Европа өзүнө каршы урулчу куралды Россияга тапшырды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүКомпрессордук станциянын кызматкери. Архив
Компрессордук станциянын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2022
Жазылуу
Соңку айларда Европада газдын тегерегиндеги акылга сыйгыс жоруктарды биринчи саптагы энергетикалык тема деп эсептөөгө болот. Маселен, мурдагы күнү TTF европалык газ тооругунда көгүлтүр оттун миң куб метри 2100 долларга бааланды.
Сергей Савчук
Рекорддук көрсөткүч эместир, бирок кандай гана мамлекеттик бюджет болбосун өтө талылуу маселелерден. Чынында күн баткыча күйүүчү-майлоочу майдын ошондой эле көлөмү 2500 долларга бааланарын эч ким элестете алган эмес эле деген ойдо Сергей Савчук. Серепчинин макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
"Түндүк агым" боюнча газ сордуруу газ түтүктүн долбоордук кубаттуулугунан 20 пайызга төмөндөгөнү жөнүндөгү "Газпромдун" билдирүүсүнөн соң баа кескин асмандап кетти. Батыш басма сөзү чектен чыгып, кайрадан Россияга асылууга өттү. Аны энергетикалык ресурстарды европалык биримдикке жик салуу жана тышкы саясий кызыкчылыктарын басуу үчүн гибриддик курал катары колдонууга айыптоодо. Адатынча карандай калп.
Балтика деңизинин түбүндөгү магистралдагы газ сордуруунун көлөмү россиялык Башкы штабдын айлакер планы үчүн азайган жок. Болгону газ сордуруу агрегаты пландуу техникалык тейлөө берилди. Германиянын жээктерине чейинки трассада ортодогу компрессордук станциялар жок. Адаттагы 164 миллион куб метрден суткасына отузга дейре түштү. Смоленскинин батышындагы трагикомедиянын экинчи бөлүгү экенин белгилеп коюу маанилүү.
Өткөн ай бою бүтүндөй Европа Siemens Energy компаниясы өчүрүп, демонтаждап жана Канадага оңдоого жөнөткөн алгачкы турбинанын тегерегиндеги окуяларга көз салып турду. Оттава Вашингтондун талабы менен агрегатты камакка алып, Россияга каршы санкциялык саясатка шылтаган. Германия жана жалпы Европанын газ рыногундагы кырдаал таптакыр түпкүргө түшүп кеткенче бербей туруп алды.
Берлин бир топ жана узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин гана өз менчигин кайра кайтарып алды. Анткен менен ал кара жолтой турбина саясий чагымчылдык жана эки жүздүүлүктүн торуна тыгылып, "Портовая" газ-компрессордук станциясына чейин жетпей калды.
Германия анда да Россияны айыптап, турбинаны өзүнө энчилеп алууну көздөп жатат окшойт деп шектенип, ушул себептен бажы документтерин толтурууну создуктурууда деген. "Газпром" аталган агрегаттын азыркы макамын жана газ түтүгүнүн ишинде жана анын инфраструктурасын тейлөөдөгү чектөөлөрдү түшүнбөй турганын билдирген.
Жөнөкөйлөтүп айтканда, ынтымактуу батыш жамааты кандай кадамга барары, маселен, өлкөгө киргизүүгө, ремонттоого жана калган Siemens турбиналарын алууга Канада уруксат берери же ар бир агрегатты убакытты создуктуруп, кыл чайнашып кайтарары дале анык эмес. Анан калса Германия тарабынан таанылган техникалык экспертизанын талаптарына ылайык, жакынкы айларда газ сордуруучу калган агрегаттар да оңдолууга тийиш.
Мурунку ай толугу менен Европа комиссиясынын альянстын катышуучуларынын жаратылыш газын керектөөнү 15 пайызга азайтуу талап кылуусу менен өттү. Бүтүндөй евроаймак жылына 396,6 миллиард куб метр көгүлтүр отту керектеген шартта европалык аткаминерлер ар бир өлкөнүн өндүрүшүнө кедерги тийгизбей тургандай 60 миллиард куб метрди азайтуунун айласын табууга тийиш. Бул бүтүндөй Германия калкы жана өнөр жайы чогуу колдонгон көлөмдөн да аздык кылат. Жагдайдын оор экенин долбоор жаңы энергетикалык математикада жооп таба албаган өлкөлөрдүн бир даары тарабынан дароо бөгөттөлдү.
Мунай өндүрүү. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2022
American Thinker: Россия мунай согушунда АКШны жеңип чыкты
Бул жолу Европанын түбөлүк козголоңчусу болгон Венгрия эмес, дайым бирдиктүү фронтто жүргөн Испания, Португалия, Италия жана Греция каршы чыкты. Ал жактагы финансисттер менен энергетиктер кыштан россиялык көгүлтүр отсуз чыгуунун жолун таба алышкан жок. Талаш-тартыш узакка созулганы менен Эч кандай майнап чыкпады. Натыйжада Европа кеңеши долбоорду ратификациялоодон баш тартып, мындай милдеттенмени өлкөлөр брюсселдик көпчүлүктүн чечими менен эмес, жекече алганы оң экенин чечти. Иш жүзүндө учурда ашыра макталган европалык ынтымактын солгундашына күбө болуп турабыз.
Европа АКШга карата желдеттик саясатынын барымтасында калды. Бир жагынан батыш альянсынын мүчөлөрү өжөр жана тил табышууга барбаган орустарды жазалоого жан талашат. Экинчи жагынан кырдаал ушунчалык тез начарлап, эртең мисалы Австрия өз алдынчалыгын көрсөтүп, энергетикалык ресурстарды ташуу боюнча Москва менен өзүнчө сүйлөшүүгө барса, саткын деп жарыялай турган өлкөлөр деле бул кадамга барчудай болуп турат.
Газ таңсыктыгы Европа аймагынын чегинен тыш да жайылып барат. Жакында эле Киев жаш демократия үчүн кандайдыр "газ ленд-лизин" уюштурууну өтүнүп Кошмо Штаттарга жалбарды. Жергиликтүү кесипкөйлөрдүн эсебинде, Украина алдыдагы күз-кыштан чыгуу үчүн он миллиард доллар наркындагы суюлтулган табигый газына муктаж. АКШдагы суюлтулган газ терминалдарынын баары эптеп иштеп турган чакта Украинага акчалай каралашуу кыйын. Ал эми бир дагы регазификациялык терминалы бар портко ээлик кылбаган Киевдин каалоосу Марста скафандрсыз жүрүүгө тете.
Баарынан оңой жолу "Түндүк агым — 2" долбоорунун ишке кириши болмок, анын кубаттуулугунун 55 миллиард куб метри бардык көйгөйдү чечпесе да, каатчылыктын мизин кыйла кайтара алмак. Бирок мында ролду скрипка эмес, саясат ойной турганы айдан ачык.
Жакында Брюсселде ФРГнын вице-канцлери, экономика маселелери жана климатты коргоо министри Роберт Хабек экинчи "Агымдын" пайдаланууга киргизилиши Европанын багынып, бүтүндөй санкциялык саясаттын кыйрашы болорун билдирген. Үлкөн кызматкердин сөздөрү кулакка кооз угулганы менен каалоо жана реалдуулуктун кагылышы россиялык энергетикалык ресурстардын ордун алмаштырууга эч нерсе жоктугунан улам жаралууда.
Эч бир чөлкөм же өлкө россиялык экспорттун куру дегенде жарымын алмаштырууга көнгөн жок. Ал эми Сауд Арабиясы өңдүү өлкөлөр РФтин мунайчыларына кен казууда биргелешип аракет этүүнү сунуштоодо.
Өз үстөмдүгүнө, мамлекеттерден бийик турган түзүм экенине ашкере ынанган, өлкөлөргө жана бүтүндөй континенттерге өз эркин таңуулай алган Европа бүгүн бир чара издеп түйшөлүүдө.
Көгүлтүр отту курал катары пайдаланууда деп Россияны бир топтон бери айыптап отуруп, дал ошондой абалды жаратышты. Эң кызыгы, Россия бул үчүн күч жумшаганы деле жок.
Газ оту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2022
"Газпром" газдын көлөмүн кыскарткан соң Европада дүрбөлөң башталды
Жаңылыктар түрмөгү
0