00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Боевая работа САУ Гиацинт-С ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Донбасс күндөлүгү: Северск менен Славянск багытындагы союздук күчтөрдүн арышы

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүСеверсктеги Россиялык аскерлер. Архив
Северсктеги Россиялык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2022
Жазылуу
Украина Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү киевдик режимдин Батыштан алган курал жана АКШ ленд-лизинин майнаптуулугун көрсөтүү далалатына карабай Северск калаасын таштап, Славянскиге карай чегинүүдө.
Украиналык куралдуу түзүмдөр Северскиден четтеп, курчоодо калбоо үчүн анын жака-белине чыгып жатканын баяндайт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Бул сапар да автор Донбасстагы РФ жана анын союздук күчтөрүнүн кадамдарына баам салган.
Северскиден кол жууса, Украина Куралдуу күчтөрү үчүн Северский Донец дайрасынын оң жээгиндеги бир топ аймактын көзөмөлүнөн ажырайт. Ошондой эле бул Донбасстын аймагындагы акыркы – Славянск-Краматорск бекемделген районуна чабуул башталарын туюндурат.
Чыгыш жана Түштүк Славянскиде союздук күчтөр улам алдыга жылып, калктуу конуштарды бошотуп, ал эми Түндүк Славянскиде ар бир жүз метр үчүн айыгышкан салгылаш жүрүүдө. Украина тарап тынымсыз жоготууларга учурап, территорияны кармап туруу үчүн аскерге жаңы тартылган жарандарды отко салып жатышат.
Алардын булактардын маалыматтарына таянсак, Украина Куралдуу күчтөрү күн сайын 500 жоокеринен ажырап жатканын кабарлоодо, бирок катаал кармашта жоготуулардын эсебин алуу кыйын. Россиялык күчтөр Северскинин токойлоруна жакын жердеги украиналык бекемделген райондорго "Солнцепёктор" менен чабуул жасоодо.
Артемовск шаарынан түштүккө карай 20 чакырым аралыкта да айыгышкан кармаш бар. Мында таамай ракеталык сокку менен 12-июлда Украина Куралдуу күчтөрүнүн механизациялаштырылган бригадасынын 180 аскери жана 26 техника бирдиги жок кылынды. Андан мурунку күнү эле Часов Яр (Артемовскинин четиндеги) шаарында "Искандердин" соккусунан Украина Куралдуу күчтөрүнүн территориялык коргонуусунун 118-бригадасы 300гө чукул жоокеринен айрылды.
РФ Коргоо министрлигинин маалыматына таянсак, Украинанын айрым бирикмелеринде жеке курамдын 70 пайызына жакыны талкаланды. Киевдик режим жоготууларын аскерден качып же дайынсыз жоголгондорго кошуу менен үрөй учурган жоготууларын жашыра албай калды.
Ошентсе да президент Владимир Зеленский украиналык күчтөрдөн бардык багыттарда активдешүүнү, ал түгүл күч жана каражаты жок туруп контрчабуул жасоону талап кылууда. Ал үчүн Батышка 20-июлга дейре кезектеги спектаклди, колго илинерлик жыйынтыкты көрсөтүү маанилүү. Себеби ал күнү "Рамштайн" тобунун онлайн жолугушуусу өтөт. Анда бир катар өлкөлөрдүн коргоо министрлери Украинаны дагы курал менен жабдууну талкуулашмакчы.
Америкалык ATACMS ракеталары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык ATACMS ракетасы украиналык мамлекеттүүлүктү жок кылат. Аскерий сереп

Маңызсыз курмандыкка чалуу

Фронтто чет өлкөлүк ок өтпөс техника өтө сейрек кездешет. Украина Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы кыязы миңдеген чала куралданган резервчилер менен россиялык күчтөрдүн шайын оодарууга умтулуп, болуп көрбөгөндөй күзгү контрчабуул үчүн күч топтоого умтулуп жаткандай. Северскинин четиндеги украиналык тактика Атайын операциялар күчтөрүнүн диверсиялык-чалгындоо топторунун дасыккан аракеттерине жана алдыга тизилген резервчилерди курмандыкка чалууга таянат. Мындай тактика аскердик ийгиликти камсыздап, технологиялык артыкчылыкка ээ союздук күчтөрдүн чабуулунун мизин кайтарууну камсыздай албайт. Болгону убакытты создуктуруп, Украина Куралдуу күчтөрүнүн аскерлерин Донбасстан сүрүп чыгарат.
Украиналык аскерлер Северск – Артемовск – Соледар боюнча баш калкалоочу курулуштардын жаңы чийинин түзүүгө тырышып, бирок ага ресурсу жетишерлик эмес. Северск ыкчам курчоодо турат. Союздук күчтөр Светлодарск – Артемовск кан жолунун көзөмөлдөнгөн тилкесин 17 чакырымга узарта алды. Ошону менен бирге эле Украина Куралдуу күчтөрүнүн төрт танкы, он "Козак" ок өтпөс унаасы, 270 аскери жок кылынган.
Донбасста набыт болгон чет өлкөлүк жалданма аскерлердин саны кыйла өстү. Маселен июнь айында келген 3221 согушкердин бүгүнкү күндө 2741и гана калды. 390дон ашуун "легионер" жок болуп, 240ы Украинадан качып кетти. Жаңы келип кошулгандардын саны – 150. Бул жагынан Польшанын жоготуулары чоң, андан кийинки сапта – Грузия (50 жоокер), Улуу Британия (23), Румыния (21), Канада (15).
Эгер Варшава өз аскер кызматкерлерине кандайдыр өзгөчө макам берилишине умтула берсе, Польшанын жоготуулары кескин көбөйүп кетет. Эске салсак, Зеленский 11-июлда Жогорку Радага Украинадагы поляктарга атайын макам берүү жөнүндөгү мыйзамды жөнөттү.
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 11-июлдагы жыйынында РФтин аталган уюмдагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский Батыштын каршылык көрсөткөнүнө карабай Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо операциясы аягына чыгарыларын дагы бир жолу кайталады.
Бошотулган Харьков, Запорожье, Херсон облустарынын жашоочулары Россияга кайтууга ниетин билдирди. Балким, алардын артынан башка аймактар да ээрчиши ыктымал. Адамдар тандоо эркиндиги бар экенин сезүүсү үчүн РФ президенти Владимир Путин украиналыктарга Россия жарандыгын алууну жеңилдеткен жарлыкка кол койду.
Кантсе да россиялык атайын операциянын негизги максаты – касташкан, улутчул украиналык армияны жок кылуу. Андан соң эч ким эч качан экстремисттик коомдук уюмдарды, "улуттук батальон" жана "секторлорду", антироссиялык идеологияны кайра жандандыра албагыдай укуктук талаа түзүү вазыйпасы турат.
АКШ менен НАТОнун аскердик колдоосу кол куурчакка айланган киевдик режимди кайра-кайра "жандандыра" албайт. Ал тургай муну New York Times гезити да моюнга алып, үмүтсүз бейтапты "дарылоо" Батышка кымбатка түшүп жатканын белгилейт.
Украиналык прокси-согушка баш-оту менен киришип алган Вашингтон менен Брюссель Россия менен түз термоөзөктүк жаңжалга кабылып, кооптуу тобокелге барууда. Жакында эле калкы 8 миллиарддан ашкан көп уюлдуу дүйнөнүн реалдуулугуна кайтууга мезгил жетти. НАТО өлкөлөрү адамзаттын 11 гана пайызын түзөт. Эгер алар планетанын басымдуу бөлүгүнүн турмушун бүлгүнгө учурата бере турган болсо, катаал жазаланышы ыктымал.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Россиялык артиллеристтер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Украинадагы атайын операцияда таамай артиллериялык дүрмөттөрүн колдонууда
Жаңылыктар түрмөгү
0