00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Утро хорошего дня
Кыргызское кино: покоряя международные фестивали и сердца зрителей
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
12:05
44 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
40 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Утро хорошего дня
Кыргызское кино: покоряя международные фестивали и сердца зрителей
06:04
46 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:58
1 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
On air
23:59
1 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ЖМК: Кытай аскер командачылыгы АКШнын байланышуу аракетине жооп бербей жатат

© AP Photo / Mark SchiefelbeinКытай аскерлери. Архив
Кытай аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2022
Жазылуу
Генералдык штаб жетекчилеринин деңгээлиндеги сүйлөшүү акыркы жолу 7-июлда болгону белгиленүүдө.
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. АКШнын аскер командачылыгынын өкүлдөрү Тайвандын айланасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу кытайлык кесиптештери менен байланышууга аракет кылышкан, бирок андан майнап чыккан эмес. Бул тууралуу америкалык Politico басылмасы жазды.
Тайвандын айланасында ок атуу менен коштолгон масштабдуу аскердик окуу-машыгуулар бейшемби күнү башталган. АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин аралга болгон сапарына жооп иретинде жасалып жаткан маневрлар алты райондо жекшембиге чейин уланмакчы.
"Кытайдын аскер командачылыгынын жетекчилиги америкалык кесиптештеринин бир нече телефон чалуусуна жооп берген эмес", — деп жазды басылма.
Генералык штаб жетекчилеринин деңгээлиндеги сүйлөшүү акыркы жолу 7-июлда болгону белгиленүүдө.
Эскерте кетсек, Кытайдын борбордук өкмөтү менен аралдык провинциясынын ортосундагы расмий мамиле 1949-жылы токтогон. Чан Кайши башында турган Гоминьдан Кытай Компартиясы менен болгон жарандык согушта жеңилүүгө дуушар болуп, Тайванга жер которгон. Байланыш 1980-жылдардын соңунда гана жандана баштады. 1990-жылдын башынан тарта тараптар бейөкмөт уюмдар аркылуу алака түзө баштаган.
Пелоси Тайванга Азия турнесинин алкагында шейшемби күнү кечинде келген. Эртеси жергиликтүү администрация жетекчиси Цай Инвэнь менен жолугуп, андан ары Кореяга бет алган. Бул АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери тарабынан 1997-жылдан берки Тайванга жасалган биринчи сапар болду.
Кытай Тайванды өзүнүн провинциясы катары эсептеп, дипломатиялык мамилеси бар өлкөлөрдүн Тайбэй менен кандайдыр бир байланыш түзүүсүнө каршы чыгып келет.
Пелосини кабыл алуу чечимине жооп иретинде Кытай Тайвандын эки фондуна карата санкция киргизип, аралга жаратылыш кумун экспорттоону жана ал жактан цитрус жемиштерин, балыктын бир нече түрүн алууну токтотту. Тышкы иштер министрлиги Кытай чечкиндүү жана катаал чараларды көрө турганын белгилеп, сапардын кесепетин сезчү мезгил алдыда экенин эскерткен. Пекин анын жоопкерчилиги Вашингтон менен Тайбэйде болорун айтып келет. Мындан тышкары, Кытай Тайвандын айланасында ок атуу менен коштолгон ири окуу-машыгууларын баштаган.
Кытайдын жана АКШнын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2022
Кытай бир нече багыт боюнча АКШ менен кызматташууну токтотот
Жаңылыктар түрмөгү
0