Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинанын уят болгон чалгынчылары, уурдалбай калган учактар, ийгиликсиз операция

© AP Photo / Efrem LukatskyКиев шаары. Архив
Киев шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2022
Жазылуу
Украина тарап Россияга өздөрүнүн аэродромдор менен абадагы кол салуудан коргонуучу кубаттуу техникалары (ПВО) жайгашкан схемаларды ачыктап берип салганын аңдабай калды. Жыйынтыгында алардын бир нечесинен айрылышты.
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Украинанын аскердик чалгын кызматы россиялык коомчулуктун моралдык-саясий жогорку деңгээлин эсепке албай, Россиянын Аба-космос күчтөрүнүн аскердик самолетторун уурдай качууну пландап, өзүнүн ишиндеги кемчиликтерин, кесипкөй эместигин көрсөттү. Жыйынтыгында күлкүгө калып, аталган кызматтын бедели түштү. Бул туурасында РИА Новостиге ФСБнын отставкадагы генералы-майору Александр Михайлов айтып берген.
Эске салсак, дүйшөмбү күнү ФСБ НАТОнун атайын кызматынын жетеги менен Украинанын Коргонуу министрлигинин Башкы чалгын кызматынын (Башкы ЧК) россиялык аскердик учактарды айдай качуу боюнча жүргүзүп жаткан операциясын үзгүлтүккө учуратканын билдирди. Бул кабар дүйнөгө желдей тарады. Андан сырткары, россиялык контрчалгын кызматы Башкы ЧКга каршы оперативдүү оюндар учурунда аталган маалыматты алганы, РФтин Куралдуу күчтөрү украиналык бир катар аскердик объектилерди талкалаганы кабарланды.
"Бүгүн маалыматтарды окуп, күлдүм. Мындай маскара болгон абалга баары эле тушуга бербейт, бирок украиналык чалгынчылар буга кабылды. Биз адекваттуу эмес, чет элдик инструкторлор олуттуу бир нерсеге үйрөтө албагандар менен кагылышып жатабыз ", — деген Михайлов.
Бөтөн жанга билдирбей сыр сыяктуу сактай турган нерселердин бирин, өздөрүнүн ПВОлору боюнча бекем сырды Киевдин жетекчилигинин санкциясы менен операция ийгиликтүү болот деген бекем ишенимде туруп ачыктап салышты. Михайлов мындай пикирин айтып жатып украин тарап маанилүү бир учурду эске алганды такыр унутуп койгонун белгиледи.
"Бирок алар россиялык коомчулуктун, тагыраагы, аскердик учкучтардын моралдык-саясий деңгээлин эске алышкан жок. Киев өзүндөй ойлоду, эгерде адамды акчага көндүрө албаса, абдан чоң суммадагы акчага сатып алса болот деген пикирде болду. Бирок алар катуу жаңылды", — деген ФСБнын мурдагы кызматкери.
ФСБнын маалыматтарына караганда, Украина чалгын кызматы аскердик учакты айдай качкан кызматы үчүн россиялык пилотко 2 миллион доллар беребиз дешкен. Муну менен катар эле Украина тарап Россияга Украинадагы аэродромдор менен ПВОлор жайгашкан схемаларды ачыктап берип салганын аңдабай калды. Алар өз оозу менен айтып бергендердин ичинде Украинанын түштүк-чыгыш тарабындагы ПВОлордун иштеген аймактары, Озерное (Чернигов облусу) жана Староконстантинов (Хмельницкая облусу) аэродромдорунун схемалары, Прилуки (Чернигов облусу), Житомир аймактарындагы аэродромдор боюнча карталар бар эле. Мындан сырткары, Украинадагы эл жашаган аймактардагы көчүп жүрүүчү ракеталык комплекстер тууралуу сырлар да айтылып кетти.
Модернизацияланган россиялык дрон-камикадзе “Ланцет”. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
“Ланцет” менен “Ласточка” Украинаны демилитаризациялоону тездетет

Украиналык чалгынчылар атайын кызматтын конспирациясын бузушту

Дүйнө коомчулугунда кызуу талкуу болуп жаткан ийгиликсиз бул операцияны адистер ар кыл тараптан талдап, өз баасын берүүдө. Россиянын Коопсуздук боюнча федералдык кызматынын тажрыйбалуу өкүлү бул чалгын жаатында иштегендер кетирбей турган каталардын бири болуп калгандыгын баса белгиледи.
Украиналык чалгынчылар атайын кызматтын мурдатан келе жаткан салттык эрежелеринен чыгып, өздөрүнүн жайгашкан жерин, өң-түсүн көрсөтүп — конспирацияны бузганын ФСБнын оперативдүү кызматкери "Россия 24" каналынын эфиринде айтты.
Россиялык контрчалгын Украинанын Коргонуу министрлигинин Башкы чалгын кызматынын (Башкы ЧК) кесипкөйсүздүктөн улам кетирген оңбогондой катасынан пайдаланып, украиналык согуштук объектилерди жок кылды.
"Украинанын атайын кызматы мурдатан келе жаткан чалгын эрежесинен одоно четтеп, конспирацияны бузду. Башкы чалгын кызматы чалгынга тиешелүү экендигин гана билдирип албастан, турган жерин жана өздөрүнүн өң-түсүн да даана көрсөтүп берип койду", — деп негиздеп берди ал миллиондогон публиканын алдында, "Россия 24" каналынын эфиринде.
Ал эми "Альфа" антитеррордук атайын бөлүктөрдүн ветерандарынын эл аралык ассоциациясынын ардактуу президенти Сергей Гончаров Sputnik радиосунун обосунда Украина тарап бул операциянын ойрон болушунун кесепетинен аэродромдорунан эле эмес, авиациялык техникаларынан да айрылгандыгына токтолду.
"Муну Украинанын атайын кызматынын ойлоп тапканы деген пикирден алысмын, алар америкалыктар менен англичандар берген багыт менен иштешкен. Бул биздин душмандардын, Америка жана Англия тараптын иши экенин белгилеп кетмекчибиз. Биздин атайын кызматтын кезектеги ийгиликтүү иши, биз оперативдүү оюндарды жүргүзө ала тургандыгыбызды далилдеп турат, муну ойлоп тапкандар башын жерге салып уяла турган, алардын комбинациясындагы кырдаалды таап чыктык. Украинанын Куралдуу күчтөрү биз билбей турган, аэродромдор бар аймактарды көрсөтүп берип койду. Андыктан алар "салам дубайын" алышты, муну да эң сонун түшүнүштү ", – деген Сергей Гончаров.
F-16 учагы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Армагеддон эскадрильясы: Украинага F-16 учактарынын эмне зарылдыгы бар

Учкучтардын үй-бүлөсүн барымтага алышмак

Андан сырткары, Украина тараптын "котур ташы койнунда" болгон сценарийлери тууралуу да маалыматтар айтылды.
Украина чалгын кызматы, алардын планы боюнча, россиялык аскердик учакты Украинага уурдай качып берген россиялык пилоттун үй-бүлөсүн барымтага алышмак. Бул маалыматтар ФСБнын оперативдүү кызматкеринен алынган.
Эске салсак, украиналык чалгынчылар россиялык учкуч менен сүйлөшүп жатканда анын аялына чет элдик паспортторду жасап берип, ал турган чет мамлекетте туруктуу жашоо үчүн уруксат алууга "көмөктөшөрүн" убада кылышкан. Бул туурасында ФСБнын тараткан видеосунан көрүүгө болот.
Украинанын чалгын кызматы самолетту айдай качууга көндүрүүнү көздөгөн россиялык учкучтардын аялдарын Прибалтика, Германия жана Болгарияга жөнөтөбүз деп кызыктырып, макулдатууга аракет кылган.
"Биз ага (пилоттун жубайы — ред.) силер каалаган чет мамлекетке чыга турган же европалык өлкөлөргө туруктуу жашоого уруксат берген паспорт жасап бере алабыз. Ал паспортту алганга чейин сизден учуп чыгууну талап кылбай турабыз, паспорттуу болот, эсебине бир топ эле көлөмдүү сумма түшкөнүн көрөт. Мунун баарын камсыз кылабыз", — деген ал телефондон сүйлөшүп жатып.
ФСБнын кызматкери россиялык пилоттун үй-бүлөсү Россиянын аймагынан чыгары менен Украинанын Башкы чалгын кызматынын колуна түшмөктүгүн айтты.
"Туугандарына коркутуп-үркүтүү, басым жасоо украиналык атайын кызматтын ишмердүүлүгүндөгү ажырагыс ыкмалардын бири. Алар үчүн моралдык жана адеп-ахлактык чектөө деген жок. Эч нерсеге карабай туруп уурдап кетишмек", — деген ФСБнын кызматкери.
  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Учакты айдай качсаң акча беребиз. Украина чалгынынын россиялык пилотко сунушу
Жаңылыктар түрмөгү
0