Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жапаров: ЕАЭБ — биз байланышкан дүйнөдөгү дагы бир чоң уюм

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2022
Жазылуу
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуусу республиканын дүйнөлүк экономика менен тыгыз байланышта экенин тастыктай турганын айтты.
ЕАЭБ — биз байланышкан дүйнөдөгү дагы бир чоң уюм. Мындай пикирин Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жыйынында сүйлөп жатып билдирди.
Жапаров: ЕАЭБ — биз байланышкан дүйнөдөгү дагы бир чоң уюм
Анын айтымында, учурда дүйнөлүк экономикалык борбор чыгышты көздөй жылып баратат жана мында Кыргызстан ыңгайлуу позицияны ээлейт.
"Дүйнөнү жакшыртууда, адамзаттын жашоо-турмушун оңдоодо БУУнун 17 пунктудан турган Туруктуу өнүктүрүү программасынын мааниси чоң, кулачы кенен, биз да ушуга киргенбиз. 2026-жылга чейин өлкөнүн улуттук өнүктүрүү стратегиясын жазууда ушул максаттар толук эске алынган. Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетишүү мамлекеттик органдардын жана министрлер кабинетинин ишиндеги негизги көрсөткүчү болуп баратат. Учурда Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын 232 глобалдык индекаторунун 140ы боюнча улуттук аналогдору иштелип чыккан. Алар: жашыл экономика, жашыл мурас, климатты жакшыртуу, мөңгүлөрдү коргоо демилгелерибиз, Бул багыттагы иштер улантылат. Экинчиден, ЕАЭБ биз байланышкан дүйнөдөгү дагы бир чоң уюм. Бул уюмга мүчө болушубуздун өзү биздин өлкөнүн дүйнөлүк экономика менен тыгыз байланышта экенин тастыктайт. Глобалдык өзгөрүүлөрдүн жана дүйнөлүк экономикалык борбордун чыгышка жылуу шартында жаңы логистикалык коридорлорду өнүктүрүү жана толук кандуу транспорттук байланышты камсыз кылган транспорттук системаларды түзүү биринчи планга чыгууда. Кыргызстан азыр ыңгайлуу позицияда турат. Темир жол транспорту, авиация инфраструктурасын түзүү иштери күчөтүлөт", — деди Жапаров.
Өлкө башчы Кыргызстан БУУ тарабынан белгиленген Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын көрсөткүчтөрүн 50 пайызга жеткиргенин кошумчалады.
Эске салсак, 14-июлда Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жыйынына төрагалык кылды. Жыйынга район, облус башчыларынан тарта министр жана башка ведомство жетекчилери катышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0