Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Мамайдын көрү. Батыш же капитуляцияны, же өзөктүк согушту тандашы керек

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүАКШ президенти Жо Байден. Архив
АКШ президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2022
Жазылуу
Макаланын автору АКШ менен Европа Украина кризисине белчесинен батканын, эми үч гана жолу бар экенин жазган.
Швед ЖМКларынын маалыматы боюнча, Донецкинин жанында улуттук аскер-аба күчтөрүнүн катарынан жакында эле бошотулган 28 жаштагы лейтенант каза болгон. Ал согуш жүрүп жаткан аймакка эки ай мурун билими, тажрыйбасы менен бөлүшүүгө келгенин жазды россиялык журналист Ирина Алкснис. Макала РИА Новости агенттигине жарыяланган.
Мындай карасаң лейтенанттын өлүмү жергиликтүү маалымат. Ошентсе да бул кабар Батыш Украинанын тагдырын чечилип жаткан окуяга мындан ары кандай формада катышарын чече турган эки айрылышка келип калганын тастыктаган маанилүү маселелердин катарынан орун алды.
Азыр процесстер Батыш каалаган нукта жүрбөй, кырдаал күндөн күнгө оорлошуп бара жатат.
Россия экономикасы "тозоктуу" санкциялардын болуп көрбөгөндөй соккусуна туруштук берди. Ал эми Европа менен Американын абалы начар, мунусун жашыра да албай калышты. Эми күздүн мындан да катаал болушу күтүлүүдө.
Москваны обочолонтуу идеясы да ишке ашпай калды. Батыштан башка дүйнө глобалдуу үстөмдүктү ачык эле тоотпой турат. Байдендин Жакынкы Чыгышка сапары оңунан чыккан жок. Ал эми Путин жакшынакай эле Тегеранга барып келди. Индонезиядагы саммитке барган Лавров да "Ири жыйырмалыкта" Россияны обочолонтуу аракети ишке ашпай калганын көрсөттү.
Россиянын Коопсуздук кеңешинин жетекчисинин орун басары Дмитрий Медведев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Медведев: АКШнын Украинага берген курал-жарактарын алуу боюнча орган түзүш керек
Бирок эң башкысы — Украинадагы абал. Диванда жатып алып тоону томкоргон эксперттер ким утушта экенин талдай берип чарчады. Бирок расмий адамдар болуп жаткан окуянын маани-маңызын ачып берген билдирүүлөрдү байма-бай жасап жатышат. Зеленскийдин Башкы прокуратура менен Коопсуздук кеңешинин жетекчилерин "натыйжасыз иши" жана "мамлекетке көп ирет чыккынчылыгы үчүн" иштен алышы эле көп нерседен кабар берип турат. Ал эми Батыш үчүн Украина Москва менен каршылашууда эң башкы курал эле, жеңилүү тууралуу ойлонуу мүмкүн эмес болчу. Бирок окуя таптакыр алар каалабаган өңүттө бара жатат.
Батыш Украинада Россияга каршы Киевдин куралдуу топторун прокси-армия катары пайдаланып согушууда. Негизи бул абдан гениалдуу план болчу. Биринчиден, өзөктүк державалардын түз кагылышуу тобокелчилигин жокко чыгарды. Экинчиден, өзүң согушкандан көрө бирөөнү колдонуп согушкан кыйла арзан. Үчүнчүдөн, каршылашуунун мындай форматы Европа менен АКШны бир аз гана чыгым кылып, Россияны экономикалык, аскерий, социалдык жактан бир топ алсыратмак.
Бирок атайын операция жүргөн беш айдан бери Батыш Украина маселесинде улам сазга батып баратканы айдан ачык болуп калды.
Күндөн күнгө чыгымы көбөйүүдө. Оңой эле триллиондоп акча басып чыгара калгандар үчүн бөлүнгөн миллиарддар анча деле көп эмес болушу ыктамал деңизчи, бирок ички кризистен улам Европа жана Америка коомчулугунун каражат бөлүнүшүнө нааразычылыгы күндөн-күнгө күчөп бара жатат.
Батыш союздук күчтөрдүн ордуна тынбай курал-жарак жөнөтүүгө аргасыз. Барган сайын улам жаңысы, күчтүүсү, кымбаты бөлүнүүдө. Албетте, россиялык жана республикалык аскерлерге бир топ түйшүк жаратып жатышат, анткен менен согуштук аракеттердин жүрүшүн өзгөртө албайт. Анын үстүнө Россия мындай куралга туруштук берүүнү үйрөнүп жатат. Журналисттер жеткирилген курал-жарактын бир бөлүгү кадимкидей эле уурдалып, көмүскө сатылып жатканын далилдеген фактыларды ачыктаган соң Киевдин да ишенимден кетип калган кези.
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2022
Путин Украина кризисин чечүүгө кызыкдар болгон Азия өлкөлөрүнө ыраазычылык билдирди
Ал эми швед аскеринин өлүмү Киевдин тарабында согушуп жаткан чет өлкөлүктөрдүн арасында жоготуу көп экенин дагы бир ирет көрсөттү. Алардын арасында Украинага акча табуу үчүн же улутчулдук көз карашынан улам келген кадимки эле жалданма аскерлер бар экени талашсыз. Бирок "отставкадагы лейтенант" — бул башка нерсе, анын аскерий кеңешчи болушу толук ыктымал. Негизи бул кадыресе көрүнүш: НАТО өлкөлөрү жана мына-мына НАТОго кошулам деген мамлекеттер кадимкидей эле жардам берип, бирок согуш жүрүп жаткан жерден расмий түрдө оолак болгон методду илгертеден эле колдонуп келишет.
Натыйжада батыш мамлекеттери үчүн кырдаал өтө кооптуу болуп калды: акча, курал короп, кишилери өлүп жатат, ички абалы да начарлоонун үстүндө. Ал эми жыйынтык жок.
Батыш мындан ары кандай аракет көрүшү керек деген суроо туулат. Үч жолу бар: же артка чегиниши керек, болбосо Украинада Россия менен ачык аскерий тирешүүгө өтүшү зарыл, же азыркыдай аракетин уланта бериши керек.
Биринчи вариант Батыштын Москва алдындагы толук капитуляциясын түшүндүрөт, азыркы тушта муну элестетүү кыйын. Экинчи вариантта бүтүндөй планетаны өзөктүк согуштун чегине кептеп коёт. Ал эми үчүнчүсү майнапсыздыгын далилдеди, мындан ары деле Киевге көрсөтүлгөн жардам кымбатка түшүп, АКШ менен Европаны согуштун түпсүз туңгуюгуна түшүрө бермекчи.
Айтор, кайда барсаң Мамайдын көрү.
Окуя кандай нук алса да Батыш жок дегенде сөз жүзүндө "Россияны жеңүүгө" аракет кылат.
Тышкы иштер министри Сергей Лавров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров атайын операциянын географиясы кандай учурда кеңейерин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0