Жолдошумдун жылуу сөзүнө, колдоосуна зармын. Келиндин каты

© Sputnik / Жоомарт УраимовЫйлап жаткан келин. Иллюстративдик сүрөт
Ыйлап жаткан келин. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына күйөөсүнөн колдоо таппаган келиндин каты жарыяланды.
Жолдошум менен турмуш курганыбызга 15 жылга чукулдады, беш балалуу болдук. Кайын журтум менен камыр-жумур болуп бири-бирибизди түшүнчү убак деле келди. Бирок кайненем менен кайнатам оту менен кирип, күлү менен чыксам да жактырбай койду. Жумурткадан кыр издеп эле турушат. Ал аз келгенсип, баласынын башын оорутуп, ага мени жамандашат. Күйөөм ооруп калса деле мен күнөөлүү, балдар бир нерсе болсо да мен күнөөлүү, айтор, мен жаман.
Башында "мунун баары убактылуу" деп өзүмдү алдап, күйөөмдү сыйлап унчукчу эмесмин. Бирок чыдамым кетип бир күнү жарылдым. "Жакпасам кетирип салгыла" десем, кайненем "сени эч ким кармабайт, балабыздын башын бошот" деп күйгүздү.
Жолдошум өзү жоош, ата-энесинин сөзүн эки кылбаган адам. Алардын айтканынан чыкпайт. Ата-энеси кокус бир жакка кетсе бир күндө 10 жолу чалат. "Силерди антип бакканбыз, минтип бакканбыз" деп милдет кылып, баласынан кайра ошол нерсени талап кыла беришет.
Албетте, ата-энесин сыйласын. Бирок ошол эле учурда калыс сөзүн сүйлөп койбойбу деп кээде күйбөгөн жерим күл болот. Чындап кетип калайын дейм, беш баламды кыйбайм. Кыздардын алды 6-класс болду. Арманымды айтсам "ой, күйөөң ичпейт, кол көтөрбөйт, жашай бер да" дешет. Жашайын десем кайненеме кошулуп кайнатам кууруп жеп бүтүрмөй болду. Кадимкидей чүнчүп кеттим. Эч нерсеге көңүлүм жок. Жашоомдун мындан ары да ушундай уланышын каалабайм. Ошол эле учурда ажырашып апамды санаага салып, үй-бүлөмдү да бузгум келбейт.
Эмне кылсам, кандай кылсам жашоом өзгөрөт? Кайын журттун жемесинен канткенде кутулам? Баса, бул темада жолдошум менен ачык сүйлөшүүгө аракет кылдым, бирок майнап чыккан жок. Унчукпа, ата-энемдин айтканын ук деп тим болот.
Бирок жолдошумдун кээде мени коргогон, алдап койсо да колдогон сөзүнө зар болом. Жок дегенде "сен кыйынсың" деп койгонго жарабайт...
Баарлашкан кыздар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Бир тууган эжем деп жүрсөм, ал апам болуп чыкты. Асырап алган кыздын каты
Психолог Гүлнара Жасоолова: — Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү өз ордун билиши керек. Кыргызда ата-энелер баласына көргөзгөн камкордукту балдарынан күтөт. Бул биздин менталитет. Алгач кайната-кайненеңиздин жумурткадан кыр издеген себебин аныктап алыңыз. Аларга мамилеңизби же жасаган ишиңиз жакпайбы. Мүмкүн сизден да кемчилик кетип жаткандыр. Анткени башка бирөөнү оңдоого караганда өзүңдү оңдоо жеңилирээк.
Үй-бүлөнү сактап калууга аракет жасаңыз. Ажырашып кетсемби деген күмөн ой менен жүрсөңүз, ал жүрүм-турумуңузга таасир этет. Үй-бүлөлүк, жеке маселе боюнча дос-курбу, кошуналарга да кайрыла бербеңиз. Анткени ар ким ар кандай кеңеш берет. Кээде жашоодо күйөөгө да ички оюңду, андан эмне күтөрүңдү айтып түшүндүрүп, ыкка келтирүүгө туура келет. Себеби аял менен эркектин психологиясында айырма бар. Эркектер кээде аялдын талабын, оюн, каалоосун түшүнбөй же маани бербей калышы мүмкүн. Ошол себептен ага кандайдыр бир жолдор менен оюңузду жеткирүүгө аракет кылыңыз.
Муну менен катар азыр сиздин стрессте жүргөнүңүз катыңыздан байкалууда. Жаратылышка көбүрөөк чыгып, жакшы көргөн музыкаңызды угуп же бир иш менен алектенгениңиз оң. Сөзсүз эки-үч күн болсо да эс алып келүүгө аракет кылыңыз. Антпесе депрессияга түшүп кетесиз.
Эркек менен аял жолугушууда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2022
Сиңдим менин өмүрүмдү сактоо үчүн капчыктуу кишиге көңүлдөш болуптур. Кыздын каты
Жаңылыктар түрмөгү
0