"Террорчуларды" бутага алып... Балыкчыда ЖККУ аскерлеринин машыккан видеосу

Жазылуу
Ички иштер министрлиги Балыкчыда өтүп жаткан ЖККУнун "Кобальт — 2022" биргелешкен атайын тактикалык машыгуусунун видеосун жарыялады.
Иш-чарага Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн аскерлери катышат.
"Эдельвейс" полигонундагы машыгуу бүгүн, 5-августта, жыйынтыкталат. Анын жүрүшүндө атайын багыттагы күчтөр, "бандиттик, террордук" топторду издөө, бөгөт коюу, зыянсыздандыруу, ошондой эле баңгизатты мыйзамсыз алып өтүү каналдарын бөгөттөө жана сактоочу жайларды, лабораторияларды табуу боюнча окуу-практикалык жана ыкчам-күжүрмөн тапшырмаларды аткарышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0