Жыргалаңда эт бышырган залкар Мелис Убукеев. "Манас ааламындагы" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталган сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
Sputnik/ Александр Федоров
Казандын жанында колуна депкир кармап турган КРдин эл артисти, залкар кинорежиссер Мелис Убукеевдин сүрөтү 1995-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда тартылган.
Ал жылы кинематографист, тарыхчы Мелис Убукеев "Манастын ааламы" көркөм-публицистикалык фильмин тартуу иштерин баштаган.
Ошол кезеңди кинофотограф Александр Федоров мындайча эскерет.
"Фильм 1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата тартылган. Ал жылдары республикада кинематография каралбай, кинофильмдер такыр тартылбай калган. Ошондо режиссер бизди чакырганда аябай таң калып, кубануу менен иштешкенбиз. Мелис Убукеев кыргыз маданиятын, тарыхын жана "Манас" эпосун мыкты билген. Режиссер бул дүйнө менен эрте кош айтышты. Киночунун Манас жөнүндө көркөм фильм тартуу башкы кыялы болгон. Тилекке каршы, ал көзү тирүү кезиндеги максатын ишке ашыра алган жок. Азыр ошондой эмгек жаратуу демилгеси коомчулукта кайра-кайра көтөрүлүп калууда. Аны ким тарта алат, билбейм. Анткени бүгүнкү күндө Мелистей кыргыз элинин этнографиясын, тарыхын, "Манас" эпосун билген адам жокко эсе", — деди Федоров.
Ал эми КРдин эл артистинин уулу Сеит Убукеев атасынын ар бир эмгекти жаратууда майда-баратына чейин катуу көңүл бурганын айтат.
"Атам кичинесинен Саякбай манасчыны көрүп өсүп, кийин "Манас" эпосуна көп кайрылган. Каралаев менен чоң атам өтө жакын мамиледе болгон. Ошондон улам атам чыгармачылыгында манасчы менен көптөгөн видео, киноматериалдарды тартып калган. "Манас" эпосу атамдын чыгармачылыгында гана эмес, жашоосунда чоң орунду ээлеп, кыргыз элинин көөнөргүс эпосун изилдеп жүрүп өмүрү өттү. Ал киши кино тартууга өтө кылдат мамиле кылып, майда-баратына чейин катуу көңүл бурган, даярдыктарды өзү көргөн. Мисалы, "Манас ааламы" фильмин тартууга аскердик кийим-кечелерди кантип жасоо керектигин "Дилбар" мода үйүнүн дизайнерлерине жасаткан. Анан актёрлордун кие турчу кийимин, жасалгаларды, ар бир кадрларды түшүндүрүп камерага тарттырчу. Андан сырткары, 90-жылдардын соңунда кыргыз элинин кенже эпостору боюнча 10 сериялуу мультипликациялык эмгек жаратууну көксөгөн. Ал тилеги акча бөлүнбөгөндүктөн ишке ашпай калган", — деди Убукеев.
Мелис Убукеев чыгармачылыгында үч бөлүктөн турган "Саякбай", кийин жети бөлүктөн турган "Улуу манасчы", "Миң жылдыктын прологу" даректүү тасмаларын да тартып, "Манас — кыргыздын баатырдык эпосу" деп аталган китебин жазган.
Тема боюнча:
Аманкул Куттубаев менен Абдылас Малдыбаевдин үй-бүлөсү. Таберик сүрөт
"Манас ааламы" үчүн сулууларды издеген Мелис Убукеев. Таберик сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0