АКШ Россияны террорчулуктун демөөрчүсү деп атоого даярданып жатат

© AFP / Stefani Reynolds / POOLТони Блинкен
Тони Блинкен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2022
Жазылуу
Украина АКШ үчүн экинчи Афганистанга айланып бара жатат, америкалык төбөлдөрдүн тынчын ушул нерсе алууда.
Негизи америкалык мыйзам чыгаруучулардын демилгеси кем акылдык эле. Эки жүз жыл мурун террорчу-сепаратисттер эле эптештире койгон мамлекеттик түзүлүш миңдеген жылдык тарыхы бар россиялык империяга ат коюп шылдыңдайт имиш. Россиялык журналист Виктория Никифорованын ушул тариздеги ой толгоосу РИА Новости агенттигине жарыяланган.
"Террорчулуктун демөөрчүсү" деп адатта Пентагон Вашингтондун алдында күнөөгө баткан мамлекетти атап келет. Азыркы жетекчи Тони Блинкен Россияга карата антип айтууга шашылган жок. "Жеке мен орустар украиналыктарды кыйнап жатканынан шегим жок, — деген Блинкен сенаттын алдында тээ апрелде эле актанып жатып. — Бул терминди колдонууга чындап негиз бар экенине бекем ишеним болушу керек (азыр биздин юристтер дал ушуну менен алек)".
Мамлекеттик департаменттин юристтери деле эч шашылган жок. Анан эле конгресстин спикери, демократ Нэнси Пелоси күтө берип тажады окшойт, Блинкенге чалып, эгер Мамдеп создуктура берсе, Россияны "террорчулуктун демөөрчүсү" деп конгресс аркылуу таанып сала турганын билдирди. Маалымат менен дал ушундай маселелерди иликтеген Politico басылмасы бөлүшкөн.
Кайсы бир өлкөнү "террорчулуктун демөөрчүсү" деп таануу тууралуу мыйзамды кабыл алуунун эреже-тартиби негизи эле узакка созулчу процесс. Бирок демократтар басымдуулук кыларын эске алсак, "ийгилик" көпкө күттүрбөс. Зомбиапокалипсис болуп же бөтөн планетадагылар эле чабуул жасап жибербесе ноябрдагы шайлоодо демократтар көпчүлүктөн кол жууйт. Бул башка маселе. Азыр негизи эле баары болуп кетчү заман. Пелосинин шайлоого чейин аталган мыйзам долбоорун конгресс жана сенат аркылуу өткөрүүгө жетишери күмөндүү. Анын үстүнө каникулга чыкчу август айы да жакын калды.
Эгер кабыл алынып калса, бул мыйзам Вашингтон режимине эмне берет? Теорияда АКШ "террорчулуктун демөөрчүсү" деп атаган мамлекеттин дипломаттары иммунитеттен ажырап, өлкөнүн өзүнө кезектеги "тозоктуу" санкциялар салынышы ыктымал.
Ал эми иш жүзүндө куру сөз бойдон калат. Дипломатиялык алака үзүлөр, болбой жүрдү беле. Россиянын көп кылымдык тарыхында АКШ менен болгон дипломатиялык мамиле — болгону кыска, туруксуз эпизод. 1807-жылы орус цары жек көрүндү болгон сепаратисттерди таанып койгон. 1918-жылы америкалык өнөктөштөр капысынан эле Мурманск менен Архангельскини басып алууга аракет кылат. Эсине келтирип, кууп чыкканбыз. 1917-жылдан 1933-жылга чейин эки өлкөнүн ортосунда кыйраткан деле алака жок болчу. Эч ким эч кандай жабыр тарткан эмес.
Вашингтон Улуу депрессия шарттаган ачкачылыкта эли кырыла баштаган 1933-жылы дипломатиялык мамилени калыбына келтирүүгө аракет кылат. Советтер Союзу ал учурда укмуштуудай өнүгүп жаткан эле. Азыркы Улуу рецессия америкалыктарды кайрадан ошол жакырчылыктын капканына түшүрөт деген шек бар, бүгүнкү күндө калкынын төрттөн бир бөлүгү тамакты тое жебейт экен. Демек, өнүгүп-өссөк алаканы жөнгө салат элем деп тыпылдаган боюнча кайра эле чуркап келишет.
Ал эми "тозоктуу" санкциялардын салынганы качан. Чектөөлөрдөн Вашингтон өзү болуп көрбөгөндөй кыйналып, улам бирин кара тизмеден чыгарып убара тартууда. Алгач санкциялар жер семирткичтен, анан азык-түлүктөн алынды, эми айыл чарба, медицина, энергетика багытындагы транзакциялардан алганы жатышат.
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Элита ээрден ооп... Путин Батышты расизм жана неоколониализмге айыптады
Эгер жаңы санкцилар энергетикага сокку ура турган болсо, Россия кубанган бойдон америкалык АЭСтер үчүн маанилүү болгон байытылган уранды жөнөтпөй калат. АКШ элин электр кубаты менен кантип камсыздайт? Шри-Ланкадайбы? Кудай жалгасын.
Балким, мыйзам кабыл алынган соң Россия имидждик жоготууга дуушар болор. "Террорчулуктун демөөрчүсү" деген оңойбу? Бул жерде маселе өнөктөштөрүбүздүн "жумшак күч" инструменттеринин баарын кыйтарып алганында. Алар азыр иштебей турат, кайра америкалыктардын өзүнө муш болуп тийчү балкага айланган.
"Террорчулуктун демөөрчүсү" деген аталышты өз тарыхында башка бирөөнүн жерин басып алып, жергиликтүү калкты тукум курут кылып келген мамлекет ойлоп тапканын бүтүндөй аалам көрүп турат. Кытайлык жолдоштор бул өлкөнүн Американын түпкү элинен баштап жалпы жер жүзүндө массалык киши өлтүргөн учурларынын тизмесин түзгөн экен. Ал болбосо деле башынан аягына чейин америкалыктар көзөмөлдөгөн Википедияны ачса деле жетиштүү. Вашингтон тарабынан оккупацияланган ондогон мамлекеттер, миллиондогон адамдын өлүмү, өзөктүк, химиялык жана биологиялык куралдын ири көлөмдө колдонулушун көрөбүз. Гитлер биякта эле калат.
Анан "демөөрчүлүк" каргысын элди кырылуудан сактап калууга аракет кылып жаткан Россияга такканы жатышат. Буга азыр эч ким алданбайт. Керек болсо, тескерисинче, кытайлык жолдоштор айткандай, "Россияга жүз берип", кадырын арттырат.
Неоколониализмдин очогуна чакырык таштаган өлкө дүйнө жүзүндөгү адамдарды өзүнө тартат. Россия бүгүн — башын өлүмгө байлап, Вашингтондун глобалдуу бийлигин үзгүлтүккө учураткан партизан. Албетте, ага майда партизандар кошулат. Партизандык кылууну каалабаган мамлекеттер да Россиянын ыгына көнүп, америкалык желмогузду биргелешип гана жеңе аларыбызды мыкты түшүнүп жатышат. Жалгыздап колдон эч нерсе келбейт. Башкача айтканда, АКШнын катаал кадамы Россиянын "жумшак күчүн" көбөйтүп, дүйнөлүк таасирин күчөтүүдө. Эмне дейбиз, өнөктөштөргө рахмат.
Мамлекеттик катчы Тони Блинкен негизинен биздин адам, Киев губерниясын байырлаган адамдардын тукуму, баарын жапжакшынакай түшүнүп турат. "Демөөрчүлүк" АКШ саясатында биринчи ирет көтөрүлүп жаткан жок. Мамдеп шылтоо таап, бир нече айдан бери создуктуруп келет.
Блинкен дагы бир нерсени абдан жакшы түшүнөт. Бул америкалык мамлекеттик сыр болгону менен таптакыр иштебеген нерсе.
Бүгүнкү күндө Мамдептин "террорчулуктун демөөрчүсү" тизмесинде Иран, Сирия, Куба жана Түндүк Корея турат. Бул өлкөлөрдүн эли режимди кулатууга эмнегедир шашылган жок, тескерисинче, кечинде кафеде отуруп, музыка угуп күн кечирип келишет. Армия менен Аскер-өнөр жай комплекси, мектептери менен окуу жайлары, медицина, өндүрүш сааттай чыкылдап иштеп жатат. "Тозоктуу" да, "жөнөкөй" да санкциялардан кыйгап өтүп, жолун таап, жашап келет. Албетте, экономика мындан да жакшыраак болушу керек эле, антейин десең демөөрчү тизмесине кирбеген мамлекеттерде деле абал шумдук болуп кеткен жок. Көпчүлүгү "демөөрчү" өлкөлөрдөн өтүп кыйналууда.
Балким америкалыктар Россияны БУУнун Коопсуздук кеңешинен чыгаруу үчүн ушундай жарлык тагып жаткандыр. Бирок ага уюмдун өзүнүн регламенти жол бербейт. Россия — Коопсуздук кеңешинин негиздөөчү мамлекети, вето укугу бар туруктуу мүчөсү. Оюн ишке ашырам десе америкалыктар БУУну кыйратышы керек, бирок Мария Захарова айткандай, ага дарамети жетпейт.
Анда Пелоси менен Блинкендин телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн эмне зарылдыгы бар, мынча дүрбөлөңгө түшүү керек беле? Украина АКШ үчүн экинчи Афганистанга айланып бара жатат, америкалык төбөлдөрдүн тынчын ушул нерсе алууда. Батыштын жеткирген курал-жарагы, аны менен бирге жүздөгөн жалданма чет элдик аскер жок болуп жатат. Киев режими күн сайын адамынан да, жеринен да ажыроодо.
НАТО боюнча союздаштарынын да айласы кетти. Венгрия Украинага курал жөнөтпөй турганын жар салса, Германия "өлүп кетейин, түгөндү" деп отурат. Баары тең эле санкциянын кээрин тартчу ал калбай калганын каңкуулап жатышат.
Украина бийлиги да кыймылдай баштады. Зеленский жакында эле башкы прокурору менен Коопсуздук кеңешинин башчысын кызматтан алып салды. "Айланаң бүт чыккынчы, алдамчы, коркоктор".
Айтор, Кошмо Штаттарды сызга отургуза турган чоң нерсе болгону калды окшойт. Убакытты создуктура туруу үчүн америкалык мыйзамчылар балким фашизмди жеңген Россияны "террорчулуктун демөөрчүсү" деп өзүн тургус кылып атып, Зеленскийге акыркы жолу ырахат тартуулап коелу дешкендир. Эгер анте турган болсо, Вашингтон нацисттик Германиянын ишин улантып жатканын ачык эле тастыктайт.
Украинадан оолактоо АКШнын кыйроосунун башталышы болот. Бул фактыны америкалыктар болушунча көрбөгөнгө, укпаганга аракет кылышууда. Кесепети өзүнө тие турган санкцияларды салып, макамдарды ыйгарып, душмандардын тизмесин түзүп, айтор, ааламды башкарууда. Америкалык президенттин "дымагы" мынча жугуштуу болот деп ким ойлоптур?
АКШ президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мамайдын көрү. Батыш же капитуляцияны, же өзөктүк согушту тандашы керек
Жаңылыктар түрмөгү
0