Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Элита ээрден ооп... Путин Батышты расизм жана неоколониализмге айыптады

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2022
Жазылуу
"Алтын миллиард" жөн жерден "алтын" боло калган эмес, ийгилиги мол болду, бирок азыркы позициясына кандайдыр бир идеяны ишке ашыра коюп эмес, Азия, Африкадагы элдерди талап-тоноп жетишти.
Батыштын Россиядагы да, чет жактагы да сынчылары Москва ааламга эч нерсе сунуштай албайт деп көп айтышат, башкача айтканда, жаңы идея, келечектин образы жок имиш. Сын деген албетте жакшы, бирок силер өзүңөр глобалдашуунун кыйрап түшкөн англосаксондук моделинин ордуна эмне сунуштай алдыңар деп суроо салды россиялык журналист Петр Акопов.
Кечээ жакында эле Владимир Путин бул суроого атайын жазылган макалада же кайрылууда жооп берерин билдирип, акыркы убакта эле үчүнчү ирет жаңы доор темасына кайрылууда. Кудум кезектеги сөзүнө камданып жаткандай.
Жаңы долбоорлорду илгерилетүү боюнча стратегиялык демилгелердин "Сильные идеи для нового времени" деп аталган агенттиги уюштурган форумда сүйлөп жатып президент кайрадан жаңы дүйнө түзүлүшү, "чындап революциялык трансформациялар күндөн күнгө күч алып баратканы" тууралуу айтты.
"Бул олуттуу өзгөрүүлөрдү эч ким токтото албайт. Улуттук деңгээлде да, глобалдуу деңгээлде да гармониялуу, азыркыга караганда алда канча адилеттүү, коопсуз дүйнө түзүлүшүнүн негиздери, принциптери иштелип чыгууда. Бул учурдагы же ушул кезге чейинки бир уюлду, цивилизациялардын өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып келген түзүлүшкө альтернатива болот".
Путин көптөн бери эле глобалдашуунун атлантикалык долбоорун сындап келет, бирок акыркы убакта сөзү оголе курч боло баштады:
"Алтын миллиарддын жалпы ааламга үстөмдүгүнүн модели адилетсиз. Эмне үчүн планета калкынын бул "алтын миллиарды" болгон нерсенин баарына ээ болуп алышы керек, эмне себептен алар өзгөчөбүз деген кыялга негизделген өз эрежесин таңуулашы керек? Булар элди биринчи жана экинчи сортко бөлүп келет, дал ошол үчүн өзөгүндө расисттик жана неоколониалдык болуп саналат, ал эми анын негизиндеги глобалдуу, либералдуу делген идеология барган сайын тоталитаризмдин белгилерин сиңирүүдө. Мындай көрүнүш чыгармачыл изденүүнү, эркин жаратмандыкты ооздуктап келет.
Батыш ааламга келечектин моделин сунуштай албай жатат деген ой бекемделүүдө. Албетте, бул "алтын миллиард" жөн жерден "алтын" боло калган эмес, ийгилиги мол болду, бирок азыркы позициясына кандайдыр бир идеяны ишке ашыра коюп эмес, негизинен Азия, Африкадагы элдерди талап-тоноп жетишти. Индияны канча тоношту. Андыктан "алтын миллиарддын" элитасы бүгүнкү күндө башкалар өнүгүүнүн өз моделин сунуштап жиберишет деп катуу коркот. Бирок батыш элитасы азыркы тартип-эрежени сактап калууга канчалык далалаттанбасын, жаңы доор башталып келе жатат, дүйнө тарыхынын жаңы баскычынын босогосунда турабыз".
Демек, өзүн өзгөчө сезген "алтын миллиарддын" расисттик, неоколониалдык идеологиясы тоталитардык формага өтүүдө. Путин глобалдык либерализмди сындап тим болбостон, СССР лидерлеринин айыптоосун кайталап жатат. Ал кезде "глобалдашуу" деген термин жок эле, Батыш жөн гана "империалисттик" делчү, демек, Путин коммунисттик идеология менен пропаганданын изине түштүбү? Анда СССР менен азыркы Россиянын, Сталин менен Путиндин айырмасын көрө албагандардын пикири туурабы?
Албетте, жок. Социалдык адилеттүүлүк жана коммунисттик идеалдарды жактаганы менен Путинди коммунисттердин катарына кошуу мүмкүн эмес. Ички саясатта да, тышкы саясатта да багыты башка. Совет доорунда Батыш тууралуу айтылгандын баары көп учурда чындык эле, анын үстүнө биздин коммунисттик жетекчилер дүйнөлүк тарыхты да, геосаясатты да жакшы билчү. Батыштын дарегине айтылган адилет айыптоолор аларга өлкө үчүн эле эмес, дүйнөлүк аренадагы күрөш үчүн да керек болчу.
АКШ президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мамайдын көрү. Батыш же капитуляцияны, же өзөктүк согушту тандашы керек
Ооба, СССР түптөлгөндөн тарта жаңы, башка дүйнө катары, баары адилеттүү курулган өлкө, ар бирине өз жолу менен жаркын келечекке бет алууну сунуштаган мамлекет катары Батышка альтернатива болуп келди. Бул жерде кеп өлкө ичиндеги реалдуулук тууралуу эмес, дүйнөлүк аренада сунуштаган идеялары тууралуу болууда. Негизинен аракет дурус болчу. Качан гана өзү ал идеяларга ишенбей калганда (баары эмес, албетте, элитанын бир бөлүгү. Ошол эле жетиштүү болду) жолу кыйшайды.
Коммунисттик идеялар менен социалисттик мамлекеттен биз өзүбүз баш тарттык, эми ага эмне себеп болгону маанилүү деле эмес. Маанилүүсү — биздин өлкөнүн күчтүү жана көз карандысыз эле эмес, дымактуу, глобалдуу лидерлик үчүн ат салыша алган, идеалдарга ишенген мамлекет катары калганында.
Албетте, СССР ар убак идеология менен прагматизмди, дүйнөлүк революцияга умтулуу менен чебер геосаясий оюнду кошо алып жүргөн. Бирок батыштан башка дүйнөдө биздин өлкө революциялык образ менен сакталып калган. Кытай менен Индия, Азия, Африка жана Латын Америкасы бизди күчтүүлөргө чакырык таштап, акыйкаттуу жашоого ээрчиткен мамлекет катары көрүп келген.
Эми батыш дүйнө тартибинин доору минтип соңуна чыгып келе жаткан кезде ХХ кылымдын тарыхындагы биздин роль, биздин ордубуз тууралуу калыптанган түшүнүк жемишин берип турат. Анткени биз Батышты расизм жана колониализмге айыптап келгенбиз, анын кээрин тарткан элдер сөзүбүз чын жүрөктөн чыгып келгенин абдан жакшы билет. Кызыгы, Батышка кирбеген мамлекеттер үчүн биз Батыштын бир бөлүгүбүз, анткен менен тарыхыбыздагы советтик мезгил батыш адамдарынан айырмаланарыбызды көрсөтүп келди. Бул айырмачылык идеологиядан да терең экенин Батыштан оолак мамлекеттер билген эмес, түшүнгөн да жок. Мындан улам СССР кыйрап, өлкө дүйнөдөгү ордун жоготкон соң Түштүк элдери орустар эми батыштагылардын бири деген пикирде болушту.
Бирок жаңырган кылымда Россия кайрадан Батышка чакырык таштады. Алгач бир уюлдуу дүйнөгө макул эместигин билдирди (Путиндин Мюнхендеги даңазалуу кеби), андан соң Батышка альтернативалуу көп тараптуу структураларды түзө баштады. Ооба, СССРдегидей алдуу-күчтүү эмеспиз, бирок батышка кирбеген өлкөлөр андан бери кыйла өнүктү. Ал жак бизди лидер катары эле билбестен, Владимир Путиндин эмне деп, кандай кадамдарды жасап жатканын көрүп турат.
Ооба, Путин да, Россия да жалпы жонунан англосактардын глобалдуу долбооруна альтернатива сунуштаган жок, бирок азырынча эмнеден баш тартып, эмнени кабыл албай турганыбыз маанилүү. Башкаларга да биз менен макул болууну сунуштап жатабыз. Ал-күчү кетип бараткан гегемондун ордун басуу үчүн эмес, болгону ар ким өз үйүн өзү салып, ал эми чогуу жашоонун жаңы эрежелерин биргелешип иштеп чыгуу үчүн сунуштап жатабыз. Бул, албетте, дүйнөлүк масштабдагы революция эмес, бирок өтө маанилүү сунуш, өзгөчө доору бүткөн гегемондун жаңы вавилон мунарасы баарыбызга кулап калуу кооптуулугу күч болуп турган маалда өтө керектүү нерсе.
Россия баарын өз тагдырын өзү чечкидей болуп, жоопкерчиликтүү, өз алдынчалуу мамлекет болууга чакырып жатат. Анткени:
"Чындап суверендүү мамлекеттер гана мыкты өнүгүүнү камсыздай алат, башкаларга элдин жашоо сапаты жана стандарты боюнча, салттуу баалуулуктарды жана бийик гумандуу идеалдарды, өнүгүү моделдерин коргоо жаатында үлгү болууга кудурети жетет. Суверенитет — бул улуттук өнүгүүнүн эркиндиги, демек, ар бир адамдын эркиндиги, башкача айтканда, мамлекеттин технологиялык, маданий, интеллектуалдык, агартуучулук мүмкүнчүлүгү. Анан, албетте, суверенитеттин негизин жоопкерчиликтүү, эмгекчил жана улуттук баалуулукту жогору койгон жарандык коом түзөт".
Путиндин бул сөзү Россияга эле эмес, дүйнө өлкөлөрүнүн баарына, өз элин, өз цивилизациясын сактап калууга дилгир мамлекеттердин баарына тиешелүү. Булар көпчүлүктү түзөт, арасында ошол эле "алтын миллиарддын" аз эмес бөлүгү да бар. Маселе элде эмес, өзгөчө жаралганына катуу ишенген элитада. Тилекке каршы, алар мындай өзгөчөлүк тескери иштээрин, жанына баткан көпчүлүк катардан чыгарып коёрун көп ойлоно бербейт эмеспи...
Уулу Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун отставкасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2022
Батышта Путинге атаандаш болчу киши калбай калды. Лидерлер майдаланууда
Жаңылыктар түрмөгү
0