Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Кийин кеч болот. Адис Кыргызстандын гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгүн түшүндүрдү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТалас облусундагы Киров суу сактагычы. Архив
Талас облусундагы Киров суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2022
Жазылуу
Окумуштуулардын эсебинде Жууку дарыясынын потенциалы 1 миллиард 300 миллион киловатт-саатты түзөт.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. 50-100 жылдан кийин Кыргызстандын гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгү кыскарып кетет, андыктан потенциалды азыр колдонуп калыш керек. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борбордун жетекчиси Рысбек Сатылканов Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда айтты.
Ал буга Жууку дарыясынын бассейнин мисал келтирди. Окумуштуулардын эсебинде, анын жалпы потенциалы 1 миллиард 300 миллион киловатт-саатты түзөт.
Сатылкановдун айтымында, маркум окумуштуу Валерий Кузьмиченок математикалык моделдөө ыкмасы менен дарыянын Ысык-Көл котловинасындагы мүмкүнчүлүгүн аныктап чыгып, ар кыл климаттык сценарийге өз божомолун жасаган.
© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель Тянь-Шанского высокогорного научного центра при Национальной академии наук КР Рысбек Сатылканов
Руководитель Тянь-Шанского высокогорного научного центра при Национальной академии наук КР Рысбек Сатылканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2022
"Окумуштуулардын эсеби менен алганда эгерде абанын температурасы эки градустан арбыныраак көтөрүлүп, жаан-чачын кадимки калыбында болсо, анда Жууку дарыясынын бассейниндеги гидроэнергетикалык потенциал 15 пайызга кыскарат. Эгерде температура нормадагы жаан-чачындын фонунда үч градуска көтөрүлсө, анда 24 пайызга азаят. Эң начар делген көрүнүш 54 пайызга кыскаруу болгондо катталат. Мында абанын температурасы беш градуска жогорулайт", — деп айтып берген окумуштуу.
Азыр Кыргызстанда майда, орто жана чоң дарыялардын гидроэнергетикалык потенциалын пайдаланып калууга убакыт бар, ал эми 50-100 жыл өткөндөн кийин ал кыскарат деп эскерткен Сатылканов.
"Бул факторду эске алсак, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаш үчүн биздин өлкө тез темп менен алдыга жылышы керек", — деп кошумчалаган ал.
Күндүн энергиясын чогултуучу панельдер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2022
Пресс-борбор
Үйдү Күндөн алынган энергия менен жылытууга канча акча салыш керек
Жаңылыктар түрмөгү
0