БУУ: Украинадагы жаңжалдан улам 15 млн. адамды ачарчылык тоорушу мүмкүн

© AP Photo / Ariana CubillosНан сатып жаткан аялдар. Архив
Нан сатып жаткан аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2022
Жазылуу
Адис Украинадагы чыр-чатак ачарчылык боюнча кырдаалды ого бетер курчутуп жибергенин белгилеген.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму Украинадагы жаңжалдан улам дүйнөдө 13-15 миллион адам ачарчылыкка кабылышы ыктымал деп божомолдоодо. Бул тууралуу РИА Новостиге аталган уюмдун Россия менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Олег Кобяков билдирди.
"Статистиканы карап көрсөк, 2019-жылы дүйнөдө 690 миллион адам ачарчылыкка кабылган. Андан кийинки жылы бул сан 811 миллионго жеткен. Бул жылы биздин божомол боюнча Украинадагы чыр-чатактан улам дагы 13-15 миллион адам ачка калуу коркунучунда", — деди Кобяков.
Ал Жер жүзүндөгү ачарчылыкты Украинадагы абал жаратпаганын айтып, ачка болгондордун саны ага чейин жүз миллиондоп саналып келгенин белгилеген. Бирок чыр-чатак кырдаалды ого бетер курчутуп жатканын кошумчалаган.
"Өзгөчө ачарчылыктан буга чейин эле азап чегип келген же анын чегинде турган жана каатчылыктан жаңы чыгып келе жаткан мамлекеттерге кыйын болууда", — деген Кобяков.
БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Россиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы бүгүнкү күндө дүйнө коомчулугунун негизги милдети азык-түлүк коопсуздугу үчүн Украинадагы чыр-чатактын кесепетин жок кылуу болуп саналарын кошумчалаган. Анткени ачарчылыктын мында тереңирээк себептерин жоюу азыркыдан да көп күч-аракетти, акчаны жана убакытты талап кылат.
Буудай жыйноо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Адамзат Украинадагы абалдан улам ачарчылыкка кабылышы мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0