерий, космостук жана башка жогору технологиядан кур жалак калды. Дарыгерлерден инженерге, профессорлордон тарта ракета куруучуларга чейин жогорку квалификациялуу адистерден кол жууду.
Негизи Россия менен байланышын үзгөн Украинанын экономикасы Европага жүз буруп, өнүгүүнүн башкача жолуна түшүшү керек эле. Бирок Европа атаандаш аттууну көп жактыра бербейт эмеспи. Евробиримдик Украинадагы деиндустриализацияны кош колдоп кубаттап-сүрөп берди. Ошол эле убакта жаш, сулуу кыздардан тарта жашы өтүп калган окумуштууларга чейинки баалуу кадрлардын баарын чыгарып кетти. Өнөр жай кыйрап, өлкө жакырчылыкка кептелген соң дээрлик кул базарга айланып калды.
Цивилизациялык деградацияга да күбө болдук. Шаардын айылдан айырмасы болбой калды. Бүгүнкү күндө мунун кесепети баарыбызга ачык-айкын көрүнүп турат — фашизм, Россия жана Путиндин өзүн дубалоо сыяктуу акылга сыйгыс массалык иш-чаралар. Бир сөз менен айтканда өлбөгөн төрт шыйрагың эле калат.
Албетте, мындай шартта эмиграция украиналыктардын башкы кыялына айланары турулуу иш эле. Кудайдын каарына калган жерде мамлекет түптөө... Жок, ким антмек эле. Акылдуулар алчусун болушунча алып эртерээк Батышка ооп кетүүгө умтулушту. Көбүнүн ою оңунан чыкты. Акыркы 30 жыл ичинде Украина миллиондогон жаранынан кол жууду. Киев режими керек болсо демографиялык катастрофанын масштабын ачык айтуудан жүрөксүп, эл каттоо жүргүзбөй келет.
Бирок ашкере акылдуулар бир баштык менен эле кетип калууга макул эмес эле. Алар Украинадан бүтүндөй облус, шаар, регион менен көчүп кетишти. Анткени акыл-эси ордунда болгон кишилер орус тилине салынган тыюу, ар кандай жүрүштөр, "москаляку на гиляку" (орусту асып салуу) менен жашай алмак эмес.
Мындан улам табигый жол менен Украинадан Крым, Донецк жана Луганск бөлүнүп кетти. Эми алардын артынан Херсон, Мелитополь, Мариуполь да кеткени турат. Батыш аймагындагы жашоочулар Польшага кошулабыз деп үмүт артууда. Айтор, Украинанын азганактай бөлүгү гана калды.
Андан да украиндерди бирин калтырбай мобилизациялап, Россиянын жогорку профессионал жоокерлерине жана ДЭР менен ЛЭРдин тажрыйбасы мол бөлүктөрүнө каршы согушууга фронтко айдап жиберишти. Жоготуу абдан көп, муну азыр Зеленский да мойнуна алууда. Чынында адам башына салгыс мүшкүл бул.
Жалпылап айтканда өлкө жеринен, байлыгынан, сыймыктанар адамдарынан ажырады. Өзүн "це Эуропа" сезип, "москалдардын" алдында мактануу үчүн курмандыкка чалып жиберди. Эмне дейбиз, аябагандай "жолдуу" келишим.
Эуропалыктар мындан 30 жыл мурун эле Украинага ЕБге мүчөлүктүн көшөгөсүн акырын ачып койду. Брюсселдин көрчү пайдасы да айдан ачык: Чыгыш Европанын эң бай деп саналган аймагын жакырлантып, болгон нерсени арзан баада сатып алуу, аз акчага кара жумушта иштөөгө даяр, кат-сабаты жоюлган, керек болсо кожоюну үчүн фронтто өлүп берүүгө даяр адам ресурсуна ээ болуу. Айтканыңан чыкпай, көрсөткөн жагыңа кың дебей басып берген кулдардын армиясы — карып бараткан Европа үчүн анык табылга.
Аймакты баштап-көздөп келген олигарх жетекчилер да жеке кызыкчылыгын гана көздөдү. Аларга европалык корпорациялардан калган-каткан нерсени менчиктеп алууга жол берилип, акчасын швейцариялык банктарда сактап турууга кепилдик берилип келди. Бирок "эуропа" кыялынан карапайым украиналыктар эмне жакшылык көргөнүн такыр эле түшүнө албай койдум.
Северодонецктеги салгылашуу учурунда украиналык жоокер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык жалданма жоокер Украинанын армиясын "жиндиканага" салыштырды
Эл жакшы жашап кеткен жок. Көбүрөөк өлө баштады. Ушунун баарынын баасы визасыз режим болду, башкача айтканда, бай мамлекеттердин чек арасынан тезирээк өтүп, тейлөө кызматында иштөө укугуна жетишти. Кандай кызмат экенин түшүнүп турабыз да. Бардык эле тармакта мыйзамсыз иштөө (мында сойкулуктан башка багыттар да бар) — бул алдануу, басынуу, кордукка, зордук-зомбулукка кабылуу, кадыресе социалдык макамдан ажыроо эмеспи. Татыйбы ушуга?
Акыркы убакта украиналыктар европалык кожоюндарынын кызыкчылыгы үчүн алды-артын карабай кырылып, бул үчүн Брюсселдин болор-болбос сыйын көрмөк болду. ЕБ мүчөлүгүнө талапкерлик Украинага эмне берет? Эч нерсе.
Түндүк Македония 17 жылдан бери талапкер макамы менен жүрөт. Черногорияга 12 жыл болду, Сербия — 10, Албания — сегиз, Түркияга 23 жыл болду. Бул мамлекеттердин баары — Украинага караганда алда канча өнүккөн демократиялуу өлкөлөр.
Негизи талапкер-мамлекетке визасыз режим кирип, материалдык жардам берилиши керек. Украинада визасыз режим иштеп жатат. Акча да миллиарддап салынды. Ошонун жок дегенде бир евросу жөнөкөй украиналыкка жетти болду бекен? Күмөнүм бар.
Украинаны Евробимдикке толук кандуу мүчө кылып кабыл алуу мүмкүн эмес. Экономикасын сөз кылып да кереги жок. Өлкө "жарым миллиард алтын" европалыктан канчалык алыс экенин сокур киши деле көрүп турат. Бир эле санды келтирели: ЕБге бюджетинин дефицити 3 пайыздан ашкан мамлекет кабыл алынбайт. Ал эми Украинаныкы 17,8 пайыздын тегереги.
Өлкө аймагындагы согуштук аракеттерди айтпай тек коелу. Түркиянын ЕБге ушу кезге чейин кире электигине Түндүк Кипрдин айланасындагы чыр себеп болгон. Бирок ал жакта кырдаал согуштук аракеттерден өтө эле алыс, тынчтык өкүм сүрүп, дипломатиялык активдүүлүк кез-кезде жандана калат. Украинадачы?
Россиянын операциясы бүткөн күндө деле аймакта тынчтык орноп калат деп айтуу кыйын. Кадимки жашоого мүмкүн болбогон атайын "зоналар" түзүлгөн. Жашайм деп баргандар артын карабай качат. Ал эми калгандары кайра эле колуна курал ала баштайт.
Европа элинин басымдуу бөлүгү Украина сыяктуу активдин канчалык тобокелдүү экенин абдан жакшы түшүнөт. ЕБ мамлекеттеринин көбү Киев уюмга өтө эле алыскы келечекте кошулушу мүмкүн экенин жапырт айта баштады. "Ондогон жылдардын иши" деди Франция президенти Эммануэль Макрон.
Башкача айтканда Европа элитасы эмитен эле украиналыктарга өтүп жаткан саммиттер, Еврокомиссиянын чечимдери, Зеленскийдин салтанаттуу стендаптары жөн гана көз боемочулук экенин ачык айтып жатышат. Бул иш-чаралардын эч кандай реалдуулугу жок, болгону украиналыктарга алар "орустардай эмес" экенин, Европа дайым алар менен бирге экенин, чет жактагылар жардам көрсөтүүгө даяр экенин айтып тойгузуп келишет. Минтип алдагандарына ого эле көп убакыт болду.
Алдыда боло турган саммит европалыктар менен айрым постсоветтик өлкөлөрдү дагы бир ирет козголтуп койду. Украинанын артынан эле талапкерликке арыз жазган Грузия менен Молдованын жетекчилиги азыр таарынган тараптын кейпин кийүүдө.
"Эгер статус алуу үчүн ачык конфиликтиге барууга туура келсе, биз андан баш тартабыз", — деди нааразы болгон Грузиянын премьер-министри. Ошол эле учурда ал "Грузия Украина менен Молдовадан бардык багытта ат чабым алдыда" экенин эскертти.
"Талапкер макамын болушунча тезирээк алсак дейбиз, — деди Молдова президенти Майя Санду. — Бирок биз реалистпиз, ЕБге кирүү үчүн басып өтө турган процесстер бар экенин жакшы түшүнөбүз".
Абдан туура сөз, президент айым. Ошондой процесстер бар, алар депопуляция, жакырлануу жана жапайылануу деп аталат. Булар Молдовадан тереңирээк жай тапканда өлкө өзүнүн европалык мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Баса, россиялык телеберүүгө тыюу салуу — бул жолдо жасалган эң чоң кадам.
Украинаны күчкө салып "Эуропага" жетелей баштаган 2014-жылы эле Москва болгон күчүн жумшап Киевди эсине келүүгө чакырган. Насыя, жардам сунуштап, шашпоого, ЕБге кошулуу макулдашуусун жакшылап окуп, өзгөчө майда шрифт менен жазылган жазууга көңүл бурууга кеңеш берип келген. Уккан жок. Киев элитасы калкын "өзгөчө эл" экенин айтып ишендирди. Жыйынтыгы баарыбызга белгилүү.
Эң кызыгы, украиналыктар өзүнө, өлкөсүнө карата жасап жаткан нерсенин баарын "каргыш тийгир москалдарга" өчөшүп жасап жатат, же москалдар дың деп койсо экен. Москва көркөмү артык жерге, анын эмне кыларын билбей чарчаган тургундарына боору ооруй карап, таң калууда. Эл эмне мынча өзүн кыйнап жатат?
Урматтуу украиналыктар, Европа менен кызматташуу силер үчүн эссиздик болду, пайдасыз келишим болду. Европалык кыял үчүн силер социалдык тармакты, саламаттык сактоону, индустрияны өлтүрдүңөр, кымбатчылыкка тушуктуңар. Эми өмүрүңөрдү курмандыкка чалып жатасыңар. Зеленскийдин жубайы Лондондо соода кылып, журналдын бетине чыгышы үчүнбү? Айткылачы, эмне максат менен ушунчага барып жатасыңар?
ЕБ мүчөлүгүнө талапкерлик менен, урматтуу украиналыктар, силерди кайра алдап жатышат. Болду го, бир баскан жериңерди токсон баса беренден тажаган жоксуңарбы?..
Мунай качалкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Business Insider: бул жайда рынок болуп көрбөгөндөй кыйынчылыкка кептелет
Жаңылыктар түрмөгү
0