https://sputnik.kg/20220717/ayalyn-olturuugo-shektuu-kuyoosu-karmaldy-1066129409.html
16 жолу бычак сайган. Бишкекте аялын өлтүрүүгө аракет кылды деп күйөөсү кармалды
16 жолу бычак сайган. Бишкекте аялын өлтүрүүгө аракет кылды деп күйөөсү кармалды
Sputnik Кыргызстан
Текшерүү учурунда шектүү аялын 16 жолу бычак менен сайганын тастыктаган. 17.07.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-07-17T11:12+0600
2022-07-17T11:12+0600
2022-07-17T11:12+0600
кыргызстан
окуялар
кылмыш
бычактоо
күйөө
кармоо
кайгуул милициясы
https://sputnik.kg/img/07e6/07/11/1066129054_0:32:810:489_1920x0_80_0_0_5a46a990a77c1a5d36fe74930073b98b.jpg
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Бишкекте аялына бычак уруп өлтүрүүгө аракет кылды деген шек менен күйөөсү кармалды. Бул тууралуу калаанын Кайгуул милициясынын маалымат кызматы кабарлады.Билдирүүгө ылайык, кечээ, 16-июлда, Улуттук хирургия борборунан 38 жаштагы М. Г. аттуу аял бычак жеп ооруканага түштү деген маалымат милицияга түшкөн.Кайгуул кызматкерлери окуя болгон жерге барып, кылмышка шектүү катары 49 жаштагы Х. К. аттуу кишини кармаган. Ал жабырлануучу аялдын жолдошу экени, бирок бир жылдан бери чогуу жашабай калганы аныкталган.Кайгуулчулар кармалган кишини Свердлов райондук милициянын Тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн өткөрүп беришкен.
https://sputnik.kg/20220711/naryndagy-ok-atuu-boyuncha-ish-kozgolup-bir-neche-adam-kamakka-alyndy-1065998079.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/07/11/1066129054_0:0:810:609_1920x0_80_0_0_115b01de57b3ffcfef1e8a2ec390b0e8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, окуялар, кылмыш, бычактоо, күйөө, кармоо, кайгуул милициясы
кыргызстан, окуялар, кылмыш, бычактоо, күйөө, кармоо, кайгуул милициясы
16 жолу бычак сайган. Бишкекте аялын өлтүрүүгө аракет кылды деп күйөөсү кармалды
Текшерүү учурунда шектүү аялын 16 жолу бычак менен сайганын тастыктаган.
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Бишкекте аялына бычак уруп өлтүрүүгө аракет кылды деген шек менен күйөөсү кармалды. Бул тууралуу калаанын Кайгуул милициясынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, кечээ, 16-июлда, Улуттук хирургия борборунан 38 жаштагы М. Г. аттуу аял бычак жеп ооруканага түштү деген маалымат милицияга түшкөн.
Кайгуул кызматкерлери окуя болгон жерге барып, кылмышка шектүү катары 49 жаштагы Х. К. аттуу кишини кармаган. Ал жабырлануучу аялдын жолдошу экени, бирок бир жылдан бери чогуу жашабай калганы аныкталган.
"Текшерүү учурунда шектүү аялын 16 жолу бычак менен сайганын тастыктаган", — деп айтылат маалыматта.
Кайгуулчулар кармалган кишини Свердлов райондук милициянын Тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн өткөрүп беришкен.