Бишкек мэриясы жаңы муниципалдык ишкана түзүп жатат. Максаты

© Sputnik / Эмиль СадыровБишкек мэриясы. Архив
Бишкек мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2022
Жазылуу
Муниципалитет шаардык жаңы кызматтын функциялары тууралуу маалымат берди.
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясы "Бишкек суу чарба" муниципалдык ишканасын түзүп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
Жаңы ишкананын функциялары:
сугат суусун жана анын рационалдуу колдонулушун көзөмөлдөө;
арыктарды жана каналдарды тазалоо;
ирригациялык жана коллектордук-дренаждык түйүндөрдү оңдоо;
чарба субъектилеринин суу колдонушун көзөмөлгө алуу менен шаар бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү.
Учурда бул функцияларды "Бишкек жашыл чарба" ишканасы аткарып жатат.
Бишкектин троллейбустары улуттук стилде кооздолгонун мэрия билдирди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2022
Бишкектеги троллейбустар улуттук стилде кооздолду. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0